https://sputnik.kg/20260922/kendirbayeva-sotstarmaktagy-tyyuu-tuuraluu-tushundurdu--1103825184.html
Кендирбаева: окуучуларга соцтармакты колдонууга тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн эмес
Кендирбаева: окуучуларга соцтармакты колдонууга тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн эмес
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдарга социалдык тармакты колдонууга тыюу салууну эмес, мектептерде телефондорду колдонууга... 22.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-22T13:22+0600
2026-09-22T13:22+0600
2026-09-22T13:22+0600
кыргызстан
доктургүл кендирбаева
мектеп
смартфон
тыюу салуу
куту
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1f/1054422949_0:497:2756:2048_1920x0_80_0_0_d3df89fe317b17618adda92e9f42136d.jpg
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдарга социалдык тармакты колдонууга тыюу салууну эмес, мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу маселени көтөргөнүн айтты. Министр мындай демилгени көтөрмөк түгүл, андай кылууга мүмкүн эмес экенин белгилеген. Министрдин айтымында, смартфон колдонууга чектөө буга чейин эле киргизилген. Мектептердин кире беришине балдар телефонун калтырып кетүү үчүн кутулар коюлган.
https://sputnik.kg/20260921/kyrgyzstandagy-mektepterge-1-milliondon-ashuun-zhay-kitep-zhetkirilet-1103815900.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1f/1054422949_219:532:2240:2048_1920x0_80_0_0_32983e6b79559f1aad5275ccc7be7180.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, доктургүл кендирбаева, мектеп, смартфон, тыюу салуу, куту
кыргызстан, доктургүл кендирбаева, мектеп, смартфон, тыюу салуу, куту
Кендирбаева: окуучуларга соцтармакты колдонууга тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн эмес
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдарга социалдык тармакты колдонууга тыюу салууну эмес, мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу маселени көтөргөнүн айтты.
Министр мындай демилгени көтөрмөк түгүл, андай кылууга мүмкүн эмес экенин белгилеген.
"Бул маселени көтөргөн эмесмин, менден сурашкан. Бизде социалдык тармактарга тыюу салууга ыйгарым укук жок. Анткени социалдык тармактардын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда эмес, бул кыргызстандык продукт эмес. Мен болгону мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу айткам", — деди Кендирбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына.
Министрдин айтымында, смартфон колдонууга чектөө буга чейин эле киргизилген. Мектептердин кире беришине балдар телефонун калтырып кетүү үчүн кутулар коюлган.
"Биз социалдык тармактарга тыюу сала албайбыз. Ата-энелер балдарын көзөмөлдөшү керек. Алар баласы эмне менен алектенип жатканын билип турушу зарыл", — деп кошумчалаган Кендирбаева.