Баткенде кыргыз-тажик чек арасына 327 чакырымдан ашык тосмо орнотулду
Баткенде кыргыз-тажик чек арасына 327 чакырымдан ашык тосмо орнотулду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Баткен жана Лейлек райондорунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады. Бул тууралуу Чек... 16.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Баткен жана Лейлек райондорунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Ага ылайык, 2025–2026-жылдары бул аймактарда 327,7 чакырымдан ашык чек ара тосмосу орнотулуп, 338,5 чакырым талаа жолу салынды. Иштер түздүктөрдө гана эмес, тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда да жүргүзүлгөн. Аталган иштерге катышкан жоокерлер жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери президенттин атынан сыйланышкан. Чек ара кызматын чыңдоонун алкагында акыркы жылдары аскердик жана атайын техникалар, байланыш жана байкоо каражаттары жаңыртылып, заманбап чек ара бекеттери курулуп жатканы да белгиленди.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Баткен жана Лейлек райондорунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Иштер түздүктөрдө гана эмес, тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда да жүргүзүлгөн
Ага ылайык, 2025–2026-жылдары бул аймактарда 327,7 чакырымдан ашык чек ара тосмосу орнотулуп, 338,5 чакырым талаа жолу салынды.
"2025-жылы эки райондо 149,6 чакырымга жакын чек ара тосмосу орнотулган. Ал эми 2026-жылдын 2-мартынан 16-сентябрына чейин дагы 178,1 чакырым тосмо курулган. Ошондой эле былтыр 171,2 чакырым, быйыл 167,4 чакырым талаа жолу салынган. Бул — чек ара тилкелерине баруучу жолдор", — деп айтылат маалыматта.
Иштер түздүктөрдө гана эмес, тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда да жүргүзүлгөн. Аталган иштерге катышкан жоокерлер жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери президенттин атынан сыйланышкан.
Чек ара кызматын чыңдоонун алкагында акыркы жылдары аскердик жана атайын техникалар, байланыш жана байкоо каражаттары жаңыртылып, заманбап чек ара бекеттери курулуп жатканы да белгиленди.