https://sputnik.kg/20261010/jasalma-intellekt-kiberkyrsyk-reaktsiya-eseptoo-1104208633.html
ЖИни жараткандар киберкырсыктын кесепеттерин эсептөөдө
ЖИни жараткандар киберкырсыктын кесепеттерин эсептөөдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жасалма интеллект (ЖИ) тармагындагы эң ири америкалык компаниялардын жетекчилери жабык машыгууларды өткөрүп жатышат. Анда масштабдуу... 10.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-10T13:50+0600
2026-10-10T13:50+0600
2026-10-10T13:51+0600
дүйнөдө
жасалма интеллект
кооптуулук
кибер чабуул
кибер коопсуздук
https://sputnik.kg/img/103506/69/1035066941_0:157:3083:1891_1920x0_80_0_0_18e03b895d0d54f83ce4e90b424f807e.jpg
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жасалма интеллект (ЖИ) тармагындагы эң ири америкалык компаниялардын жетекчилери жабык машыгууларды өткөрүп жатышат. Анда масштабдуу киберчабуулдардын кесепеттери жана коомчулуктун мындай кырдаалдарга карата реакциясы каралууда. Бул тууралуу Axios басылмасы жазып чыкты.Анын маалыматына караганда, мүмкүн болуучу коркунучтарга камтама болгондордун катарында OpenAI жетекчиси Сэм Альтман менен Anthropic компаниясынын башчысы Дарио Амодеи бар. Тармактык адистердин айтымында, ири киберчабуул банк тутумунун, интернеттин жана электр тармактарынын ишин бузушу ыктымал. Ошондой эле тармак өкүлдөрү мындай кризис жаралса, коомчулукта ЖИни иштеп чыгуучуларга жана АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына карата нааразылык жаралат деп чочулашууда. Сынчылардын пикиринде, бул тармакты мамлекеттик жөнгө салуу бүгүнкү күндө жетишсиз болуп жатат.OpenAI компаниясы ар кандай чукул кырдаалдарга даярдануу боюнча машыгуулар өткөрүлүп жатканын ырастады. Компаниянын өкүлү каралып жаткан сценарийлер сөзсүз түрдө эле болуп кетет дегенди билдирбей турганын, болгону мүмкүн болуучу тобокелдиктерге баа берүү жана ага карата аракеттерди тактоо үчүн керек экенин белгиледи.Axios басылмасы белгилегендей, эгер олуттуу окуя орун алса, АКШ Конгрессиндеги демократтар алдыңкы технологияларга чектөө киргизүүнү, атүгүл өтө акылдуу ЖИ системдерине (суперинтеллект) тыюу салууну талап кылышы мүмкүн. Маалыматтарга караганда, өтө күчтүү ЖИ тутумдарын авариялык абалда чукул өчүрүү механизмин түзүү идеясын эки партиянын тең өкүлдөрү жана бир катар ишкерлер колдоого алууда.Ошол эле маалда эксперттер мындай тыюу салуулар натыйжа берерине күмөн санашууда. Буга ачык ЖИ моделдеринин кеңири жайылышы жана дүйнөлүк экономиканын аталган технологиялардан көз карандылыгынын өсүшү себеп катары көрсөтүлүүдө.Мындан тышкары, жакында Түштүк Кореянын банктарына жасалган киберчабуул да чочулоону күчөттү. CrowdStrike компаниясынын маалыматы боюнча, кытайлык хакер жергиликтүү жасалма интеллект моделдерин, анын ичинде DeepSeek колдонуп, ондогон миң кардардын маалыматын уурдаган. Кийинчерээк ал Claude Code сервисине кайрылып, уурдалган маалыматтарды сатууга аянтча таап берүүнү суранган.Anthropic компаниясы бул жагдай боюнча комментарий берүүдөн баш тартканын Axios билдирди.Мындай кооптонуулардын фонунда тармактын өнүгүшүндөгү экономикалык тобокелдиктер боюнча да кызуу талкуу жүрүүдө. Октябрдын башында Bridgewater Associates инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү Рэй Далио жасалма интеллект рыногун классикалык финансылык "көбүккө" салыштырып, бул тармакты каржылоо үчүн ири карыздарды топтоо өтө кооптуу экенин эскерткен.
