https://sputnik.kg/20260918/shku-sammitinin-zhyjyntygy-1103733224.html
Кыргызстан "логистикалык туңгуюктан" кантип чыгууда. ШКУ саммитинин жыйынтыгы
Кыргызстан "логистикалык туңгуюктан" кантип чыгууда. ШКУ саммитинин жыйынтыгы
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Борбордук Азия акырындап "логистикалык туңгуюктан" ири транспорттук маршрутка айланып бара жатат. Алдыда кандай мүмкүнчүлүктөр ачылып, эмне... 18.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-18T20:04+0600
2026-09-18T20:04+0600
2026-09-18T20:04+0600
дүйнөдө
шку
саммит
саясат
экономика
деңиз
соода
борбор азия
https://sputnik.kg/img/07ea/09/10/1103704934_0:80:1536:944_1920x0_80_0_0_c5983d8550f4e282674ddaf87e182b03.png.webp
Бишкекте өткөн ШКУ саммити Евразия элдеринин эч кимди кийлигиштирбей алаканы кеңейтүүгө умтулганын көрсөткөн маанилүү окуя болуп калды. Тең укуктуулук, ишеним принциптери, өз ара пайдалуу консультациялар адилеттүү эл аралык системага пайдубал болчу эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүдө. Деген менен канчалык туура болсо да айтып-деп эле коюу жетишсиз. Алар анык бир долбоорго айланып, кызматташууга, "Шанхай духун" илгерилетүүгө тирөөч болушу шарт. Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган мезгилде демилгелерди ишке ашыруу аракеттерине чоң көңүл бурулду. Бишкектеги саммит да ушул нукта өттү. Мүчө мамлекеттер барган сайын энергетика, транспорт жана логистика, өнөр жай чынжырчаларын түзүү, коопсуздук маселелерине көбүрөөк басым жасай башташты. Ар бир тармак өлкөлөрдүн ортосундагы союздаштык байланышты бекемдеп келет. Кандай гана биримдик болбосун, баарында эле ири долбоорлорду ишке ашырууга негиз боло турган транспорттук байланыш чоң мааниге ээ. Муну Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин саммит башталар алдында жарыяланган макаласы да айгинелеп турат. "Кыргызстанда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуп жатат, "Бедел" өткөрүү пункту иштей баштады, эки өлкөнүн ортосунда түз каттамдар көбөйүүдө, көп деңгээлдүү жана мультимодалдык транспорттук түйүн жакшырууда", — деп айтылат анда. Калети жок. Бийик тоолуу аймактагы татаал шартка карабай Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу белгиленген убакыттан озуп жүрүп жатат. Ушу тапта биздеги 305 чакырымдык тилкеде 30дай тоннель, 43 көпүрө, 20 станция салынууда. Транспорт маселеси Бишкекте жолуккан Иран менен Кыргызстан башчыларынын да сүйлөшүүсүндөгү негизги тема болду. Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровго Ирандын ири порттук шаары Бендер-Аббаста логистикалык борбор түзүүнү сунуштады. Кыргызстандын деңизге чыгуусу боюнча маселе Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушууда да көтөрүлдү. Биздин өлкө үчүн бул — дээрлик эки миллиард эли бар Түштүк Азия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары, Кыргызстан транзиттик маршруттагы маанилүү хаб болуп калышы мүмкүн. Алгачкы ишараттар бар: "Кыргыз почтасы" ААКы менен "Пакистан Пост" улуттук почта оператору почта кызматын, логистиканы жана транс чек аралык коммерцияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Почта менен коммерциялык жүктөрдү автоунаа менен Кытайдан Кыргызстан аркылуу Пакистанга ташуу кызматташуунун бир багыты болуп калмакчы. Трамптын "маршруту"Күтүлгөндөй эле келген коноктордун кээси Транскаспийлик маршруттун же айрымдар атагандай, Ортолук коридордун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту. "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган буга басым жасап, "Бир алкак — бир жол" демилгесин Ортолук коридор менен айкалыштырууну тездетүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул ШКУ мамлекеттеринин батыш рынокторуна чыгуусун камсыздамакчы. Эрдоганды Азербайжандын лидери Илхам Алиев да колдоду. Ал саммиттин алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен да жолугуп, тараптар "Трамптын маршруту" деп атаган Ортолук коридор бул жерде да талкууланды. Башкача айтканда, мурун кыялданып эле тим болгон окуялар азыр көз алдыбызда болуп жатат. Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан "логистикалык туңгуюк" абалынан аттап өтүүдө. Мында кеп аймактын транспорттук коридорлорго кыстарылып кошулуусу тууралуу эмес, маанилүү маршруттардын кесилишкен борборуна айлануусу жөнүндө кеп болуп жатат. Керек болсо Батыштагы аналитикалык борборлор да дүйнөлүк экономика кылым ортосуна чейин Азияга жыларын моюндоого аргасыз. Кытай АКШдан озуп өтүп, үчүнчү орунду Индия ээлейт. Индонезия, Бангладеш, Пакистан, Малайзия, Египет сыяктуу мамлекеттердин барган сайын таасири артып баратат. Тогуз жолдун тоомундагы Борбордук Азиянын маанисин түшүнгөн жалгыз биз эмеспиз. Муну бизден миңдеген чакырым аралыкта жашагандар да аңдап-билип жатышат. Деген менен алардын ою, ниети дайым сүттөн ак дешке болбойт. Бул өзгөчө батыш өкмөттөрү, ЖМКлары жана эксперттери кызуу колдоп жаткан Ортолук коридордун мисалында жакшы көрүнөт. Маршрут Кытай, Борбордук Азия жана Европанын ортосунда жүк ташууну жөнгө салат деп айтылып келет. Бирок бул үчүн эбак эле жолго коюлган Россия аркылуу өткөн туруктуу артерия бар. Транскаспий маршруту аны алмаштыра алары же атаандаштык жарата алары күмөн. Муну Батышта деле моюндагандар бар. Ортолук коридордун маселеси АКШ Конгрессинин алдындагы Тышкы саясат боюнча кеңеш уюштурган эксперттик талкуу учурунда да көтөрүлдү. Бир катар аналитиктер маршрут мамлекеттик чек аралар менен бөлүнүп келерин, анын өнүгүүсү Каспийдеги аба ырайы менен темир жолдун көлөмүнөн тарта саясий тобокелчиликтерге чейинки факторлор менен чектелерин айтышты. Анда эмнеден улам бул долбоор мынча сүрөөнгө алынууда? Буга экономикалык эмес, саясий көз караштан туруп жооп берүү керек. Ак үйгө жакын аналитикалык борборлор Ортолук коридордун чыныгы максаты АКШнын Кавказ менен Орто Азиядагы позициясын күчөтүп, Россия, Кытай менен Ирандын таасирин азайтуу экенин ачык эле айтып жатышат. Бул АКШ менен союздаштарынын жападан жалгыз көрө турган пайдасы эмес. Биринчиден, Транскаспий маршруту Москва менен Тегерандын стратегиялык артыкчылыгын басаңдатып Ормуз кысыгындагы, Кызыл жана Кара деңиздериндеги "татаал жерлерден" кыйгап өтүүгө жол ачат. Мындай маалыматтар кайдан чыгып жатканын Трамптын сөзүнөн кийин түшүнүүгө болот. "Иран акылына келбесе зарылдыгы жоголгон Ормуз кысыгын кучактап жалгыз калат. Ормуз кысыгына бүгүн альтернатива арбын", — деген АКШ лидери 4-сентябрда. Экинчиден, Батышка Борбордук Азиянын минералдык ресурстары: уран, нефть, газ, сейрек кездешүүчү металлдар эч эле тынчтык бербей келет. "Батыштын бул ресурстарга жетер-жетпеси Ортолук коридордон көз каранды", — деп айтылат ошол эле макалада. Мындан улам РФ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцовдун Чыгыш экономикалык форумундагы сөзүнө кулак түрүү оң болчудай. Анын айтымында, АКШга Трамптын маршруту делген Ортолук коридорду негиздөөгө жол берүү америкалыктарга жана башка өлкөлөргө аймакка аскер күчүн, жеке аскердик компанияларды, Иран менен чектешкен Кавказда чалгын инфраструктурасын жайгаштырууга шарт түзөт. Демек, ушундай эле аракет Борбордук Азияда жүрбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Июль айында Украина Каспийдеги Ирандын соода кемесине сокку урганын да унутпайлы. Батыш Киевдин жаңжалды Каспийге чейин жайылтуу аракетин сындоодон баш тартканы маалым. Кооптуу коңгуроо. Коопсуз альтернатива Мындай жагдай Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу менен ташылган жүк андан ары кайда барат жана аймактын улам өсүп-өнүп келе жаткан транспорттук системасы кайсы тармак менен байланышта болушу керек деген суроо жаратат. Биздин баамыбызда, системанын Иран жана Түштүк Азиянын өнүккөн инфраструктуралык артерияларына кошулуп, Инд океанынын деңиз портторуна чыгуусу максатка көбүрөөк ылайыктуудай. Албетте, мунун баары куру кыял эмес: мындай маршруттар эзелтен иштеп келет. Былтыр Кытай менен Иранды байланыштырган Сиань — Тегеран темир жол каттамы ишке кирген. 10,4 миң чакырымдык маршрут Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды аралап өтөт. Жүк 15 күндө жеткирилип, деңиз менен ташуу убактысын эки эсе азайтат. Быйыл июлда Иран, Тажикстан жана Афганстан транспорттук коридор түзүү боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюшту. Ошол эле айда Афганстандын Герат шаарына Кытайдан алгачкы поезд келди. Жалпы жонунан Ирандын транзиттик потенциалы жылына 40 миллион тоннаны түзөт. Мындан тышкары, бул Россия менен Иранды бириктирип, Батыш Азия жана Түштүк Азия рынокторуна жол ачкан Түндүк — Түштүк эл аралык транспорттук коридоруна кошулууга мүмкүндүк берет. Аталган маршрутка кызыккан мамлекеттердин саны барган сайын өсүүдө. Тиешелүү меморандумдарга Россия Оман жана Бахрейн менен кол койду, Сауд Арабиясы жана Катар менен макулдашуулар даярдалып жатат. 2025-жылдан тарта коридордун чыгыш бөлүгү аркылуу Афганстан менен Иракка контейнердик поезддер каттай баштады. Түндүк — Түштүк коридорунун негизги бөлүгүн Тегеран демилгелеген "Каспий экспресси" түзүп калышы толук ыктымал. Анда региондогу сооданы жайылтуу үчүн Каспийдеги порт инфраструктурасын пайдалануу каралган. Экономика жаатындагы алака эч убакта ашык болбойт. Мамлекеттин соода өнөктөшү канчалык көп болсо, инвестиция канчалык арбын тартылса, ошончолук жакшы. Бирок экономикага саясаттын аралашып кеткен учурлары да жок эмес, андыктан этияттык менен терең талдоо эч убакта ашыкча болбойт. Өзгөчө, кеп өзүбүздүн келечек туурасында жүрүп жатканда кылдаттык алешем кадамдарды алдын алат.
https://sputnik.kg/20260904/masadykov-zhkku-zhana-shku-tuuraluu-1103455879.html
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/10/1103704934_86:0:1451:1024_1920x0_80_0_0_4eb85fee8c582fe52becbb5705121dd9.png.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, шку, саммит, саясат, экономика, деңиз, соода, борбор азия
дүйнөдө, шку, саммит, саясат, экономика, деңиз, соода, борбор азия
Кыргызстан "логистикалык туңгуюктан" кантип чыгууда. ШКУ саммитинин жыйынтыгы
Кыргызстан менен Борбордук Азия акырындап "логистикалык туңгуюктан" ири транспорттук маршрутка айланып бара жатат. Алдыда кандай мүмкүнчүлүктөр ачылып, эмне тобокелдиктер күтүп жатканы тууралуу Sputnik колумнисти ой толгогон.
Бишкекте өткөн ШКУ саммити Евразия элдеринин эч кимди кийлигиштирбей алаканы кеңейтүүгө умтулганын көрсөткөн маанилүү окуя болуп калды. Тең укуктуулук, ишеним принциптери, өз ара пайдалуу консультациялар адилеттүү эл аралык системага пайдубал болчу эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүдө. Деген менен канчалык туура болсо да айтып-деп эле коюу жетишсиз. Алар анык бир долбоорго айланып, кызматташууга, "Шанхай духун" илгерилетүүгө тирөөч болушу шарт.
Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган мезгилде демилгелерди ишке ашыруу аракеттерине чоң көңүл бурулду. Бишкектеги саммит да ушул нукта өттү. Мүчө мамлекеттер барган сайын энергетика, транспорт жана логистика, өнөр жай чынжырчаларын түзүү, коопсуздук маселелерине көбүрөөк басым жасай башташты. Ар бир тармак өлкөлөрдүн ортосундагы союздаштык байланышты бекемдеп келет.
Кандай гана биримдик болбосун, баарында эле ири долбоорлорду ишке ашырууга негиз боло турган транспорттук байланыш чоң мааниге ээ. Муну Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин саммит башталар алдында жарыяланган макаласы да айгинелеп турат. "Кыргызстанда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуп жатат, "Бедел" өткөрүү пункту иштей баштады, эки өлкөнүн ортосунда түз каттамдар көбөйүүдө, көп деңгээлдүү жана мультимодалдык транспорттук түйүн жакшырууда", — деп айтылат анда.
