https://sputnik.kg/20260921/zherdi-50-zhylga-cheyin-beruu-miyzamyn-zhk-komitet-zhaktyrdy-1103810433.html
ЖК комитети инвесторлорго 50 жылга чейин жер берүү мыйзамын биринчи окууда жактырды
ЖК комитети инвесторлорго 50 жылга чейин жер берүү мыйзамын биринчи окууда жактырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди инвесторлорго 50 жылга чейин берүү... 21.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-21T14:45+0600
2026-09-21T14:45+0600
2026-09-21T14:45+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
мыйзам долбоору
жер
инвестор
ижара
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0e/1095289260_23:0:1257:694_1920x0_80_0_0_0e4bb9c48b46691bdf90f8dab17afc3e.jpg
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди инвесторлорго 50 жылга чейин берүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети биринчи окууда жактырды. Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, документ негизинен өлкөгө инвестор тартууга багытталган. Ага ылайык, жер участогу алгач 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Кийин бул мөөнөт 25 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Эгер инвестор инвестициялык келишимде каралган милдеттенмелерин талаптагыдай аткарып, жерди андан ары пайдалануу зарылдыгы болсо, жалпы пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин жетиши мүмкүн. Талкуу маалында эл өкүлдөрү жергиликтүү ишкерлерге да жер маселесинде жеңилдиктерди берүү, жерди пайдалануу мөөнөтү жана жерди мамлекетке кайтаруу кепилдиктерине байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Жыйынтыгында комитет айтылган сунуштарды эске алуу шарты менен мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берди.
https://sputnik.kg/20260717/chet-ehldikterge-zher-satylbajt-1102474366.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0e/1095289260_178:0:1103:694_1920x0_80_0_0_6be41566088a3b853bc1ff326ba38389.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, мыйзам долбоору, жер, инвестор, ижара
кыргызстан, жогорку кеңеш, мыйзам долбоору, жер, инвестор, ижара
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди инвесторлорго 50 жылга чейин берүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети биринчи окууда жактырды.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, документ негизинен өлкөгө инвестор тартууга багытталган. Ага ылайык, жер участогу алгач 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Кийин бул мөөнөт 25 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Эгер инвестор инвестициялык келишимде каралган милдеттенмелерин талаптагыдай аткарып, жерди андан ары пайдалануу зарылдыгы болсо, жалпы пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин жетиши мүмкүн.
Талкуу маалында эл өкүлдөрү жергиликтүү ишкерлерге да жер маселесинде жеңилдиктерди берүү, жерди пайдалануу мөөнөтү жана жерди мамлекетке кайтаруу кепилдиктерине байланыштуу маселелерди көтөрүштү.
Жыйынтыгында комитет айтылган сунуштарды эске алуу шарты менен мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берди.