https://sputnik.kg/20260923/japarov-evropa-keneshi-prezidenti-sanktsiyalyk-sayasat-1103843256.html
Жапаров Нью-Йоркто Еврокеңештин башчысы менен санкциялык саясатты талкуулады
Жапаров Нью-Йоркто Еврокеңештин башчысы менен санкциялык саясатты талкуулады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолугушуп, Батыш жана европалык өнөктөштөрдүн... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T09:35+0600
2026-09-23T09:35+0600
2026-09-23T09:35+0600
кыргызстан
акш
нью-йорк
европа кеңеши
антониу кошта
санкциялар
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103841290_1:0:1279:719_1920x0_80_0_0_93eec00daa6e6ddd9ed30ed910086ba6.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолугушуп, Батыш жана европалык өнөктөштөрдүн Кыргызстанга карата жүргүзүп жаткан санкциялык саясатына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Өлкө башчы Бишкек Европа биримдигинин расмий өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз маалымат алмашып, тыгыз байланышта турганына карабастан ушундай чектөөлөр киргизилип жатканын белгиледи. Ошондой эле быйыл Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору операцияларды жүргүзгөн 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, өлкө өнөктөштөр менен ачык диалогго даяр экенин билдирди. Эки тараптуу сүйлөшүү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өттү. Жолугушууда эки тараптуу жана "Борбор Азия – Европа биримдиги" форматтарында саясий диалогду улантуу, ошондой эле Global Gateway программасынын алкагындагы кызматташтык талкууланды. Мындан тышкары, транспорт тармагындагы байланыштарды, Кыргызстандын транзиттик дараметин өнүктүрүүнү жана өлкөнү мультимодалдык коридорлорго кошуу боюнча биргелешкен экономикалык долбоорлорду кароо макулдашылды. Жолугушуунун соңунда Антониу Кошта Садыр Жапаровду кызматташтыкты арттыруу максатында Брюссель шаарына чакырып, өлкө башчы буга макул болду.
https://sputnik.kg/20260922/zhaparov-sankciya-buu-1103839139.html
акш
нью-йорк
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103841290_161:0:1120:719_1920x0_80_0_0_bd09a4f5de966126e141c0979a1e581e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акш, нью-йорк, европа кеңеши, антониу кошта, санкциялар
кыргызстан, акш, нью-йорк, европа кеңеши, антониу кошта, санкциялар
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолугушуп, Батыш жана европалык өнөктөштөрдүн Кыргызстанга карата жүргүзүп жаткан санкциялык саясатына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады.
Өлкө башчы Бишкек Европа биримдигинин расмий өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз маалымат алмашып, тыгыз байланышта турганына карабастан ушундай чектөөлөр киргизилип жатканын белгиледи. Ошондой эле быйыл Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору операцияларды жүргүзгөн 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, өлкө өнөктөштөр менен ачык диалогго даяр экенин билдирди.
Эки тараптуу сүйлөшүү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өттү. Жолугушууда эки тараптуу жана "Борбор Азия – Европа биримдиги" форматтарында саясий диалогду улантуу, ошондой эле Global Gateway программасынын алкагындагы кызматташтык талкууланды.
Мындан тышкары, транспорт тармагындагы байланыштарды, Кыргызстандын транзиттик дараметин өнүктүрүүнү жана өлкөнү мультимодалдык коридорлорго кошуу боюнча биргелешкен экономикалык долбоорлорду кароо макулдашылды.
Жолугушуунун соңунда Антониу Кошта Садыр Жапаровду кызматташтыкты арттыруу максатында Брюссель шаарына чакырып, өлкө башчы буга макул болду.