https://sputnik.kg/20261018/shakira-bishkek-arena-kontsert-zhyiyntygy-1104370741.html
“Мен сени сүйөм, Кыргызстан!” Шакиранын концерти аншлаг менен аяктады
“Мен сени сүйөм, Кыргызстан!” Шакиранын концерти аншлаг менен аяктады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бүгүн, 18-октябрда “Бишкек арена” стадионунда дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти... 18.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-18T21:57+0600
2026-10-18T21:57+0600
2026-10-18T21:57+0600
кыргызстан
бишкек
шакира
концерт
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104368473_0:240:2560:1680_1920x0_80_0_0_8420657a5ac86528cace30d215abbf1a.jpg
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бүгүн, 18-октябрда “Бишкек арена” стадионунда дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти ийгиликтүү аяктады.Шоу-программа ырчынын дүйнөлүк Las Mujeres Ya No Lloran World Tour гастролунун алкагында уюштурулуп, болжол менен бир жарым саатка созулду. Билеттер толугу менен алдын ала сатылып бүтүп, арена күйөрмандарга толду. Бул маданий окуяга күбө болуу үчүн Бишкекке 33 өлкөдөн, анын ичинде Казакстан, Россия, Өзбекстан, АКШ, Франция, Улуу Британия жана башка мамлекеттерден коноктор келишти.Шакира сахнага чыкканда эле күйөрмандарына кыргыз тилинде: “Кутман кеч, Бишкек, кандайсыңар?” — деп кайрылып, элдин өзгөчө купулуна толду.Концертте ырчынын дүйнө жүзүндөгү миллиондогон күйөрмандарынын жүрөгүн багындырган хиттери жаңырды. Анда 2010-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын гимни болгон легендарлуу Waka Waka ыры жандуу үн менен аткарылып, Hips Don’t Lie, Whenever, Wherever сыяктуу белгилүү чыгармалары бүтүндөй стадионду бирге бийлетип, ырдатты. Ошондой эле 49 жаштагы поп-жылдыз өзүнүн өзгөчө пластикасы, атактуу чыгыш бийи жана акробатикалык кыймылдары менен көрүүчүлөрдү суктандырса, номерлердин биринде сахнадан алп карышкырдын образы пайда болуп, чогулгандардын бүйүрүн ого бетер кызытты.Ал эми концерттин соңунда көрүүчүлөрдүн кызуу колдоосуна толкунданып: "Рахмат, Кыргызстан! Сиздерге чоң рахмат! Мен сени сүйөм, Кыргызстан!” — деп коштошту.
https://sputnik.kg/20261018/shakira-bishkekke-kelip-kontsert-berdi-1104369691.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104368473_0:0:2560:1920_1920x0_80_0_0_0bbe1c28b485160dbf9e0e8ccc03bac5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, шакира, концерт
кыргызстан, бишкек, шакира, концерт
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бүгүн, 18-октябрда “Бишкек арена” стадионунда дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти ийгиликтүү аяктады.
Шоу-программа ырчынын дүйнөлүк Las Mujeres Ya No Lloran World Tour гастролунун алкагында уюштурулуп, болжол менен бир жарым саатка созулду. Билеттер толугу менен алдын ала сатылып бүтүп, арена күйөрмандарга толду. Бул маданий окуяга күбө болуу үчүн Бишкекке 33 өлкөдөн, анын ичинде Казакстан, Россия, Өзбекстан, АКШ, Франция, Улуу Британия жана башка мамлекеттерден коноктор келишти.
Шакира сахнага чыкканда эле күйөрмандарына кыргыз тилинде: “Кутман кеч, Бишкек, кандайсыңар?” — деп кайрылып, элдин өзгөчө купулуна толду.
Концертте ырчынын дүйнө жүзүндөгү миллиондогон күйөрмандарынын жүрөгүн багындырган хиттери жаңырды. Анда 2010-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын гимни болгон легендарлуу Waka Waka ыры жандуу үн менен аткарылып, Hips Don’t Lie, Whenever, Wherever сыяктуу белгилүү чыгармалары бүтүндөй стадионду бирге бийлетип, ырдатты. Ошондой эле 49 жаштагы поп-жылдыз өзүнүн өзгөчө пластикасы, атактуу чыгыш бийи жана акробатикалык кыймылдары менен көрүүчүлөрдү суктандырса, номерлердин биринде сахнадан алп карышкырдын образы пайда болуп, чогулгандардын бүйүрүн ого бетер кызытты.
Ал эми концерттин соңунда көрүүчүлөрдүн кызуу колдоосуна толкунданып: "Рахмат, Кыргызстан! Сиздерге чоң рахмат! Мен сени сүйөм, Кыргызстан!” — деп коштошту.