Калети жок. Бийик тоолуу аймактагы татаал шартка карабай Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу белгиленген убакыттан озуп жүрүп жатат. Ушу тапта биздеги 305 чакырымдык тилкеде 30дай тоннель, 43 көпүрө, 20 станция салынууда.
Транспорт маселеси Бишкекте жолуккан Иран менен Кыргызстан башчыларынын да сүйлөшүүсүндөгү негизги тема болду. Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровго Ирандын ири порттук шаары Бендер-Аббаста логистикалык борбор түзүүнү сунуштады.
Кыргызстандын деңизге чыгуусу боюнча маселе Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушууда да көтөрүлдү. Биздин өлкө үчүн бул — дээрлик эки миллиард эли бар Түштүк Азия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары, Кыргызстан транзиттик маршруттагы маанилүү хаб болуп калышы мүмкүн. Алгачкы ишараттар бар: "Кыргыз почтасы" ААКы менен "Пакистан Пост" улуттук почта оператору почта кызматын, логистиканы жана транс чек аралык коммерцияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Почта менен коммерциялык жүктөрдү автоунаа менен Кытайдан Кыргызстан аркылуу Пакистанга ташуу кызматташуунун бир багыты болуп калмакчы.
Күтүлгөндөй эле келген коноктордун кээси Транскаспийлик маршруттун же айрымдар атагандай, Ортолук коридордун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту. "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган буга басым жасап, "Бир алкак — бир жол" демилгесин Ортолук коридор менен айкалыштырууну тездетүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул ШКУ мамлекеттеринин батыш рынокторуна чыгуусун камсыздамакчы. Эрдоганды Азербайжандын лидери Илхам Алиев да колдоду. Ал саммиттин алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен да жолугуп, тараптар "Трамптын маршруту" деп атаган Ортолук коридор бул жерде да талкууланды.
Башкача айтканда, мурун кыялданып эле тим болгон окуялар азыр көз алдыбызда болуп жатат. Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан "логистикалык туңгуюк" абалынан аттап өтүүдө. Мында кеп аймактын транспорттук коридорлорго кыстарылып кошулуусу тууралуу эмес, маанилүү маршруттардын кесилишкен борборуна айлануусу жөнүндө кеп болуп жатат.
Керек болсо Батыштагы аналитикалык борборлор да дүйнөлүк экономика кылым ортосуна чейин Азияга жыларын моюндоого аргасыз. Кытай АКШдан озуп өтүп, үчүнчү орунду Индия ээлейт. Индонезия, Бангладеш, Пакистан, Малайзия, Египет сыяктуу мамлекеттердин барган сайын таасири артып баратат.
Тогуз жолдун тоомундагы Борбордук Азиянын маанисин түшүнгөн жалгыз биз эмеспиз. Муну бизден миңдеген чакырым аралыкта жашагандар да аңдап-билип жатышат. Деген менен алардын ою, ниети дайым сүттөн ак дешке болбойт. Бул өзгөчө батыш өкмөттөрү, ЖМКлары жана эксперттери кызуу колдоп жаткан Ортолук коридордун мисалында жакшы көрүнөт. Маршрут Кытай, Борбордук Азия жана Европанын ортосунда жүк ташууну жөнгө салат деп айтылып келет. Бирок бул үчүн эбак эле жолго коюлган Россия аркылуу өткөн туруктуу артерия бар. Транскаспий маршруту аны алмаштыра алары же атаандаштык жарата алары күмөн. Муну Батышта деле моюндагандар бар.
Ортолук коридордун маселеси АКШ Конгрессинин алдындагы Тышкы саясат боюнча кеңеш уюштурган эксперттик талкуу учурунда да көтөрүлдү. Бир катар аналитиктер маршрут мамлекеттик чек аралар менен бөлүнүп келерин, анын өнүгүүсү Каспийдеги аба ырайы менен темир жолдун көлөмүнөн тарта саясий тобокелчиликтерге чейинки факторлор менен чектелерин айтышты.
Анда эмнеден улам бул долбоор мынча сүрөөнгө алынууда? Буга экономикалык эмес, саясий көз караштан туруп жооп берүү керек. Ак үйгө жакын аналитикалык борборлор Ортолук коридордун чыныгы максаты АКШнын Кавказ менен Орто Азиядагы позициясын күчөтүп, Россия, Кытай менен Ирандын таасирин азайтуу экенин ачык эле айтып жатышат.
"Бул маршрут жөн эле жол эмес, ал — Американын өнөктөш өлкөлөргө көз карандысыздыгын сактап калууга жардам берип, Россия, Кытай жана Ирандын Каспий регионундагы үстөмдүгүнө жол бербей, Евразиянын жүрөгүнө жетүү аракети", — деп жазылат Американын тышкы саясат боюнча кеңешинин (AFPC) сайтындагы макалада.
Бул АКШ менен союздаштарынын жападан жалгыз көрө турган пайдасы эмес. Биринчиден, Транскаспий маршруту Москва менен Тегерандын стратегиялык артыкчылыгын басаңдатып Ормуз кысыгындагы, Кызыл жана Кара деңиздериндеги "татаал жерлерден" кыйгап өтүүгө жол ачат. Мындай маалыматтар кайдан чыгып жатканын Трамптын сөзүнөн кийин түшүнүүгө болот. "Иран акылына келбесе зарылдыгы жоголгон Ормуз кысыгын кучактап жалгыз калат. Ормуз кысыгына бүгүн альтернатива арбын", — деген АКШ лидери 4-сентябрда.
Экинчиден, Батышка Борбордук Азиянын минералдык ресурстары: уран, нефть, газ, сейрек кездешүүчү металлдар эч эле тынчтык бербей келет.
"Батыштын бул ресурстарга жетер-жетпеси Ортолук коридордон көз каранды", — деп айтылат ошол эле макалада.
Мындан улам РФ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцовдун Чыгыш экономикалык форумундагы сөзүнө кулак түрүү оң болчудай. Анын айтымында, АКШга Трамптын маршруту делген Ортолук коридорду негиздөөгө жол берүү америкалыктарга жана башка өлкөлөргө аймакка аскер күчүн, жеке аскердик компанияларды, Иран менен чектешкен Кавказда чалгын инфраструктурасын жайгаштырууга шарт түзөт. Демек, ушундай эле аракет Борбордук Азияда жүрбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Июль айында Украина Каспийдеги Ирандын соода кемесине сокку урганын да унутпайлы. Батыш Киевдин жаңжалды Каспийге чейин жайылтуу аракетин сындоодон баш тартканы маалым. Кооптуу коңгуроо.
Мындай жагдай Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу менен ташылган жүк андан ары кайда барат жана аймактын улам өсүп-өнүп келе жаткан транспорттук системасы кайсы тармак менен байланышта болушу керек деген суроо жаратат. Биздин баамыбызда, системанын Иран жана Түштүк Азиянын өнүккөн инфраструктуралык артерияларына кошулуп, Инд океанынын деңиз портторуна чыгуусу максатка көбүрөөк ылайыктуудай.
Албетте, мунун баары куру кыял эмес: мындай маршруттар эзелтен иштеп келет. Былтыр Кытай менен Иранды байланыштырган Сиань — Тегеран темир жол каттамы ишке кирген. 10,4 миң чакырымдык маршрут Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды аралап өтөт. Жүк 15 күндө жеткирилип, деңиз менен ташуу убактысын эки эсе азайтат.
Быйыл июлда Иран, Тажикстан жана Афганстан транспорттук коридор түзүү боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюшту. Ошол эле айда Афганстандын Герат шаарына Кытайдан алгачкы поезд келди. Жалпы жонунан Ирандын транзиттик потенциалы жылына 40 миллион тоннаны түзөт. Мындан тышкары, бул Россия менен Иранды бириктирип, Батыш Азия жана Түштүк Азия рынокторуна жол ачкан Түндүк — Түштүк эл аралык транспорттук коридоруна кошулууга мүмкүндүк берет.
Аталган маршрутка кызыккан мамлекеттердин саны барган сайын өсүүдө. Тиешелүү меморандумдарга Россия Оман жана Бахрейн менен кол койду, Сауд Арабиясы жана Катар менен макулдашуулар даярдалып жатат. 2025-жылдан тарта коридордун чыгыш бөлүгү аркылуу Афганстан менен Иракка контейнердик поезддер каттай баштады. Түндүк — Түштүк коридорунун негизги бөлүгүн Тегеран демилгелеген "Каспий экспресси" түзүп калышы толук ыктымал. Анда региондогу сооданы жайылтуу үчүн Каспийдеги порт инфраструктурасын пайдалануу каралган.
Экономика жаатындагы алака эч убакта ашык болбойт. Мамлекеттин соода өнөктөшү канчалык көп болсо, инвестиция канчалык арбын тартылса, ошончолук жакшы. Бирок экономикага саясаттын аралашып кеткен учурлары да жок эмес, андыктан этияттык менен терең талдоо эч убакта ашыкча болбойт. Өзгөчө, кеп өзүбүздүн келечек туурасында жүрүп жатканда кылдаттык алешем кадамдарды алдын алат.