Кара-Кулжада жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды. Сүрөттөр
Кара-Кулжада жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды. Сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкенин ӨКМ билдирди. 11.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкенин ӨКМ билдирди. Маалыматта Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери тарабынан жеринде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, массасынын көлөмү 42 800 куб метрди түзөрү аныкталганы айтылат. Учурда Ылай-Талаа — Гүлчө унаа жолунун 22–23-чакырымдарында убактылуу айланып өтүүчү жол салынууда. Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө экени айтылды.
Көчкүнүн багытында эки турак үй, Ылай-Талаа — Гүлчө унаа жолу, электр көмөк чордон жана электр берүүчү мамылар жайгашкан
Маалыматта Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери тарабынан жеринде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, массасынын көлөмү 42 800 куб метрди түзөрү аныкталганы айтылат.
"Жер көчкүнүн жылуу ылдамдыгы саатына болжол менен 1,1 метрди түзгөн. Бул багытта эки турак үй, Ылай-Талаа — Гүлчө унаа жолу, электр көмөк чордон жана электр берүүчү мамылар жайгашкан. Коопсуздукту камсыздоо максатында Доңуз-Ой тилкесинде жашаган эки үй-бүлө (жалпы 11 адам) кооптуу аймактан эвакуацияланып, Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө жайгаштырылды", — деп айтылат кабарда.
Учурда Ылай-Талаа — Гүлчө унаа жолунун 22–23-чакырымдарында убактылуу айланып өтүүчү жол салынууда. Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө экени айтылды.