https://sputnik.kg/20261028/aksh-grin-kard-viza-korkunuch-1104558006.html
Виза албай калышың мүмкүн. АКШнын грин-карта программасынын жанданышы тууралуу
Виза албай калышың мүмкүн. АКШнын грин-карта программасынын жанданышы тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. АКШнын грин-карта программасы кайра башталганы менен лотерея утуп алган адамдардын убакыттын аздыгынан жана кечигүүлөрдөн улам виза... 28.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-28T11:20+0600
2026-10-28T11:20+0600
2026-10-28T11:20+0600
дүйнөдө
акш
грин-карт
виза
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104554805_0:156:3000:1844_1920x0_80_0_0_840af8e96da9a6e98f1d945c651ef0dc.jpg
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. АКШнын грин-карта программасы кайра башталганы менен лотерея утуп алган адамдардын убакыттын аздыгынан жана кечигүүлөрдөн улам виза албай калуу коркунучу бар. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине адвокат Елизавета Крюкова билдирди. Буга чейин АКШ бийлиги аталган лотереяны өткөрүүнү убактылуу токтотуп койгон. Буга Род-Айлендде грин-карта менен келген португалиялык жарандын элге ок чыгарган окуясы себеп болгон. Өткөн аптада өлкөнүн Федералдык соту бийликти 55 миң орунга грин-карта ойнотууга милдеттендирген. Мамлекеттик департаментке лотереянын чоо-жайын 29-октябрга чейин түшүндүрүп, ал эми 1-ноябрда арыздарды каттоодон өткөрүүнү баштоону тапшырган. Diversity Visa программасы АКШга азыраак барган өлкөлөрдүн жарандарына жыл сайын 55 миңге чейин виза берет. Бирок уткан күндө да кошумча текшерүүлөрдөн өтүп, бардык талаптарга жооп берүү керек.
https://sputnik.kg/20260831/zhaparov-aksh-viza-1103319520.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104554805_167:0:2834:2000_1920x0_80_0_0_3dad338bee70e951394b2caace9a060d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, грин-карт, виза
дүйнөдө, акш, грин-карт, виза
Виза албай калышың мүмкүн. АКШнын грин-карта программасынын жанданышы тууралуу
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. АКШнын грин-карта программасы кайра башталганы менен лотерея утуп алган адамдардын убакыттын аздыгынан жана кечигүүлөрдөн улам виза албай калуу коркунучу бар. Бул тууралуу
РИА Новости агенттигине адвокат Елизавета Крюкова билдирди.
Буга чейин АКШ бийлиги аталган лотереяны өткөрүүнү убактылуу токтотуп койгон. Буга Род-Айлендде грин-карта менен келген португалиялык жарандын элге ок чыгарган окуясы себеп болгон.
Өткөн аптада өлкөнүн Федералдык соту бийликти 55 миң орунга грин-карта ойнотууга милдеттендирген. Мамлекеттик департаментке лотереянын чоо-жайын 29-октябрга чейин түшүндүрүп, ал эми 1-ноябрда арыздарды каттоодон өткөрүүнү баштоону тапшырган.
"Учурдагы эң негизги коркунуч — убакыттын жетишсиздиги жана документтерди тариздөө жол-жобосунун белгисиздиги. Адам бардык талаптарга толугу менен жооп берсе дагы кечигүүлөрдөн улам виза ала албай калышы толук ыктымал", — деди Крюкова.
Diversity Visa программасы АКШга азыраак барган өлкөлөрдүн жарандарына жыл сайын 55 миңге чейин виза берет. Бирок уткан күндө да кошумча текшерүүлөрдөн өтүп, бардык талаптарга жооп берүү керек.