https://sputnik.kg/20261102/milicziyanyn-ajlygy-kotoruldu-1104658945.html
ИИМ өкүлү: азыр милиционерлер 1000-2000 сом пара үчүн айлыктан кол жуугусу келбейт
ИИМ өкүлү: азыр милиционерлер 1000-2000 сом пара үчүн айлыктан кол жуугусу келбейт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп, пара алууга муктаждык жоюлду. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T12:05+0600
2026-11-02T12:05+0600
2026-11-02T12:05+0600
кыргызстан
милиция
айлык
пара
реформа
коррупция
https://sputnik.kg/img/101575/54/1015755461_0:105:2000:1230_1920x0_80_0_0_3fea564922235d7ca5fcc833fe513103.jpg
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп, пара алууга муктаждык жоюлду. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, боди-камераларды колдонуу жана кызматкерлердин айлыгын көтөрүү коррупция менен күрөшүүдөгү негизги кадамдардын бири болду. Ошондой эле Исмаилов эгер милиция тараптан пара алуу же башка ушул сыяктуу мыйзам бузууларды байкагандарды дароо ишеним телефондору аркылуу маалымат берүүгө чакырды.
https://sputnik.kg/20261101/-kajguul-kuzot-polkunun-zhany-imaraty-achyldy-1104647957.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101575/54/1015755461_110:0:1890:1335_1920x0_80_0_0_f9ae1548af293bbec420a71f1ecbdc51.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, милиция, айлык, пара, реформа, коррупция
кыргызстан, милиция, айлык, пара, реформа, коррупция
ИИМ өкүлү: азыр милиционерлер 1000-2000 сом пара үчүн айлыктан кол жуугусу келбейт
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп, пара алууга муктаждык жоюлду. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, боди-камераларды колдонуу жана кызматкерлердин айлыгын көтөрүү коррупция менен күрөшүүдөгү негизги кадамдардын бири болду.
"Карга карганын көзүн чукубайт" деген сөз бүгүнкү күндө милицияга тиешелүү эмес. Кызматкерлерибиздин баары так, чынчыл. Бирок "бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей, саналуу бир-эки кызматкердин айынан жалпы милицияга көө жабылып жатат. Негизинен айтсак, айлыктар бир топ көтөрүлдү. Бир-эки миң сом пара ала коем деп, азыркы айлыгынан эч кимдин ажырагысы келбейт", — деди ал.
Ошондой эле Исмаилов эгер милиция тараптан пара алуу же башка ушул сыяктуу мыйзам бузууларды байкагандарды дароо ишеним телефондору аркылуу маалымат берүүгө чакырды.