https://sputnik.kg/20261102/zelenskij-turkiyaga-kartyldy-1104653551.html
Зеленский Эрдогандан Путин менен Түркиядан жолуктурууну өтүндү
Зеленский Эрдогандан Путин менен Түркиядан жолуктурууну өтүндү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоганга кайрылып, Владимир Путин менен жолугушуу уюштурууга... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T09:49+0600
2026-11-02T09:49+0600
2026-11-02T09:49+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
россия
түркия
владимир зеленский
режеп тайип эрдоган
жолугушуу
https://sputnik.kg/img/07e6/08/12/1066921401_0:0:1000:563_1920x0_80_0_0_83a0da52e3a73f0833b2a2ace82d70cd.png
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоганга кайрылып, Владимир Путин менен жолугушуу уюштурууга көмөктөшүүсүн суранды. Бул тууралуу РИА Новости Зеленскийдин түрк ЖМКларына берген маегине шилтеме берип жазды. Анын айтымында, Эрдогандын Россия лидери менен байланышы болгондуктан Түркия эки тараптуу жолугушууга ыңгайлуу аянтча боло алат. Анкара бул өтүнүчтү кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү өз аянтчасында бардык деңгээлдерде өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты. Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Владимир Зеленский Путин менен жолуккусу келсе, Москвага келиши керектигин билдирген. Ал эми Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Зеленский ар кандай булактар аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип жатканын айткан. Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үч тараптуу форматта жандандырууга даяр экенин жарыялап, сүйлөшүүлөрдүн максаты Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулоо экенин баса белгилеген.
https://sputnik.kg/20261031/zelenskiy-putin-menen-zholugushuunu-kaalasa-moskvaga-kelishi-kerek-1104631454.html
украина
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/12/1066921401_0:0:1000:750_1920x0_80_0_0_e9fc1788897bfea72f7bfa0e73489608.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, түркия, владимир зеленский, режеп тайип эрдоган, жолугушуу
дүйнөдө, украина, россия, түркия, владимир зеленский, режеп тайип эрдоган, жолугушуу
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоганга кайрылып, Владимир Путин менен жолугушуу уюштурууга көмөктөшүүсүн суранды. Бул тууралуу
РИА Новости Зеленскийдин түрк ЖМКларына берген маегине шилтеме берип жазды.
Анын айтымында, Эрдогандын Россия лидери менен байланышы болгондуктан Түркия эки тараптуу жолугушууга ыңгайлуу аянтча боло алат.
"Президент Эрдогандын Путин менен байланышы бар экенин билем. Анкара Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчу боло аларына ишенем", — деди Зеленский.
Анкара бул өтүнүчтү кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү өз аянтчасында бардык деңгээлдерде өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты.
Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Владимир Зеленский Путин менен жолуккусу келсе, Москвага келиши керектигин билдирген. Ал эми Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Зеленский ар кандай булактар аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип жатканын айткан.
Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үч тараптуу форматта жандандырууга даяр экенин жарыялап, сүйлөшүүлөрдүн максаты Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулоо экенин баса белгилеген.