https://sputnik.kg/20260907/japarov-akyikatchy-jamanbaeva-menen-jolykshuusu-kynoolor-1103513487.html
Жапаров акыйкатчыны укук коргоо органдарынан басым болсо коркпоого чакырды
Жапаров акыйкатчыны укук коргоо органдарынан басым болсо коркпоого чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алып, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо... 07.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-07T16:36+0600
2026-09-07T16:36+0600
2026-09-07T16:41+0600
кыргызстан
акыйкатчы
президент
садыр жапаров
укук коргоо
басым
изилдөө
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103512617_0:364:2560:1804_1920x0_80_0_0_249e5e97afc35957300827eaba98f307.jpg
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алып, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо багытындагы маселелерди талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.Жолугушууда Акыйкатчы институтунун соңку жылдардагы ишмердигинин жыйынтыктары жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.Президент адам укуктарын сактоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, кыйноо фактылары же жарандардын укуктары тебеленген учурларга өзгөчө көңүл бурду.Ал ошондой эле өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жана жарандардын укуктарын бекем коргоого багытталган Акыйкатчы институтунун ишине мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.
https://sputnik.kg/20260728/akiykatchy-institutu-medreselerdi-teksherdi-1102652579.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103512617_136:0:2560:1818_1920x0_80_0_0_7fcdf2b2c5c1b9076461b9382de649d3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акыйкатчы, президент, садыр жапаров, укук коргоо, басым, изилдөө
кыргызстан, акыйкатчы, президент, садыр жапаров, укук коргоо, басым, изилдөө
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алып, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо багытындагы маселелерди талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда Акыйкатчы институтунун соңку жылдардагы ишмердигинин жыйынтыктары жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
Президент адам укуктарын сактоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, кыйноо фактылары же жарандардын укуктары тебеленген учурларга өзгөчө көңүл бурду.
“Кыйноолорду колдонуу же укук бузуулар боюнча кайрылуулар келип түшкөн учурда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ар тараптуу иликтөө жүргүзүшү керек. Мыйзам тарабынан кепилденген жарандардын укуктарын коргоодо укук коргоо органдарынын басымынан же мыйзамсыз аракеттеринен коркпостон, алардын кызыкчылыгын коргоо зарыл”, — деди Жапаров.
Ал ошондой эле өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жана жарандардын укуктарын бекем коргоого багытталган Акыйкатчы институтунун ишине мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.