https://sputnik.kg/20260924/erulan-kokulov-bishkek-meriyasyndagylardy-syndady-1103874134.html
"Жарымыңардан көбүңөр блогер болуп кеттиңер". Көкүлов Бишкек мэриясын сындады
"Жарымыңардан көбүңөр блогер болуп кеттиңер". Көкүлов Бишкек мэриясын сындады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Баш калаадагы жолдордун сапатына нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Бишкек мэриясындагыларды блогер болуп... 24.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-24T13:41+0600
2026-09-24T13:41+0600
2026-09-24T13:46+0600
кыргызстан
бишкек
эрулан көкүлов
айбек жунушалиев
мэрия
жол
сапат
сындоо
блогер
https://sputnik.kg/img/07ea/03/12/1100289090_0:47:1267:760_1920x0_80_0_0_c167bf3f70d8426767b519d39f769866.jpg
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Баш калаадагы жолдордун сапатына нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Бишкек мэриясындагыларды блогер болуп кеттиңер деп сындады. Ал парламентте шаар башчысы Айбек Жунушалиевге кайрылып, муниципалитеттин ишинин сапатына ичи чыкпагандыгын айтты. Эл өкүлү жолду оңдоо боюнча түзүлгөн долбоорду мэрия баштап, анан подрядчыга өткөрүп берерин, бирок аягында мэриянын атайын департаменти сапатты көзөмөлдөшү керектигин эске салды. Оңдоо иштеринде жолдун жабык турганы элди жүдөтүп жаткандыгын кошумчалады. "Мыйзамдар силер мэр болуп келгичекти, силер министр болуп келгичекти эле жазылган. Силер ошого баш ийишиңер керек. Андай болбой, мыйзамдарды карабаганыңардан ушундай көйөгөйлөр чыга баштады", — деди Көкүлов. Буга чейин ЖКнын дагы бир депутаты Болот Ибрагимов Бишкектин жаңы салынган жолдорунун сапаты тууралуу көйгөйдү көтөрүп, видео менен көрсөткөн. Эске салсак, бул күндөрү баш калаанын айрым көчөлөрүндө жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.
https://sputnik.kg/20260916/deputattar-kancha-saat-tygynda-kaldy-1103710684.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/12/1100289090_37:0:1230:895_1920x0_80_0_0_b8cc065454a1e86224ed5a62406f1029.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, эрулан көкүлов, айбек жунушалиев, мэрия, жол, сапат, сындоо, блогер
кыргызстан, бишкек, эрулан көкүлов, айбек жунушалиев, мэрия, жол, сапат, сындоо, блогер
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Баш калаадагы жолдордун сапатына нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Бишкек мэриясындагыларды блогер болуп кеттиңер деп сындады.
Ал парламентте шаар башчысы Айбек Жунушалиевге кайрылып, муниципалитеттин ишинин сапатына ичи чыкпагандыгын айтты.
Эл өкүлү жолду оңдоо боюнча түзүлгөн долбоорду мэрия баштап, анан подрядчыга өткөрүп берерин, бирок аягында мэриянын атайын департаменти сапатты көзөмөлдөшү керектигин эске салды.
"Жарымыңардан көбүңөр блогер болуп кеттиңер. Болгула, каршы эмесмин, бирок ишиңерди көрсөткүлө да. Анан калп айтпагыла, туура эмес маалыматтарды элге таратпагыла да..." — деди депутат.
Оңдоо иштеринде жолдун жабык турганы элди жүдөтүп жаткандыгын кошумчалады.
"Мыйзамдар силер мэр болуп келгичекти, силер министр болуп келгичекти эле жазылган. Силер ошого баш ийишиңер керек. Андай болбой, мыйзамдарды карабаганыңардан ушундай көйөгөйлөр чыга баштады", — деди Көкүлов.
Буга чейин ЖКнын дагы бир депутаты Болот Ибрагимов Бишкектин жаңы салынган жолдорунун сапаты тууралуу көйгөйдү көтөрүп, видео менен көрсөткөн.
Эске салсак, бул күндөрү баш калаанын айрым көчөлөрүндө жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.