https://sputnik.kg/20260923/kaza-bolgon-okuuchularga-baylynyshtuu-komissiya-tuzuldu-1103859837.html
Сузак менен Чаткалда каза болгон окуучулардын ишин иликтөө үчүн комиссия түзүлдү
Сузак менен Чаткалда каза болгон окуучулардын ишин иликтөө үчүн комиссия түзүлдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Агартуу министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда мектеп окуучуларынын каза болушуна байланыштуу жагдайларды... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T17:48+0600
2026-09-23T17:48+0600
2026-09-23T17:48+0600
кыргызстан
сузак району
чаткал
мектеп
окуучу
өлүм
комиссия
https://sputnik.kg/img/104254/35/1042543535_0:252:4800:2952_1920x0_80_0_0_3f409a9d2559a9d1e2e1cb88ee403b01.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Агартуу министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда мектеп окуучуларынын каза болушуна байланыштуу жагдайларды тактоо үчүн атайын комиссия түздү. Министрликтин маалымат кызматы комиссия учурда окуя болгон жерлерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Маалымдалгандай, бул кайгылуу окуялардан улам мектептерде окуучулар арасындагы зомбулукту алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш-чаралар күчөтүлдү. Эске салсак, 17-сентябрда Сузакта 10-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип эки өспүрүм кармалган. Ал эми 18-сентябрда Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, кылмышка шектүү катары төрт окуучу кармалган.
https://sputnik.kg/20260921/15-zhashtagy-okuuchunun-olumuno-shektelgender-eki-ayga-kamaldy--1103810945.html
сузак району
чаткал
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104254/35/1042543535_264:0:4536:3204_1920x0_80_0_0_6cf5c8583eac99e6821de04cc5da75ab.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, сузак району, чаткал, мектеп, окуучу, өлүм, комиссия
кыргызстан, сузак району, чаткал, мектеп, окуучу, өлүм, комиссия
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Агартуу министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда мектеп окуучуларынын каза болушуна байланыштуу жагдайларды тактоо үчүн атайын комиссия түздү. Министрликтин маалымат кызматы комиссия учурда окуя болгон жерлерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Маалымдалгандай, бул кайгылуу окуялардан улам мектептерде окуучулар арасындагы зомбулукту алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш-чаралар күчөтүлдү.
"Окуучулар зомбулукка тушукса "Э-Күндөлүк" мобилдик тиркемесиндеги "Коркпо, билдир!" аттуу функциясы аркылуу анонимдүү билдирүү калтыра алышат", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, 17-сентябрда Сузакта 10-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип эки өспүрүм кармалган. Ал эми 18-сентябрда Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, кылмышка шектүү катары төрт окуучу
кармалган.