https://sputnik.kg/20261018/shakira-bishkekke-kelip-kontsert-berdi-1104369691.html
“Бишкек аренада” Шакиранын концерти башталды. Ырчы сахнадан кыргызча сүйлөдү
“Бишкек аренада” Шакиранын концерти башталды. Ырчы сахнадан кыргызча сүйлөдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы жаңы “Бишкек арена” стадионунда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour аттуу дүйнөлүк... 18.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-18T20:26+0600
2026-10-18T20:26+0600
2026-10-18T20:44+0600
кыргызстан
бишкек
шакира
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104368515_0:240:2560:1680_1920x0_80_0_0_21d6160a342bd492fd257610d44ac1f3.jpg
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы жаңы “Бишкек арена” стадионунда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour аттуу дүйнөлүк гастролунун алкагындагы концерти башталды.Ырчы сахнага чыкканда күйөрмандарына кыргыз тилинде кайрылып “Кутман кеч, Бишкек, кандайсыңар?” — деп учурашты.Бул дүйнөлүк жылдыздын Борбор Азиядагы алгачкы чоң концерти болуп саналат. Аталган маданий окуяга күбө болуу үчүн Бишкекке дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн коноктор келди. Чет элдик күйөрмандардын ичинен эң көп кызыгууну Казакстандын жарандары көрсөткөн, андан соң Россия жана Өзбекстандан келгендердин саны арбын. Мындан тышкары, концертти көрүү үчүн АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Түркия, БАЭ, Түштүк Корея, Кытай, Сауд Арабиясы жана башка мамлекеттерден меймандар чогулду.Көрүүчүлөр үчүн өзгөчө шоу-программа тартууланып, анда Hips Don’t Lie, Waka Waka, Whenever, Wherever сыяктуу легендарлуу хит ырлар жана башка чыгармалар аткарылууда.Шакира Бишкекке жекшембиге караган түнү Embraer Lineage 1000 үлгүсүндөгү жеке VIP-учагы менен учуп келген. "Манас" эл аралык аэропортунан аны президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков менен Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов тосуп алып, жылдыз аэропорттон Lexus LX600 унаасы менен чыгып кеткен.Президенттин иш башкармалыгынан белгилешкендей, мындай масштабдагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө, өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлде таанылышына жана туристтик жигердүүлүктүн өсүшүнө чоң өбөлгө түзөт.
https://sputnik.kg/20261015/deputattar-shakiranyn-kontsertine-baraby-1104309118.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104368515_0:0:2560:1920_1920x0_80_0_0_5878f7143b172626c7cfca416b5f1e7a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, шакира
кыргызстан, бишкек, шакира
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы жаңы “Бишкек арена” стадионунда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour аттуу дүйнөлүк гастролунун алкагындагы концерти башталды.
Ырчы сахнага чыкканда күйөрмандарына кыргыз тилинде кайрылып “Кутман кеч, Бишкек, кандайсыңар?” — деп учурашты.
Бул дүйнөлүк жылдыздын Борбор Азиядагы алгачкы чоң концерти болуп саналат. Аталган маданий окуяга күбө болуу үчүн Бишкекке дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн коноктор келди. Чет элдик күйөрмандардын ичинен эң көп кызыгууну Казакстандын жарандары көрсөткөн, андан соң Россия жана Өзбекстандан келгендердин саны арбын. Мындан тышкары, концертти көрүү үчүн АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Түркия, БАЭ, Түштүк Корея, Кытай, Сауд Арабиясы жана башка мамлекеттерден меймандар чогулду.
Көрүүчүлөр үчүн өзгөчө шоу-программа тартууланып, анда Hips Don’t Lie, Waka Waka, Whenever, Wherever сыяктуу легендарлуу хит ырлар жана башка чыгармалар аткарылууда.
Шакира Бишкекке жекшембиге караган түнү Embraer Lineage 1000 үлгүсүндөгү жеке VIP-учагы менен учуп келген. "Манас" эл аралык аэропортунан аны президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков менен Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов тосуп алып, жылдыз аэропорттон Lexus LX600 унаасы менен чыгып кеткен.
Президенттин иш башкармалыгынан белгилешкендей, мындай масштабдагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө, өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлде таанылышына жана туристтик жигердүүлүктүн өсүшүнө чоң өбөлгө түзөт.