https://sputnik.kg/20260911/1103610388.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек министрлиги кыргыз диаспоралары менен кызматташууну күчөтөтДүйнөлүк жаштар фестивалынын дирекциясы: Кыргызстан менен чоң долбоорлор барПрезидент... 11.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-11T19:00+0600
2026-09-11T19:00+0600
2026-09-11T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103610222_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_327fc4451f853c9ca6a27ef7222b9966.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек министрлиги кыргыз диаспоралары менен кызматташууну күчөтөтДүйнөлүк жаштар фестивалынын дирекциясы: Кыргызстан менен чоң долбоорлор барПрезидент Таластагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында борбордук стадиондун курулушу менен таанышты. Жаңы көп функционалдуу спорт комплекси 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталып, анда футбол, жеңил атлетика боюнча машыгуулар жана мелдештер, ошондой эле ири маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Мамлекет башчысы стадиондун курулушунда сапатты камсыз кылып, объектти белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды. Ал спорт инфраструктурасын өнүктүрүү жаштардын саламаттыгын чыңдоодо маанилүү экенин белгиледи
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда мекендештер менен кызматташууну мындан ары чыңдоо, алардын демилгелерин колдоо жана Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды. Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов диаспора өкүлдөрүнүн мекендештерди бириктирүүгө, ынтымакты бекемдөөгө жана чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын жарандарына колдоо көрсөтүүгө кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле диаспора өкүлдөрүнүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусунун жана кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын чет өлкөлөрдө жайылтууга кошкон салымынын маанилүүлүгү белгиленди. Камчыбек Досматов мекендештерге активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, диаспоралар менен өз ара байланышты чыңдоо жана мекендештерди колдоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.
Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму кызматташтыкты кеңейтет. Маселе министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушуусунда талкууланды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун учурдагы кызматташтыгы, улуттук жана регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен иштерди мындан ары кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар агрардык секторду жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, санариптик жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө, суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана жайыттарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, ветеринария тармагында антимикробдук туруктуулукка каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти
Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын дирекциясынын Кыргызстан менен биргелешкен чоң долбоорлору бар, ал жакта өтө таланттуу жаштар көп. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине дирекция жетекчисинин орун басары Вахтанг Хикландзе билдирди. Фестиваль Екатеринбург шаарында өтүүдө. Ага 5 миңден ашуун чет элдик катышуучунун, анын ичинде Кыргызстандан чоң делегациянын келиши күтүлүүдө.Ал Кыргызстан менен Казакстанда өтө шыктуу, таланттуу жаштар көп экенин белгилеп, уюштуруучулар алар менен биргелешип көбүрөөк медиадолбоорлорду ишке ашырууну каалаарын кошумчалады.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 44 тыйын юань 13 сом 3 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ12-сентябрга караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Жалал-Абад, Ош, облустарында +28...+33, Баткен аймагында +27...+32, Талас чөлкөмүндө +24...+29, Ысык-Көл регионунда +22...+27, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ошто +30...+32, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Эмгек министрлиги кыргыз диаспоралары менен кызматташууну күчөтөтДүйнөлүк жаштар фестивалынын дирекциясы: Кыргызстан менен чоң долбоорлор барПрезидент Таластагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында борбордук стадиондун курулушу менен таанышты. Жаңы көп функционалдуу спорт комплекси 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталып, анда футбол, жеңил атлетика боюнча машыгуулар жана мелдештер, ошондой эле ири маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Мамлекет башчысы стадиондун курулушунда сапатты камсыз кылып, объектти белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды. Ал спорт инфраструктурасын өнүктүрүү жаштардын саламаттыгын чыңдоодо маанилүү экенин белгиледи Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда мекендештер менен кызматташууну мындан ары чыңдоо, алардын демилгелерин колдоо жана Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды. Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов диаспора өкүлдөрүнүн мекендештерди бириктирүүгө, ынтымакты бекемдөөгө жана чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын жарандарына колдоо көрсөтүүгө кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле диаспора өкүлдөрүнүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусунун жана кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын чет өлкөлөрдө жайылтууга кошкон салымынын маанилүүлүгү белгиленди. Камчыбек Досматов мекендештерге активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, диаспоралар менен өз ара байланышты чыңдоо жана мекендештерди колдоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи. Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму кызматташтыкты кеңейтет. Маселе министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушуусунда талкууланды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун учурдагы кызматташтыгы, улуттук жана регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен иштерди мындан ары кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар агрардык секторду жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, санариптик жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө, суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана жайыттарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, ветеринария тармагында антимикробдук туруктуулукка каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын дирекциясынын Кыргызстан менен биргелешкен чоң долбоорлору бар, ал жакта өтө таланттуу жаштар көп. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине дирекция жетекчисинин орун басары Вахтанг Хикландзе билдирди. Фестиваль Екатеринбург шаарында өтүүдө. Ага 5 миңден ашуун чет элдик катышуучунун, анын ичинде Кыргызстандан чоң делегациянын келиши күтүлүүдө.Ал Кыргызстан менен Казакстанда өтө шыктуу, таланттуу жаштар көп экенин белгилеп, уюштуруучулар алар менен биргелешип көбүрөөк медиадолбоорлорду ишке ашырууну каалаарын кошумчалады. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 44 тыйын юань 13 сом 3 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.АБА ЫРАЙЫ12-сентябрга караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Жалал-Абад, Ош, облустарында +28...+33, Баткен аймагында +27...+32, Талас чөлкөмүндө +24...+29, Ысык-Көл регионунда +22...+27, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ошто +30...+32, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103610222_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_132dc14b06a33bc8ce837f214a7c6fd1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио