https://sputnik.kg/20260901/si-tszinpin-kuchtuusu-ustomduk-kylgan-sayasatty-syndady-1103371600.html
Си Цзиньпин күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган саясаттан баш тартууга чакырды
Си Цзиньпин күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган саясаттан баш тартууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эл аралык мамилелерде күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган саясаттан баш тартып, тең укуктуу көп уюлдуу... 01.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-01T15:24+0600
2026-09-01T15:24+0600
2026-09-01T15:24+0600
кыргызстан
шку
саммит
кытай
си цзиньпин
кызматташуу
буу
https://sputnik.kg/img/07e9/09/01/1096224637_0:997:2048:2149_1920x0_80_0_0_7a5e0740ca075e74dde144e1393e138e.jpg
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эл аралык мамилелерде күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган саясаттан баш тартып, тең укуктуу көп уюлдуу дүйнөнү курууга чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан "ШКУ плюс" жыйынында билдирди. Кытай лидери бардык мамлекеттердин тең укуктуулугун жана мүмкүнчүлүктөргө бирдей жетүүсүн камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал Кытай тең укуктуу көп уюлдуу дүйнөнү калыптандырууну жактай турганын айтты. Анын пикиринде, ири мамлекеттер эл аралык эрежелерди жана мыйзам үстөмдүгүн сактоодо үлгү көрсөтүшү керек. Бул глобалдык көйгөйлөргө биргелешип каршы турууга шарт түзөт. Мындан тышкары, Си Цзиньпин БУУнун аброюн калыбына келтирип, ага жаңы дем берүү маанилүү экенин белгиледи. Саммитте биринчи сөз Кытайдын лидерине берилген. Сөзүн жыйынтыктагандан кийин Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен кол алышып, жыйын өтүп жаткан залдан чыгып кетти. Кытай лидери буга чейин Бишкекте өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине да катышкан эмес. Буга Си Цзиньпин Тибеттеги кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин координациялап жатканы себеп экени айтылган.
https://sputnik.kg/20260901/lukashenko-shku-evraziyanyn-maaniluu-tiregi-1103364222.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/01/1096224637_0:1025:2048:2561_1920x0_80_0_0_8f4a3e9f209663c3a282223c28b50113.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, шку, саммит, кытай, си цзиньпин, кызматташуу, буу
кыргызстан, шку, саммит, кытай, си цзиньпин, кызматташуу, буу
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эл аралык мамилелерде күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган саясаттан баш тартып, тең укуктуу көп уюлдуу дүйнөнү курууга чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан "ШКУ плюс" жыйынында билдирди.
Кытай лидери бардык мамлекеттердин тең укуктуулугун жана мүмкүнчүлүктөргө бирдей жетүүсүн камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
"Биз жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүп, кош стандарттардан, өзгөчөлөнүүдөн, кийлигишүүдөн, кысым көрсөтүүдөн жана күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган саясаттан баш тартышыбыз керек. Эл аралык мамилелерде демократияны өнүктүрүү зарыл", — деди Си Цзиньпин.
Ошондой эле ал Кытай тең укуктуу көп уюлдуу дүйнөнү калыптандырууну жактай турганын айтты. Анын пикиринде, ири мамлекеттер эл аралык эрежелерди жана мыйзам үстөмдүгүн сактоодо үлгү көрсөтүшү керек. Бул глобалдык көйгөйлөргө биргелешип каршы турууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, Си Цзиньпин БУУнун аброюн калыбына келтирип, ага жаңы дем берүү маанилүү экенин белгиледи.
Саммитте биринчи сөз Кытайдын лидерине берилген. Сөзүн жыйынтыктагандан кийин Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен кол алышып, жыйын өтүп жаткан залдан чыгып кетти.
Кытай лидери буга чейин Бишкекте өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине да катышкан эмес. Буга Си Цзиньпин Тибеттеги кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин координациялап жатканы себеп экени айтылган.