https://sputnik.kg/20260923/kulubaev-nyu-york-i5-suyloshuu-1103846674.html
Кулубаев БУУ Коопсуздук кеңешинин жаңы мүчөлөрүн кызматташууга чакырды
Кулубаев БУУ Коопсуздук кеңешинин жаңы мүчөлөрүн кызматташууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы шайланган туруктуу эмес... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T10:50+0600
2026-09-23T10:50+0600
2026-09-23T10:50+0600
кыргызстан
нью-йорк
буу
коопсуздук кеңеши
саясат
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103846509_0:56:1080:664_1920x0_80_0_0_ef63ad3809eb5e046b8f1c7417d26ddc.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы шайланган туруктуу эмес мүчөлөрүнүн (I5 форматы) тышкы иштер министрлеринин жумушчу түшкү тамагына катышты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Австрия, Португалия, Тринидад, Тобаго жана Зимбабвенин тышкы иштер министрлери чогулган. ТИМ башчысы бул өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешине шайланышы эл аралык саясат татаалдашкан учурга туш келгенин айтып, алар диалогду сактап калууга өзгөчө жооптуу экенин белгиледи. Кулубаев Кыргызстандын Коопсуздук кеңешиндеги негизги багыты катары алдын алуу (превентивдүү) дипломатиясын атады. Буга ал Борбор Азиядагы чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүү тажрыйбасын жана Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган БУУнун "Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу" резолюциясын мисал кылды. Мындан тышкары, ал Афганстандагы абалга, климат, суу жана азык-түлүк коопсуздугуна токтолуп, 2027-жылы Бишкекте өтө турган Глобалдык тоо саммитин эске салды. Ошондой эле тышкы иштер министри кесиптештерине такай кеңешип турууну, өлкөлөрдүн жергиликтүү тажрыйбасын колдонууну, чыр-чатактарды алдын алууну жана Тынчтык куруу комиссиясы менен биргелешип иштешүүнү сунуштады. Министр сөзүн жыйынтыктап жатып Кыргызстан 2027–2028-жылдары Коопсуздук кеңешинде ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш болорун кошумчалады.
https://sputnik.kg/20260923/japarov-evropa-keneshi-prezidenti-sanktsiyalyk-sayasat-1103843256.html
нью-йорк
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103846509_61:0:1020:719_1920x0_80_0_0_b39ee3c065e1b6640dfa37a11a142fe5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, нью-йорк, буу, коопсуздук кеңеши, саясат
кыргызстан, нью-йорк, буу, коопсуздук кеңеши, саясат
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы шайланган туруктуу эмес мүчөлөрүнүн (I5 форматы) тышкы иштер министрлеринин жумушчу түшкү тамагына катышты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Австрия, Португалия, Тринидад, Тобаго жана Зимбабвенин тышкы иштер министрлери чогулган.
"Кулубаев кесиптештерин шайланышы менен куттуктап, бул мүчөлүк Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет болуп жатканын, ал өлкө үчүн чоң сыймык гана эмес, дүйнөлүк коомчулуктун алдындагы зор жоопкерчилик экенин да белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ башчысы бул өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешине шайланышы эл аралык саясат татаалдашкан учурга туш келгенин айтып, алар диалогду сактап калууга өзгөчө жооптуу экенин белгиледи.
Кулубаев Кыргызстандын Коопсуздук кеңешиндеги негизги багыты катары алдын алуу (превентивдүү) дипломатиясын атады. Буга ал Борбор Азиядагы чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүү тажрыйбасын жана Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган БУУнун "Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу" резолюциясын мисал кылды.
Мындан тышкары, ал Афганстандагы абалга, климат, суу жана азык-түлүк коопсуздугуна токтолуп, 2027-жылы Бишкекте өтө турган Глобалдык тоо саммитин эске салды.
Ошондой эле тышкы иштер министри кесиптештерине такай кеңешип турууну, өлкөлөрдүн жергиликтүү тажрыйбасын колдонууну, чыр-чатактарды алдын алууну жана Тынчтык куруу комиссиясы менен биргелешип иштешүүнү сунуштады.
Министр сөзүн жыйынтыктап жатып Кыргызстан 2027–2028-жылдары Коопсуздук кеңешинде ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш болорун кошумчалады.