https://sputnik.kg/20260911/1103607782.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Токаев Көчмөндөр оюндарындагы жыйынтык үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирдиЛавров АКШнын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калганын айттыТаласта 350 млн... 11.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-11T17:00+0600
2026-09-11T17:00+0600
2026-09-11T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103607616_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4acbc9b5682bb3a81abdf4b4ce8e2fc8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Токаев Көчмөндөр оюндарындагы жыйынтык үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирдиЛавров АКШнын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калганын айттыТаласта 350 млн долларлык өнөр жай комплексин куруу пландалууда
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында бүгүн, 11-сентябрда "Манас Ордо" улуттук комплексинде Талас облусунда бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ниети жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү. Документке президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын “QAZAQ BITUM Processing” компаниясынын директору Ержан Бейсебаев кол коюшту. Меморандумда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү, ошондой эле полимер менен модификацияланган PG ( Пи Джи) битумун өндүрүүчү өнөр жай комплексин куруу долбоорун даярдоо боюнча кызматташууну каралган. Долбоорду ишке ашырууга салынуучу инвестициялардын болжолдуу көлөмү 350 млн долларды түзөт. Долбоор инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө, импортту алмаштырууга, ошондой эле Талас облусунун өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде уюштурулуп, анын жыйынтыктары калыс чыкты. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирдиТокаев мындай абройлуу таймашта Казакстан курамасынын жалпы командалык эсепте жеңишке жетиши бүтүндөй өлкө үчүн сыймык болгонун белгиледиКазакстан бул жалпы ишке өз салымын кошууга дайыма даяр. Биздин ата-бабаларыбыз эки боордош элге калтырган эң баа жеткис мурас — бул өз ара урмат-сый жана түбөлүктүү достук. Биз бул акылман осуяттарды ыйык тутушубуз керек. Биз Улуу талаа цивилизациясынын мыйзамдуу мураскерлери болуп саналабыз”, — деди Казакстан лидери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлерин сыйлоо аземинде. Буга чейин Кыргызстан президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзов медалдарды кайра санап чыккандан кийин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы медаль эсебинде Казакстан биринчи орунду ээлегенин билдирген.
Америкалыктарда “бир уюлдуу дүйнө куруу” каалоосу терең орноп калган, бирок алардын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калды жана НАТОдогу союздаштары менен көйгөйлөрү бар. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.Ал Россия АКШ менен да, өзүнө кайрылган башка бардык тараптар менен да алака жүргүзүп жатканын белгиледи.Муну менен катар Россия БУУ, ЖККУ, КМШ жана ЕАЭБ алкагында ишин уланта берерин кошумчалады.
Токаев Көчмөндөр оюндарындагы жыйынтык үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирдиЛавров АКШнын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калганын айттыТаласта 350 млн долларлык өнөр жай комплексин куруу пландалууда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында бүгүн, 11-сентябрда "Манас Ордо" улуттук комплексинде Талас облусунда бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ниети жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү. Документке президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын “QAZAQ BITUM Processing” компаниясынын директору Ержан Бейсебаев кол коюшту. Меморандумда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү, ошондой эле полимер менен модификацияланган PG ( Пи Джи) битумун өндүрүүчү өнөр жай комплексин куруу долбоорун даярдоо боюнча кызматташууну каралган. Долбоорду ишке ашырууга салынуучу инвестициялардын болжолдуу көлөмү 350 млн долларды түзөт. Долбоор инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө, импортту алмаштырууга, ошондой эле Талас облусунун өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде уюштурулуп, анын жыйынтыктары калыс чыкты. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирдиТокаев мындай абройлуу таймашта Казакстан курамасынын жалпы командалык эсепте жеңишке жетиши бүтүндөй өлкө үчүн сыймык болгонун белгиледиКазакстан бул жалпы ишке өз салымын кошууга дайыма даяр. Биздин ата-бабаларыбыз эки боордош элге калтырган эң баа жеткис мурас — бул өз ара урмат-сый жана түбөлүктүү достук. Биз бул акылман осуяттарды ыйык тутушубуз керек. Биз Улуу талаа цивилизациясынын мыйзамдуу мураскерлери болуп саналабыз”, — деди Казакстан лидери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлерин сыйлоо аземинде. Буга чейин Кыргызстан президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзов медалдарды кайра санап чыккандан кийин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы медаль эсебинде Казакстан биринчи орунду ээлегенин билдирген. Америкалыктарда “бир уюлдуу дүйнө куруу” каалоосу терең орноп калган, бирок алардын Газа сектору боюнча планы ишке ашпай калды жана НАТОдогу союздаштары менен көйгөйлөрү бар. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.Ал Россия АКШ менен да, өзүнө кайрылган башка бардык тараптар менен да алака жүргүзүп жатканын белгиледи.Муну менен катар Россия БУУ, ЖККУ, КМШ жана ЕАЭБ алкагында ишин уланта берерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103607616_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_757e1a724d0c8c7b64bb133ebb921f38.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио