Бир да мамлекеттик органдын сайты майыптыгы бар адамдарга толук ылайыкталган эмес

© Фото / пресс-служба Кабинета министров КР
Жазылуу
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Акыйкатчы институту жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстандагы 18 мамлекеттик интернет-ресурстун бири да майыптыгы бар адамдар үчүн санариптик жеткиликтүүлүк талаптарына толук жооп бербегени аныкталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Изилдөөнүн негизги максаты майыптыгы бар жарандар мамлекеттик органдардын сайттарын өз алдынча пайдаланып, керектүү маалыматты алып, электрондук формаларды толтуруп жана онлайн-кызматтарды башка адамдын жардамысыз колдоно алабы деген маселени баалоо болгон.
Сайттар WCAG эл аралык стандартынын сунуштамаларынын негизинде текшерилген. Анын алкагында клавиатура аркылуу башкаруу, экранды окуучу JAWS программасы менен иштөө, маалыматтарды үн чыгарып окуу, ошондой эле маалыматты Брайль дисплейи аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Мониторингдин жыйынтыгында эң жогорку көрсөткүч "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам" сайтында катталып, 68,4 пайызды түзгөн. Андан кийин "Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкы" — 52,9% пайызга, Ош мэриясынын сайты 47,4 пайызга жеткен.
Ал эми эң төмөн көрсөткүчтөр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (15%) жана Бишкек мэриясынын (15,8%) сайттарында аныкталган.
Мониторингге алынган 18 интернет-ресурстун көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 15%
Бишкек шаарынын мэриясы — 15,8%
Маалыматтын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борборлоштурулган порталы — 18,8%
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКы — 20%
"Мектеп" маалыматтык системасы — 21,1%
Саламаттык сактоо министрлиги — 22,2%
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги — 22,2%
Башкы прокуратура — 26,3%
Мамлекеттик салык кызматы — 26,3%
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги — 26,7%
"Балалык" мамлекеттик автоматташтырылган аппараттык системасы — 31,6%
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКы — 31,6%
Юстиция министрлиги — 33,3%
Агартуу министрлиги — 33,3%
Социалдык фонд — 45%
Ош шаарынын мэриясы — 47,4%
"Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкы" — 52,9%
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам" — 68,4%
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды майыптыгы бар жарандарга санариптик ресурстардан жана онлайн-кызматтардан маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн бирдей камсыз кылууга чакырып, министрлер кабинетине тиешелүү сунуштар камтылган кат жөнөттү. Ал санариптик ресурстардын жеткиликтүүлүгү милдеттүү талап болушу керектигин белгиледи.
Кыргызстандын мыйзамдарында майыптыгы бар адамдардын укугун камсыз кылууга, санариптик форматта көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө карата талаптар каралган.
