БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Монополияны жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, Бишкекте уйдун сулп этинин килограммы 870 сом, сөөктүү эттики 770 сом, кой эти 880 сом деп белгиленди. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Баалар төмөнкүдөй болмокчу:
Аймактарда уйдун сөөктүү этинин чекене баасы 750-775 сом, сулп эти 840-880 сом, кой эти 840-880 сом болду.
Чүй облусу — уйдун сулп эти 850, сөөгү менен дүң баасы 700, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 800, чекене баасы 880 сом;
Нарын облусу — уйдун сулп эти 840 сом, сөөгү менен дүң баасы 690, чекене баасы 750 сом, койдун этине дүң баа 820 сом, чекенеси 840 сом;
Ысык-Көл облусу — уйдун сулп эти 870 сом, сөөгү менен дүңүнөн 700, чекене 770 сомдон сатылат, койдун эти дүңүнөн 820 сом, чекенеси 840 сомдон;
Талас облусу — уйдун сулп эти 850 сом, сөөгү менен дүң баасы 700, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 800 сом, 840 сом;
Ош облусу — уйдун сулп эти 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 690, чекене баасы 750 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 880 сом;
Жалал-Абад — уйдун сулп эти 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 700, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 880 сом;
Баткен — уйдун сулп эти 880 сом, сөөгү менен дүң баасы 705 сом чекене баасы 775 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 850 сом.


