https://sputnik.kg/20260921/ukmk-afgan-charsy-transuluttuk-kanal-karmaldy-1103812484.html
Афганстан — Тажикстан — Кыргызстан баңгизат каналына бөгөт коюлду
Афганстан — Тажикстан — Кыргызстан баңгизат каналына бөгөт коюлду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстанда “афган чарсы” аталышындагы баңгизатты өзгөчө ири өлчөмдө ташып жана таратып жүргөн трансулуттук каналдын ишине бөгөт... 21.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-21T16:43+0600
2026-09-21T16:43+0600
2026-09-21T17:00+0600
кыргызстан
тажикстан
афганистан
баңгизат
кылмыш
канал
https://sputnik.kg/img/07ea/07/10/1102447386_0:127:573:449_1920x0_80_0_0_c05275fc1e680e584b406e2c15d9cce4.jpg
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстанда “афган чарсы” аталышындагы баңгизатты өзгөчө ири өлчөмдө ташып жана таратып жүргөн трансулуттук каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.Атайын кызматтын маалыматына караганда, мыйзамсыз баңгизат жүгү Афганстан — Тажикстан — Кыргызстан багыты боюнча ташылып келген. Каналдын ишмердүүлүгүнө шектелип Кыргызстандын эки жараны — 44 жаштагы М.Д.Н. жана 55 жаштагы Н.А.К. кармалды.Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу жана сатуу максатында жөнөтүү”) менен кылмыш иши козголду.Учурда эки кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары уланууда.
https://sputnik.kg/20260919/shkunun-operacziyasynda-5-tonnadan-ashyk-bangizat-alyndy-1103769089.html
тажикстан
афганистан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/10/1102447386_0:73:573:503_1920x0_80_0_0_5d572b2e0c51418425b5a67eff3c4717.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тажикстан, афганистан, баңгизат, кылмыш, канал
кыргызстан, тажикстан, афганистан, баңгизат, кылмыш, канал
Афганстан — Тажикстан — Кыргызстан баңгизат каналына бөгөт коюлду
16:43 21.09.2026 (Жаңыртылды: 17:00 21.09.2026) БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстанда “афган чарсы” аталышындагы баңгизатты өзгөчө ири өлчөмдө ташып жана таратып жүргөн трансулуттук каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, мыйзамсыз баңгизат жүгү Афганстан — Тажикстан — Кыргызстан багыты боюнча ташылып келген. Каналдын ишмердүүлүгүнө шектелип Кыргызстандын эки жараны — 44 жаштагы М.Д.Н. жана 55 жаштагы Н.А.К. кармалды.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу жана сатуу максатында жөнөтүү”) менен кылмыш иши козголду.
“Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Н.А.К. үй-бүлө мүчөлөрүнө карата зомбулук көрсөтүп жүргөнү да аныкталган. Факт боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, дагы бир кылмыш иши ачылды”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда эки кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары уланууда.