https://sputnik.kg/20260923/myndan-83-zhyl-ilgeri-vilnyus-gettosu-zhoyulgan-1103858132.html
Мындан 83 жыл илгери Вильнюс геттосу жоюлган. Тарыхый видео
Мындан 83 жыл илгери Вильнюс геттосу жоюлган. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Литванын тарыхында 23-сентябрь — оор, курмандыктарды эскерүү күнү. Тарыхта Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда нацисттер түзгөн Вильнюс геттосу деген түшүнүк... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T20:12+0600
2026-09-23T20:12+0600
2026-09-23T20:12+0600
улуу ата мекендик согуш
ссср
литва
геноцид
вильнюс
гетто
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103857964_0:52:526:348_1920x0_80_0_0_53b0bfea561b93a2353ad6840fa2f427.jpg
Вильнюс геттосун архивдик кадрлардан көрүүгө болот, анда геттонун туткундарынын бири Мойша Хофмеклердин скрипка үнү жаңырып турат. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, тагыраагы, 1941-жылы 40 миң еврейди эски шаардын борборундагы геттого айдап киришкен. Туткундарды жок кылуу 1943-жылдын августунан 23-сентябрга чейин созулган. Көбүн атышкан. Калганын Польша, Эстония жана Латвиядагы концлагерлерге жөнөтүшкөн. Вильнюста 2–3 миң гана еврей тирүү калган. Бир нече жыл мурда Холокост туурасында "Наши" деп аталган китеп жарык көрүп, ал Литвада чуу жараткан. Анда литвалык еврейлерди кырууга "токойдогу бир туугандар" катышканы боюнча далилдер жарыяланган. Учурда нацисттерге көмөкчү болгондорду баатыр кылып көрсөтүү жана тарыхты бурмалоо Балтика боюндагы республикаларда кадыресе көрүнүш болуп калды.
ссср
литва
вильнюс
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103857964_0:3:526:398_1920x0_80_0_0_ddff60884d6dfd7350c58f93ebc27761.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, ссср, литва, геноцид, вильнюс, гетто, видео
улуу ата мекендик согуш, ссср, литва, геноцид, вильнюс, гетто, видео
Мындан 83 жыл илгери Вильнюс геттосу жоюлган. Тарыхый видео
Литванын тарыхында 23-сентябрь — оор, курмандыктарды эскерүү күнү. Тарыхта Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда нацисттер түзгөн Вильнюс геттосу деген түшүнүк бар. 1941-жылы сентябрдын башында түптөлгөн бул жай далайлардын канына забын болгон.
Вильнюс геттосун архивдик кадрлардан көрүүгө болот, анда геттонун туткундарынын бири Мойша Хофмеклердин скрипка үнү жаңырып турат.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, тагыраагы, 1941-жылы 40 миң еврейди эски шаардын борборундагы геттого айдап киришкен. Туткундарды жок кылуу 1943-жылдын августунан 23-сентябрга чейин созулган. Көбүн атышкан. Калганын Польша, Эстония жана Латвиядагы концлагерлерге жөнөтүшкөн. Вильнюста 2–3 миң гана еврей тирүү калган.
Бир нече жыл мурда Холокост туурасында "Наши" деп аталган китеп жарык көрүп, ал Литвада чуу жараткан. Анда литвалык еврейлерди кырууга "токойдогу бир туугандар" катышканы боюнча далилдер жарыяланган.
Учурда нацисттерге көмөкчү болгондорду баатыр кылып көрсөтүү жана тарыхты бурмалоо Балтика боюндагы республикаларда кадыресе көрүнүш болуп калды.