Иран Улуу Британиянын деңиз жана аба күчтөрүн террордук уюм деп жарыялады

© AP Photo / Eugene Hoshiko
Жазылуу
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Улуу Британиянын Падышалык деңиз флотун жана аба күчтөрүн террордук уюмдар деп жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости чек элдик басылмага таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Тегеран Британиянын MI6 чалгын кызматын да душмандык уюм деп тааныган.
Өлкө бийлиги Лондонду АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушуна көмөктөшкөн деп айыптоодо. Анын айтымында, Британия өз аймагындагы аскердик базаларды жана башка объектилерди АКШ менен Израилдин аскерлеринин пайдалануусуна берген.
Мындан тышкары, Иран бул чечимди Британиянын Ислам революциясынын сакчылар корпусун коопсуздукка коркунуч келтирген уюмдардын тизмесине киргизгени менен байланыштырды.
Тышкы иштер министрлиги бул кадам өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин чечимине негизделгенин билдирип, Британия өз аракеттеринин кесепети үчүн жооп берерин эскертти.