https://sputnik.kg/20260922/sovettik-zhookerler-tallindi-kantip-boshotushkan-1103832093.html
Таллиндин бошотулушу, советтик жоокерлердин эрдиги, өзгөргөн идеология. Тарыхый видео
Таллиндин бошотулушу, советтик жоокерлердин эрдиги, өзгөргөн идеология. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Мындан 78 жыл мурда советтик аскерлер Эстониянын борборун нацисттерден бошотот. Ошол күнү, 22-сентябрда, СССРдин аскерлери Таллинге кирип келгенде эл... 22.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-22T19:13+0600
2026-09-22T19:13+0600
2026-09-22T19:13+0600
улуу ата мекендик согуш
ссср
эстония
таллин
душман
нацисттер
советтик жоокерлер
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103833246_0:27:563:344_1920x0_80_0_0_316612cbe71b920e077ecd2c330f1ef4.jpg
Немецтердин жаңылыштыгы. Эстонияны бошотуу ыкчамдык менен жүргөн. Душмандар советтик күчтөрдү Тарту жактан келет деп күткөн эмес. Коргонуусу Нарвада курулган эле. Чабуул 17-сентябрда башталып, 18инде фашисттер Эстониядан чыга баштаган. Чыныгы эстондор. Душмандар уюк кылып алган Таллинге эстондордун 8-аткычтар корпусу чабуул жасайт. Алардын 70 пайыздан ашыгы аталган республиканын жашоочулары эле. Бул "эстондор токойго кетип калып, нацисттердин катарына кошулган" деген жаманатты кылган сөздү төгүнгө чыгарат. Бир нече күнгө Эстония "көз карандысыз" болуп көрүндү, бирок бул жалган эле, чындыгында немецтерге баш ийген адамдар (коллаборационисттер) башкарган. Бул эки күндө президент Улуотс жана премьер Тийфа эки гезит чыгарган, "нейтралитет" жарыялаган жана Таллинде чакан желекти свастика белгисинин жанына илген. Бирок бул нерселер эч нерсени чечкен жок, Улуотс Швецияга качып кетти, ал эми калган "аткаминерлер" камакка алынды. Азыр эгемен Эстония муну басып алуучулук деп атайт. Республиканын жашоочуларын ошол жылдары кыйнагандарды эми "улуттук баатыр", ал эми нацисттерден куткаргандарды "баскынчы" деп жатышат.
ссср
эстония
таллин
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103833246_30:0:563:400_1920x0_80_0_0_996c5b20bc1b2a47fa861deab8af41a0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, ссср, эстония, таллин, душман, нацисттер, советтик жоокерлер, видео
улуу ата мекендик согуш, ссср, эстония, таллин, душман, нацисттер, советтик жоокерлер, видео
Таллиндин бошотулушу, советтик жоокерлердин эрдиги, өзгөргөн идеология. Тарыхый видео
Мындан 78 жыл мурда советтик аскерлер Эстониянын борборун нацисттерден бошотот. Ошол күнү, 22-сентябрда, СССРдин аскерлери Таллинге кирип келгенде эл ыраазылыгын билдирип, кучак-кучак гүлдөрдү аларды көздөй ыргыткан. Мындан улам шаар гүлгө оронгон.
Немецтердин жаңылыштыгы. Эстонияны бошотуу ыкчамдык менен жүргөн. Душмандар советтик күчтөрдү Тарту жактан келет деп күткөн эмес. Коргонуусу Нарвада курулган эле. Чабуул 17-сентябрда башталып, 18инде фашисттер Эстониядан чыга баштаган.
Чыныгы эстондор. Душмандар уюк кылып алган Таллинге эстондордун 8-аткычтар корпусу чабуул жасайт. Алардын 70 пайыздан ашыгы аталган республиканын жашоочулары эле. Бул "эстондор токойго кетип калып, нацисттердин катарына кошулган" деген жаманатты кылган сөздү төгүнгө чыгарат.
Бир нече күнгө Эстония "көз карандысыз" болуп көрүндү, бирок бул жалган эле, чындыгында немецтерге баш ийген адамдар (коллаборационисттер) башкарган. Бул эки күндө президент Улуотс жана премьер Тийфа эки гезит чыгарган, "нейтралитет" жарыялаган жана Таллинде чакан желекти свастика белгисинин жанына илген. Бирок бул нерселер эч нерсени чечкен жок, Улуотс Швецияга качып кетти, ал эми калган "аткаминерлер" камакка алынды.
Азыр эгемен Эстония муну басып алуучулук деп атайт. Республиканын жашоочуларын ошол жылдары кыйнагандарды эми "улуттук баатыр", ал эми нацисттерден куткаргандарды "баскынчы" деп жатышат.