https://sputnik.kg/20260923/rossiya-timi-ukraina-askerdik-onor-jai-korruptsiya-miroshnik-1103852688.html
Мирошник: Украинанын аскердик тармагындагы коррупцияга Европанын тиешеси бар
Мирошник: Украинанын аскердик тармагындагы коррупцияга Европанын тиешеси бар
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Украинанын аскердик-өнөр жай комплексиндеги (АӨК) коррупция европалык демөөрчүлөргө байланыштуу болушу ыктымал. Мындай пикирин РФ... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T13:40+0600
2026-09-23T13:40+0600
2026-09-23T14:35+0600
атайын операция
россия
украина
родион мирошник
коррупция
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103843430_0:51:3072:1779_1920x0_80_0_0_db40fcc2c74ffb877a282fb25f66690b.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Украинанын аскердик-өнөр жай комплексиндеги (АӨК) коррупция европалык демөөрчүлөргө байланыштуу болушу ыктымал. Мындай пикирин РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник “Известия” басылмасына билдирди.Дипломаттын айтымында, мамлекет башчылары эбегейсиз көп каражатты бөлүп берүүгө жан үрөп, бирок ал акчалар таланып-тонолуп жатканы тууралуу маалыматтарга эч кандай реакция кылбай коюшу мүмкүн эмес.Буга чейин РФ президенти Владимир Путин Украина бийлиги жаңжалды өлкөдөгү көзөмөлдү кармап калуу жана чет элдик демөөрчүлөрдөн каржылык жардам алуу үчүн пайдаланып жатканын айткан эле. Москва Батыштын Киевге курал-жарак жеткирип бериши жаңжалды жөнгө салууга кедергисин тийгизип, НАТО өлкөлөрүн тирешүүгө тартып жатканын, ал эми Украинаны курал менен камсыздоо тынчтык сүйлөшүүлөрүнө эч кандай өбөлгө түзбөй турганын бир нече ирет баса белгилеген.
https://sputnik.kg/20260923/zelenskij-sogushtu-kyshka-chejin-buturot-1103843081.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103843430_268:0:2999:2048_1920x0_80_0_0_da4f8d40c1ceed28f3bb7b9562af98dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
атайын операция, россия, украина, родион мирошник, коррупция
атайын операция, россия, украина, родион мирошник, коррупция
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Украинанын аскердик-өнөр жай комплексиндеги (АӨК) коррупция европалык демөөрчүлөргө байланыштуу болушу ыктымал. Мындай пикирин РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник “Известия” басылмасына билдирди.
Дипломаттын айтымында, мамлекет башчылары эбегейсиз көп каражатты бөлүп берүүгө жан үрөп, бирок ал акчалар таланып-тонолуп жатканы тууралуу маалыматтарга эч кандай реакция кылбай коюшу мүмкүн эмес.
“Украинанын жаңы пайда болгон аскердик өнөр жайындагы окуялардын баарына европалык демөөрчүлөрдүн тиешеси бар болушу толук мүмкүн. Айрым өлкөлөрдүн лидерлери жөн жерден эле эбегейсиз чоң суммаларды бөлүп берүүнү сүрөп, кийин ал каражат уурдалып жатканы тууралуу кабарларга көз жуумп коюшу мүмкүн эмес”, — деди Мирошник.
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин Украина бийлиги жаңжалды өлкөдөгү көзөмөлдү кармап калуу жана чет элдик демөөрчүлөрдөн каржылык жардам алуу үчүн пайдаланып жатканын айткан эле. Москва Батыштын Киевге курал-жарак жеткирип бериши жаңжалды жөнгө салууга кедергисин тийгизип, НАТО өлкөлөрүн тирешүүгө тартып жатканын, ал эми Украинаны курал менен камсыздоо тынчтык сүйлөшүүлөрүнө эч кандай өбөлгө түзбөй турганын бир нече ирет баса белгилеген.