00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бизнес без границ: о промышленной выставке KYRGYZSTAN EXPO 2026
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан менен Россия ветеринардык багытта кызматташууну күчөтөт: меморандумга кол коюлду
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров жаңы үй ээлерине: чатырда пиво ичип, селфи кылганды токтоткула

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Мурас" турак жай комплексинен 1 104 үй-бүлөгө ачкыч тапшырылды
Мурас турак жай комплексинен 1 104 үй-бүлөгө ачкыч тапшырылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган тургундарды тазалыкты жана тартипти сактоого чакырып, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган бир нече маселеге токтолду.
Өлкө башчы биринчи кезекте таштанды таштоо адатын токтотуу керектигин айтты.
"24 кабаттуу үйлөрдүн чатырына чыгып селфи кылганды токтотсоңуздар. Үйдүн үстүнө чогулуп алып пиво ичип, тамеки тартып, таштанды таштап кеткен туура эмес. Кийин жамгыр жааганда ал таштанды суу кетчү түтүктөргө тыгылып калат. Мындай окуя жазында Караколдо болду. Түтүккө бөтөлкө, чүпүрөк, салфеткалар толуп, үстүңкү кабаттан суу агып кеткенде, айрымдар дароо эле "МИКтин салган үйлөрүнүн төбөсүнөн суу акты" деп чыга калышты. Мындай көрүнүштөрдөн алыс болсоңуздар", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдөгү канализация жана санитардык түйүндөрдү туура колдонууну өтүндү.
"Эң негизгиси — канализацияны, унитазды туура колдонуу маселеси. Жаңы көчүп келгендердин көбү жер үйдөн келгендиктен, көп кабаттуу үйдүн унитазына кагаздарды, жаш балдардын памперстерине колдонулган чүпүрөктөрдү таштап, түтүктөрдү толтуруп салган учурлар болууда. Аны тазалаган сантехниктер келип "күнү-түнү иштеп кыйналып жатабыз, айлыгыбызды көтөрүп бергиле, болбосо иштебейбиз" деп нааразычылыгын айтышууда", — деди мамлекет башчысы.
Мындан тышкары, Жапаров лифтини да аяр пайдаланууну жана балдарды көзөмөлгө алууну талап кылды.
"Эң башкысы, лифтилерде балдар ойнобосун! Ар бир ата-эне өз балдарын тартипке чакырсын. Биринчи кабаттан 24-кабатка, кайра ылдый тынбай, күнү-түнү ойноп жаткан учурлар көп болууда. Лифт деле түбөлүктүү эмес, ал дагы эскирет, бир күнү бузулат. Аны кайра оңдоого өз чөнтөгүңүздөрдөн эле каражат кетет. Домкомдор менен Мамлекеттик ипотекалык компания түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы менен жыйынтык чыкпай жатат. Ошондуктан сиздерден ушул эрежелерди так сактоону өтүнөм", — деди Жапаров.
Эске салсак, бүгүн президент Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан "Мурас" турак жай комплексинен 1 104 үй-бүлөгө батирлердин ачкычын тапшырды.
МИКтин үйлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2026
Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдарга ипотека берүүнү тездетүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0