https://sputnik.kg/20260911/1103601810.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө бүгүн онлайн форматта бир убакта 105 социалдык объект ачылды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ичинде 34 мектеп жана 28 бала бакча... 11.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-11T15:00+0600
2026-09-11T15:00+0600
2026-09-11T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103601644_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8002ed0686d9934bee052d790f3e0c26.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө бүгүн онлайн форматта бир убакта 105 социалдык объект ачылды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ичинде 34 мектеп жана 28 бала бакча бар. Ошондой эле 12 спорттук жай, 9 саламаттыкты сактоо мекемеси жана 9 маданият объектиси пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, башка багыттагы 13 объект ачылды. Белгилей кетсек, бүгүн Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Өлкө башчысы өзү Таласта “Акылман” президенттик лицейин ачты. Ошондой эле майрамдын урматына шаарда жаңы борбордук мечит, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жаңы корпусу жана жаңыланган “Манас Ордо” комплекси ачылды.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон №2 Кош-Дөбө (түндүк) туннелинин өтмөгү толук аяктады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, №2 Кош-Дөбө туннели долбоордо өтмөгү толук бүткөн биринчи туннель болуп калды. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун кыргыз тилкесинде жалпы узундугу 104,084 чакырымды түзгөн 29 туннель куруу каралган. Учурда алардын 28инде курулуш иштери жүрүп жатат. Туннелдерди курууда заманбап технологиялар жана инженердик чечимдер колдонулуп, коопсуздук талаптарына өзгөчө көңүл бурулууда. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган маанилүү транспорттук долбоорлордун бири болуп саналат.
Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу менен салттуу кытай медицинасынын индустриалдык паркын түзүү пландалууда. Долбоордун жалпы наркы $1 млрд деп бааланууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Долбоордо илимий-изилдөө борборун түзүү, табигый дарыларды өндүрүү, чийки затты кайра иштетүү жана диагностикалык кызматтарды өнүктүрүү каралган. Ошондой эле жергиликтүү адистерди даярдоо пландалууда. Парк толук кубаттуулукта иштегенде жылына $480 млнго чейин салык түшүмү күтүлүүдө. Долбоор Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров менен «XXI кылымдын биомедициналык компаниясынын» өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланып, тараптар ишти улантууга макулдашты.
Европада Украинага ири өлчөмдө курал-жарак жеткирүүнү улантуу үчүн курал жетишсиз болуп жатат, ошондой эле анын каржылык мүмкүнчүлүктөрү да кыскарууда. Мындай пикирин Европарламенттин депутаты Фернан Картайзер “Известия” гезитиндеги маегинде билдирди. Анын айтымында, курал-жарактын таңсыктыгы өзгөчө абадан коргонуу тармагында даана байкалууда. “Мындан тышкары, Евробиримдиктин акчасы түгөнүп баратат, ал эми Украинанын каржылык муктаждыктары чексиздей сезилет”, — деди Картайзер. Россия Украинага курал-жарак жеткирүү чыр-чатакты жөнгө салууга кедергисин тийгизип, НАТО өлкөлөрүн тирешүүгө аралаштырып жатканын бир нече ирет эскерткен. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал ташыган жүктөр россиялык аскерлердин мыйзамдуу бутасына айланышы мүмкүн экенин белгилеген. Кремлден да Батыштын Украинага курал берип жатканы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө шарт түзбөй турганын жана анын кесепети оор болорун эскертишкен.
Өлкөдө бүгүн онлайн форматта бир убакта 105 социалдык объект ачылды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ичинде 34 мектеп жана 28 бала бакча бар. Ошондой эле 12 спорттук жай, 9 саламаттыкты сактоо мекемеси жана 9 маданият объектиси пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, башка багыттагы 13 объект ачылды. Белгилей кетсек, бүгүн Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Өлкө башчысы өзү Таласта “Акылман” президенттик лицейин ачты. Ошондой эле майрамдын урматына шаарда жаңы борбордук мечит, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жаңы корпусу жана жаңыланган “Манас Ордо” комплекси ачылды. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон №2 Кош-Дөбө (түндүк) туннелинин өтмөгү толук аяктады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, №2 Кош-Дөбө туннели долбоордо өтмөгү толук бүткөн биринчи туннель болуп калды. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун кыргыз тилкесинде жалпы узундугу 104,084 чакырымды түзгөн 29 туннель куруу каралган. Учурда алардын 28инде курулуш иштери жүрүп жатат. Туннелдерди курууда заманбап технологиялар жана инженердик чечимдер колдонулуп, коопсуздук талаптарына өзгөчө көңүл бурулууда. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган маанилүү транспорттук долбоорлордун бири болуп саналат.Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу менен салттуу кытай медицинасынын индустриалдык паркын түзүү пландалууда. Долбоордун жалпы наркы $1 млрд деп бааланууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Долбоордо илимий-изилдөө борборун түзүү, табигый дарыларды өндүрүү, чийки затты кайра иштетүү жана диагностикалык кызматтарды өнүктүрүү каралган. Ошондой эле жергиликтүү адистерди даярдоо пландалууда. Парк толук кубаттуулукта иштегенде жылына $480 млнго чейин салык түшүмү күтүлүүдө. Долбоор Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров менен «XXI кылымдын биомедициналык компаниясынын» өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланып, тараптар ишти улантууга макулдашты.Европада Украинага ири өлчөмдө курал-жарак жеткирүүнү улантуу үчүн курал жетишсиз болуп жатат, ошондой эле анын каржылык мүмкүнчүлүктөрү да кыскарууда. Мындай пикирин Европарламенттин депутаты Фернан Картайзер “Известия” гезитиндеги маегинде билдирди. Анын айтымында, курал-жарактын таңсыктыгы өзгөчө абадан коргонуу тармагында даана байкалууда. “Мындан тышкары, Евробиримдиктин акчасы түгөнүп баратат, ал эми Украинанын каржылык муктаждыктары чексиздей сезилет”, — деди Картайзер. Россия Украинага курал-жарак жеткирүү чыр-чатакты жөнгө салууга кедергисин тийгизип, НАТО өлкөлөрүн тирешүүгө аралаштырып жатканын бир нече ирет эскерткен. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал ташыган жүктөр россиялык аскерлердин мыйзамдуу бутасына айланышы мүмкүн экенин белгилеген. Кремлден да Батыштын Украинага курал берип жатканы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө шарт түзбөй турганын жана анын кесепети оор болорун эскертишкен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103601644_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0d2e232c108199d370f70a1343e871ee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио