https://sputnik.kg/20261009/shariyatka-ylayyk-kamsyzdandyruu-sunushtaldy-1104184976.html
Автоунааларды ислам принциптерине ылайык камсыздандыруу сунушталууда
Автоунааларды ислам принциптерине ылайык камсыздандыруу сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа ээлерине милдеттүү камсыздандырууну ислам принциптерине негизделген такафул аркылуу өтөөгө жол ачуу... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T12:10+0600
2026-10-09T12:10+0600
2026-10-09T12:10+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
камсыздандыруу
унаа
кырсык
машина
документ
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092503648_0:88:3330:1961_1920x0_80_0_0_abf7b2ff7c938d1bb36919a9afba9c46.jpg
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа ээлерине милдеттүү камсыздандырууну ислам принциптерине негизделген такафул аркылуу өтөөгө жол ачуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Документ кабыл алынса, айдоочулар жол кырсыгында үчүнчү тарапка келтирилген зыяндын ордун толтурууну кадимки камсыздандыруу (ОСАГО) менен катар такафул аркылуу да камсыздай алышат. Мында такафул келишими мыйзам талаптарына ылайык таанылышы шарт.Сунушка ылайык, автоунааны өзүнө каттаткан жаран беш күндүн ичинде милдеттүү камсыздандыруу полисин же такафул боюнча тиешелүү документти алууга тийиш.Такафул — ислам эрежелерине негизделген өз ара жардамдашуу тутуму. Анын катышуучулары атайын фондго каражат топтоп, кырсык же башка камсыздандыруу жагдайы жаралган учурда келтирилген чыгымдын ордун толтурууга көмөктөшүшөт. Бул кадимки камсыздандыруунун эле аналогу, бирок шарият эрежелерине ылайык иштейт.
https://sputnik.kg/20250730/nurdin-sambayev-taksi-litsenziya-kamsyzdandyruu-1095611086.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092503648_300:0:3031:2048_1920x0_80_0_0_06449a648ed72ca320a33937e590c1fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, камсыздандыруу, унаа, кырсык, машина, документ, мыйзам долбоору
кыргызстан, жогорку кеңеш, камсыздандыруу, унаа, кырсык, машина, документ, мыйзам долбоору
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа ээлерине милдеттүү камсыздандырууну ислам принциптерине негизделген такафул аркылуу өтөөгө жол ачуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документ кабыл алынса, айдоочулар жол кырсыгында үчүнчү тарапка келтирилген зыяндын ордун толтурууну кадимки камсыздандыруу (ОСАГО) менен катар такафул аркылуу да камсыздай алышат. Мында такафул келишими мыйзам талаптарына ылайык таанылышы шарт.
Сунушка ылайык, автоунааны өзүнө каттаткан жаран беш күндүн ичинде милдеттүү камсыздандыруу полисин же такафул боюнча тиешелүү документти алууга тийиш.
Такафул — ислам эрежелерине негизделген өз ара жардамдашуу тутуму. Анын катышуучулары атайын фондго каражат топтоп, кырсык же башка камсыздандыруу жагдайы жаралган учурда келтирилген чыгымдын ордун толтурууга көмөктөшүшөт. Бул кадимки камсыздандыруунун эле аналогу, бирок шарият эрежелерине ылайык иштейт.