https://sputnik.kg/20260923/si-tszinpin-aksh-sapary-11-jyl-tramp-1103845176.html
Си Цзиньпин 11 жылдан кийин АКШга барат
Си Цзиньпин 11 жылдан кийин АКШга барат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кытай лидери Си Цзиньпин шаршемби күнү АКШга акыркы 11 жылдан берки биринчи мамлекеттик сапары менен жөнөп жатат. Бул тууралуу РИА... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T10:14+0600
2026-09-23T10:14+0600
2026-09-23T10:14+0600
дүйнөдө
акш
кытай
си цзиньпин
дональд трамп
буу
мамлекеттик сапар
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089724142_0:133:3168:1915_1920x0_80_0_0_be0e287b14d67d2db4f17e5d5bdbc445.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кытай лидери Си Цзиньпин шаршемби күнү АКШга акыркы 11 жылдан берки биринчи мамлекеттик сапары менен жөнөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Сапар эки өлкөнүн ортосундагы соода талаштары менен геосаясий келишпестиктер күчөп турган маалга туш келди. Ошол эле учурда расмий Пекин лидерлердин жарым жыл ичинде бири-бирине барып жатышын "тарыхый бурулуш" деп баалады. Си Цзиньпиндин АКШдагы мамлекеттик сапары Пекин убактысы боюнча 23-сентябрдан 25-сентябрга чейин уланат. АКШ президенти Дональд Трамп кытай лидерин аэродромдон өзү тосуп алары күтүлүүдө. Бул анын тарабынан сейрек жасалчу өзгөчө сый-урмат болуп саналат. Си Цзиньпин АКШга алгач ирет 2015-жылы барып, Сиэтл, Вашингтон шаарларын жана БУУнун 70 жылдыгына карата Нью-Йоркту кыдырган. Андан кийин ал Штаттарга 2016-жылы өзөктүк коопсуздук боюнча саммитке барса, 2017-жылы Трамп менен Флоридадагы резиденциясында жолуккан. Ал эми 2023-жылы АТЭС саммитине катышуу үчүн Сан-Франциско шаарына барган. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякунь билдиргендей, Си Цзиньпин Трамп менен эки өлкөнүн ортосундагы орчундуу маселелерди, ошондой эле дүйнөдөгү тынчтык менен өнүктүрүүнү талкуулайт. Анын айтымында, Пекин менен Вашингтон тең укуктуулук, сый-урмат жана өз ара пайда көрүү принциптерине таянып, алдыдагы жогорку деңгээлдеги байланыштарды даярдашы керек. Ошондой эле байланышты бекемдеп, кызматташтыкты өнүктүрүп, пикир келишпестиктерди көзөмөлдөп, бири-биринин башкы кызыкчылыктарын сыйлоосу зарыл. Цинхуа университетинин Эл аралык коопсуздук жана стратегия борборунун директору Да Вэй Пекиндеги Сяншань форумунда сүйлөп жатып, Кытай менен АКШ саммитинен өтө чоң жыйынтык болбой турганын айтты. Анын пикиринде, негизги себеп — Трамптын администрациясы жемиштүү саммит өткөрүүгө жетиштүү деңгээлде даяр эмес. Кытай тарап кыйла жакшы даярданган, бирок "танго бийлөө үчүн эки киши керек" дейт эксперт. Анын айтымында, сапардын жыйынтыгында тараптар бажы төлөмдөрү, сейрек металлдар боюнча билдирүү жасашы, ошондой эле жасалма интеллект жана чет элдик инвестицияларды сүйлөшүшү ыктымал. Кытай сапардын программасы менен сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктаган жок. Бирок Reuters агенттиги өз булактарына таянып, Си Цзиньпин жолугушууда Трамптан Тайванга курал сатууну токтотууну талап кыларын кабарлаган. Маалыматка караганда, кытай тарап буга жооп иретинде Ирандын айланасындагы чатакты чечүүгө көмөктөшүүнү сунушташы мүмкүн. Бул сапар эки өлкө лидеринин быйылкы жолугушууларынын акыркысы эмес. Тараптар ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган АТЭС саммитинде жана декабрда Майамиде өтчү G20 саммитинде кайрадан жүз көрүшөрү күтүлүүдө.
