https://sputnik.kg/20260923/aydoochuluk-ekzamenge-kezekti-azaytuu-tapshyrmasy-berildi-1103851373.html
Айдоочулук күбөлүк алууга практикалык экзаменге кезек азаят. "Унаа" жол-жобосун айтты
Айдоочулук күбөлүк алууга практикалык экзаменге кезек азаят. "Унаа" жол-жобосун айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өз убагында өткөрүү жана кезектерди азайтуу үчүн 250дөн ашык транспорт... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T12:33+0600
2026-09-23T12:33+0600
2026-09-23T12:33+0600
кыргызстан
айдоочулук күбөлүк
каныбек туманбаев
"унаа" мамлекеттик ишканасы
экзамен
https://sputnik.kg/img/102946/48/1029464842_0:117:3226:1932_1920x0_80_0_0_8a9339f89ba36d2880c733c56ee55e82.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өз убагында өткөрүү жана кезектерди азайтуу үчүн 250дөн ашык транспорт каражаты бөлүнөт. "Унаа" мекемеси билдиргендей, буга чейин айрым курсанттар теориялык экзаменди тапшыргандан кийин практикалык экзаменди дээрлик бир айдан кийин тапшырып жатышкан. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда кеңешме өтүп, анда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, онлайн-сервистерди кеңейтүү жана квалификациялык экзамендерди өткөрүү системасын жакшыртуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, чет өлкөдө иштөөнү каалаган жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн Code 95 талаптарына ылайык заманбап автодром курулууда. Кеңешмеде экзамендерди өткөрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча да тапшырмалар берилди.
https://sputnik.kg/20260914/bishkektin-chetinde-unaa-jany-imaraty-kuruluuda-1103650326.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102946/48/1029464842_248:0:2979:2048_1920x0_80_0_0_dcd0fbc540a20cb43ad0f5df026e2bb3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айдоочулук күбөлүк, каныбек туманбаев, "унаа" мамлекеттик ишканасы, экзамен
кыргызстан, айдоочулук күбөлүк, каныбек туманбаев, "унаа" мамлекеттик ишканасы, экзамен
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өз убагында өткөрүү жана кезектерди азайтуу үчүн 250дөн ашык транспорт каражаты бөлүнөт.
"Унаа" мекемеси билдиргендей, буга чейин айрым курсанттар теориялык экзаменди тапшыргандан кийин практикалык экзаменди дээрлик бир айдан кийин тапшырып жатышкан.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда кеңешме өтүп, анда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, онлайн-сервистерди кеңейтүү жана квалификациялык экзамендерди өткөрүү системасын жакшыртуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, чет өлкөдө иштөөнү каалаган жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн Code 95 талаптарына ылайык заманбап автодром курулууда.
Кеңешмеде экзамендерди өткөрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча да тапшырмалар берилди.