https://sputnik.kg/20260923/lavrov-rubio-menen-nyu-york-zholuktu-1103863692.html
Лавров Рубио менен Нью-Йоркто жолукту. Талкууланган маселелер
Лавров Рубио менен Нью-Йоркто жолукту. Талкууланган маселелер
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Нью-Йорк шаарында жолугуп, тараптардын... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T22:58+0600
2026-09-23T22:58+0600
2026-09-23T22:58+0600
дүйнөдө
россия
акш
сергей лавров
марко рубио
украина
буу
жолугушуу
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103863840_26:0:3667:2048_1920x0_80_0_0_c2d5db2dd39956329eff4c8979af94d7.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Нью-Йорк шаарында жолугуп, тараптардын алакасын тезирээк калыбына келтирүү зарылдыгын белгилеген. Бул туурасында РФтин ТИМи кабарлады. Андан сырткары Киев европалык демөөрчүлөрү менен аракеттерин тыкыр макулдашып, карапайым элге жана инфраструктурага сокку уруп жатканын так кесе айтты. Лавров Рубио менен жыл аягына чейин өтө турган G20нын иш-чараларына даярдыкты талкуулаган. Эске салсак, АКШ Владимир Путинди декабрдааталган саммитке чакырган. Андан сырткары жолугушууда токтолгон темалар: Лавров менен Рубионун жолугушуусу шаршемби күнү Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өттү.
https://sputnik.kg/20260814/moskva-vashingtondon-zhoop-kutot-1102990656.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103863840_481:0:3212:2048_1920x0_80_0_0_9666e315d50f5c34f8a8136069f158a5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, сергей лавров, марко рубио, украина, буу, жолугушуу
дүйнөдө, россия, акш, сергей лавров, марко рубио, украина, буу, жолугушуу
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Нью-Йорк шаарында жолугуп, тараптардын алакасын тезирээк калыбына келтирүү зарылдыгын белгилеген. Бул туурасында РФтин ТИМи кабарлады.
"Россия жак эки мамлекеттин президенттеринин макулдашууларына ылайык, эки тараптуу алаканы тезирээк калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи. Айрыкча, экономикалык кызматташтыкты жандантуу, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, жарандардын каттамын жеңилдетүү жана эки элдин карым-катнашын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү активдүү каралып жаткан чакта бул абдан маанилүү экенине токтолушту", — деп маалыматта айтылат.
Андан сырткары Киев европалык демөөрчүлөрү менен аракеттерин тыкыр макулдашып, карапайым элге жана инфраструктурага сокку уруп жатканын так кесе айтты.
Лавров Рубио менен жыл аягына чейин өтө турган G20нын иш-чараларына даярдыкты талкуулаган. Эске салсак, АКШ Владимир Путинди декабрдааталган саммитке чакырган.
Андан сырткары жолугушууда токтолгон темалар:
Лавров Киевдин инфраструктурага жасаган соккулары дүйнөлүк энергетика рыногунун туруксуздашуусуна алып келип жатканын айтты;
Россия тарап атайын аскердик операциянын максаттарына жетүүгө умтуларын дагы бир жолу ырастады;
Тараптар Ырааккы Чыгыштагы, Закавказьедеги жана Латын Америкасындагы кырдаал тууралуу да сүйлөштү.
Лавров менен Рубионун жолугушуусу шаршемби күнү Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өттү.