https://sputnik.kg/20260901/si-tszinpin-kuchtuusu-ustomduk-kylgan-sayasatty-syndady-1103371600.html
акш
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089724142_219:0:2948:2047_1920x0_80_0_0_d52289c6c8a4e899b76dfe520fa70603.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, кытай, си цзиньпин, дональд трамп, буу, мамлекеттик сапар
дүйнөдө, акш, кытай, си цзиньпин, дональд трамп, буу, мамлекеттик сапар
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кытай лидери Си Цзиньпин шаршемби күнү АКШга акыркы 11 жылдан берки биринчи мамлекеттик сапары менен жөнөп жатат. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Сапар эки өлкөнүн ортосундагы соода талаштары менен геосаясий келишпестиктер күчөп турган маалга туш келди. Ошол эле учурда расмий Пекин лидерлердин жарым жыл ичинде бири-бирине барып жатышын "тарыхый бурулуш" деп баалады.
Си Цзиньпиндин АКШдагы мамлекеттик сапары Пекин убактысы боюнча 23-сентябрдан 25-сентябрга чейин уланат. АКШ президенти Дональд Трамп кытай лидерин аэродромдон өзү тосуп алары күтүлүүдө. Бул анын тарабынан сейрек жасалчу өзгөчө сый-урмат болуп саналат.
Си Цзиньпин АКШга алгач ирет 2015-жылы барып, Сиэтл, Вашингтон шаарларын жана БУУнун 70 жылдыгына карата Нью-Йоркту кыдырган. Андан кийин ал Штаттарга 2016-жылы өзөктүк коопсуздук боюнча саммитке барса, 2017-жылы Трамп менен Флоридадагы резиденциясында жолуккан. Ал эми 2023-жылы АТЭС саммитине катышуу үчүн Сан-Франциско шаарына барган.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякунь билдиргендей, Си Цзиньпин Трамп менен эки өлкөнүн ортосундагы орчундуу маселелерди, ошондой эле дүйнөдөгү тынчтык менен өнүктүрүүнү талкуулайт.
"Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Си Цзиньпиндин сапарынын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүп, соңку кездери кытай-америка алакалары конструктивдүү стратегиялык туруктуулук багытында алдыга жылып жатканын жана бул эл аралык коомчулуктун үмүтүн актоого жардам берерин белгилеген", — деп айтылат маалыматта.
Анын айтымында, Пекин менен Вашингтон тең укуктуулук, сый-урмат жана өз ара пайда көрүү принциптерине таянып, алдыдагы жогорку деңгээлдеги байланыштарды даярдашы керек. Ошондой эле байланышты бекемдеп, кызматташтыкты өнүктүрүп, пикир келишпестиктерди көзөмөлдөп, бири-биринин башкы кызыкчылыктарын сыйлоосу зарыл.
Цинхуа университетинин Эл аралык коопсуздук жана стратегия борборунун директору Да Вэй Пекиндеги Сяншань форумунда сүйлөп жатып, Кытай менен АКШ саммитинен өтө чоң жыйынтык болбой турганын айтты. Анын пикиринде, негизги себеп — Трамптын администрациясы жемиштүү саммит өткөрүүгө жетиштүү деңгээлде даяр эмес. Кытай тарап кыйла жакшы даярданган, бирок "танго бийлөө үчүн эки киши керек" дейт эксперт.
Анын айтымында, сапардын жыйынтыгында тараптар бажы төлөмдөрү, сейрек металлдар боюнча билдирүү жасашы, ошондой эле жасалма интеллект жана чет элдик инвестицияларды сүйлөшүшү ыктымал.
Кытай сапардын программасы менен сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктаган жок. Бирок Reuters агенттиги өз булактарына таянып, Си Цзиньпин жолугушууда Трамптан Тайванга курал сатууну токтотууну талап кыларын кабарлаган. Маалыматка караганда, кытай тарап буга жооп иретинде Ирандын айланасындагы чатакты чечүүгө көмөктөшүүнү сунушташы мүмкүн.
Бул сапар эки өлкө лидеринин быйылкы жолугушууларынын акыркысы эмес. Тараптар ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган АТЭС саммитинде жана декабрда Майамиде өтчү G20 саммитинде кайрадан жүз көрүшөрү күтүлүүдө.