https://sputnik.kg/20260927/openai-zhi-modelderdi-okutuunu-toktottu-1103935530.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103506/69/1035066941_177:0:2908:2048_1920x0_80_0_0_d1cee924a242bf27e3fffce1387193c2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жасалма интеллект, кооптуулук, кибер чабуул, кибер коопсуздук
дүйнөдө, жасалма интеллект, кооптуулук, кибер чабуул, кибер коопсуздук
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жасалма интеллект (ЖИ) тармагындагы эң ири америкалык компаниялардын жетекчилери жабык машыгууларды өткөрүп жатышат. Анда масштабдуу киберчабуулдардын кесепеттери жана коомчулуктун мындай кырдаалдарга карата реакциясы каралууда. Бул тууралуу Axios басылмасы жазып чыкты.
Анын маалыматына караганда, мүмкүн болуучу коркунучтарга камтама болгондордун катарында OpenAI жетекчиси Сэм Альтман менен Anthropic компаниясынын башчысы Дарио Амодеи бар. Тармактык адистердин айтымында, ири киберчабуул банк тутумунун, интернеттин жана электр тармактарынын ишин бузушу ыктымал. Ошондой эле тармак өкүлдөрү мындай кризис жаралса, коомчулукта ЖИни иштеп чыгуучуларга жана АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына карата нааразылык жаралат деп чочулашууда. Сынчылардын пикиринде, бул тармакты мамлекеттик жөнгө салуу бүгүнкү күндө жетишсиз болуп жатат.
OpenAI компаниясы ар кандай чукул кырдаалдарга даярдануу боюнча машыгуулар өткөрүлүп жатканын ырастады. Компаниянын өкүлү каралып жаткан сценарийлер сөзсүз түрдө эле болуп кетет дегенди билдирбей турганын, болгону мүмкүн болуучу тобокелдиктерге баа берүү жана ага карата аракеттерди тактоо үчүн керек экенин белгиледи.
Axios басылмасы белгилегендей, эгер олуттуу окуя орун алса, АКШ Конгрессиндеги демократтар алдыңкы технологияларга чектөө киргизүүнү, атүгүл өтө акылдуу ЖИ системдерине (суперинтеллект) тыюу салууну талап кылышы мүмкүн. Маалыматтарга караганда, өтө күчтүү ЖИ тутумдарын авариялык абалда чукул өчүрүү механизмин түзүү идеясын эки партиянын тең өкүлдөрү жана бир катар ишкерлер колдоого алууда.
Ошол эле маалда эксперттер мындай тыюу салуулар натыйжа берерине күмөн санашууда. Буга ачык ЖИ моделдеринин кеңири жайылышы жана дүйнөлүк экономиканын аталган технологиялардан көз карандылыгынын өсүшү себеп катары көрсөтүлүүдө.
Мындан тышкары, жакында Түштүк Кореянын банктарына жасалган киберчабуул да чочулоону күчөттү. CrowdStrike компаниясынын маалыматы боюнча, кытайлык хакер жергиликтүү жасалма интеллект моделдерин, анын ичинде DeepSeek колдонуп, ондогон миң кардардын маалыматын уурдаган. Кийинчерээк ал Claude Code сервисине кайрылып, уурдалган маалыматтарды сатууга аянтча таап берүүнү суранган.
Anthropic компаниясы бул жагдай боюнча комментарий берүүдөн баш тартканын Axios билдирди.
Мындай кооптонуулардын фонунда тармактын өнүгүшүндөгү экономикалык тобокелдиктер боюнча да кызуу талкуу жүрүүдө. Октябрдын башында Bridgewater Associates инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү Рэй Далио жасалма интеллект рыногун классикалык финансылык "көбүккө" салыштырып, бул тармакты каржылоо үчүн ири карыздарды топтоо өтө кооптуу экенин эскерткен.