https://sputnik.kg/20260923/el-nino-450-000-ashyk-kishinin-omurun-alyp-ketishi-yktymal-1103861423.html
Эль-Ниньо 450 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетиши мүмкүн
Эль-Ниньо 450 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетиши мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Эль-Ниньо климаттык кубулушунун күчөшү жарым жыл ичинде 450 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетиши ыктымал. Бул туурасында Climate... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T18:58+0600
2026-09-23T18:58+0600
2026-09-23T18:58+0600
дүйнөдө
акш
эль-ниньо
бразилия
индия
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0a/1052800556_0:20:2041:1168_1920x0_80_0_0_adc927ff7b299083b4b9fa8cd02f84d5.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Эль-Ниньо климаттык кубулушунун күчөшү жарым жыл ичинде 450 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетиши ыктымал. Бул туурасында Climate Impact Lab деп аталган илимди изилдөө уюмуна таянып РИА Новости жазды. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн айтсак, Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук аймагынын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү океан суусунун үстүңкү катмарынын температурасынын көтөрүлүшү менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. Ал орто эсеп менен ар бир 2-7 жылда кайталанып турат. Узактыгы адатта 9 айдан 12 айга чейин созулат. Бул кубулуш Жердин көп бөлүгүндөгү аба ырайына таасир этерин аталган метеорология уюму билдирген. Окумуштуулардын тактоосунда, бул божомол 2026-жылдын июнунан 2027-жылдын февралына чейинки аралыктагы күтүлүп жаткан өлүм-житимди камтыйт. Бирок алар "супер-Эль-Ниньо" деп аталган кубулуш эсептелген мөөнөттөн ашып, жазында да улана бергендиктен, курмандыктардын жалпы саны мындан да көп болушу мүмкүн деп жатышат. Изилдөөлөргө таянсак, жакынкы айларда кургактыктагы глобалдык температура кадыресе чектен 1,2 градуска жогорулайт. Негизи мындай көрсөткүч 20 жылдан кийин болорун айтышкан. Жалпысынан Эль-Ниньо 50дөн ашуун өлкөгө таасирин тийгизип, баарынан да Нигерия, Индонезия, Судан, Индия жана Бразилия оор кырдаалда каларын айтышты. Эске салсак, бул кубулуштун Борбордук Азияга таасири боюнча мурдагы маалыматтарда белгиленген. "Эль-Ниньо адатта Түштүк Американын кээ бир райондорунда, АКШнын түштүгүндө, Африканын кээ бир жерлеринде жана Борбор Азияда жаан-чачындын арбышы менен шартталат", — деп айтылган анда. Документте биз сөз кылып жаткан азыркы Эль-Ниньо 1950-жылдагыдан берки эң айбаттуусу болору белгиленген.
https://sputnik.kg/20260723/el-nino-kuchoybu-1102561356.html
акш
бразилия
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0a/1052800556_228:0:1813:1189_1920x0_80_0_0_521e1b32dffc80b44f0ddd488d65214f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, эль-ниньо, бразилия, индия
дүйнөдө, акш, эль-ниньо, бразилия, индия
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Эль-Ниньо климаттык кубулушунун күчөшү жарым жыл ичинде 450 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетиши ыктымал. Бул туурасында Climate Impact Lab деп аталган илимди изилдөө уюмуна таянып
РИА Новости жазды.
"Биз жасаган божомолдорго караганда, 451 миң адам Эль-Ниньонун азыркы кубулушунан улам өмүрүнөн ашырашы мүмкүн", — деп алардын отчетунда айтылганын агенттик жазды.
Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн айтсак, Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук аймагынын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү океан суусунун үстүңкү катмарынын температурасынын көтөрүлүшү менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. Ал орто эсеп менен ар бир 2-7 жылда кайталанып турат. Узактыгы адатта 9 айдан 12 айга чейин созулат.
Бул кубулуш Жердин көп бөлүгүндөгү аба ырайына таасир этерин аталган метеорология уюму билдирген.
Окумуштуулардын тактоосунда, бул божомол 2026-жылдын июнунан 2027-жылдын февралына чейинки аралыктагы күтүлүп жаткан өлүм-житимди камтыйт. Бирок алар "супер-Эль-Ниньо" деп аталган кубулуш эсептелген мөөнөттөн ашып, жазында да улана бергендиктен, курмандыктардын жалпы саны мындан да көп болушу мүмкүн деп жатышат.
Изилдөөлөргө таянсак, жакынкы айларда кургактыктагы глобалдык температура кадыресе чектен 1,2 градуска жогорулайт. Негизи мындай көрсөткүч 20 жылдан кийин болорун айтышкан. Жалпысынан Эль-Ниньо 50дөн ашуун өлкөгө таасирин тийгизип, баарынан да Нигерия, Индонезия, Судан, Индия жана Бразилия оор кырдаалда каларын айтышты.
Эске салсак, бул кубулуштун Борбордук Азияга таасири боюнча мурдагы маалыматтарда белгиленген.
"Эль-Ниньо адатта Түштүк Американын кээ бир райондорунда, АКШнын түштүгүндө, Африканын кээ бир жерлеринде жана Борбор Азияда жаан-чачындын арбышы менен шартталат", — деп айтылган анда.
Документте биз сөз кылып жаткан азыркы Эль-Ниньо 1950-жылдагыдан берки эң айбаттуусу болору белгиленген.