00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдардын репродуктивдик ден соолугу: ден соолукка эмне пайдалуу, эмнеден сактануу керек?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Руслан Курманалиев: сахнада жанып, элдин жүрөгүндө калган талант
19:06
57 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Ачык кеп
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды — дүйнө элин суктандырган иш-чара эмнеси менен эсте калды?
21:11
53 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

AI адамзатты жок кылып жибериши мүмкүн. Жеффри Хинтондун билдирүүсү

© Sputnik / Изображение сгенерировано ИИЖасалма акыл
Жасалма акыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жасалма акылды (AI) көзөмөлдөн чыгарып алсак кесепети өтө жаман болот, ал тургай адамзатты жок кылып коюшу мүмкүн. Бул тууралуу 2024-жылы физика боюнча Нобель сыйлыгын алган жана ЖИнин негиздөөчүлөрүнүн бири, британ-канадалык когнитивдик психолог, эсептөөчү машиналар теориясынын адиси Жеффри Хинтон билдирди.
Буга чейин ал жасалма интеллектиден адамга гана мүнөздүү болгон өзүн-өзү аңдап-билүү белгилерин байкаганын айткан. Хинтондун пикиринде, жасалма интеллектинин моделдери өнүккөн сайын акылдуу болуп, аларды башкарып, көзөмөлгө алып туруу барган сайын кыйындай берет.
"Биз аларды (жасалма акылдын моделдерин. — ред.) алдап, амалкөйлүк менен көзөмөлдөп тура алабыз жана ошону менен аларды башкарууну колдон чыгарбайбыз дегенге ишенбейм", — деп анын айтканын CNN телеканалы жазды.
Илимпоздун айтымында, ЖИнин мүмкүнчүлүктөрү арткан сайын анын максат, ниеттери, анын ичинде адамдын көзөмөлүнөн чыгып кетүү жөндөмү да улам арта берет.
Ошондой эле Хинтон жасалма акылдын көмөгү менен жасалчу киберчабуулдардын көбөйүү коркунучу тууралуу эскертти. Анын сөзү боюнча, AI-агенттеринин жардамы менен системаларды бузуп кирүү тууралуу акыркы маалыматтар көп нерсенин башталышы гана болушу мүмкүн.
"Көптөгөн коркунучтуу киберчабуулдар болот деп ойлойм", — деген Хинтон.
Хинтон жасалма нейрон тармагы болгон Больцмандын машинасын түзүүгө катышкан жана AI менен чат-боттордун иштөөсүнө негиз болгон тереңдетип окутуу технологиясын түптөгөн. Ушул эмгеги үчүн аны ЖИнин "аталарынын" бири деп атап калышкан. 2024-жылы ал жасалма нейротүйүндөр жаатындагы изилдөөлөрү жана аларды машиналык окутууда колдонгону үчүн физика боюнча Нобель сыйлыгына татыган.
Июль айында OpenAI компаниясы тесттен өткөрүү учурунда анын моделдери Hugging Face платформасынын инфраструктурасын өз алдынча бузуп киргенин билдирген. Ошондой эле буга катышы бар, бирок коомчулукка сунуштала элек моделдин киберкоргонуу параметрлери аны сыноо максатында атайын төмөндөтүлгөнү белгиленген.
Августта британиялык ЖИнин коопсуздугу боюнча институт (AI Safety Institute - AISI) буга үндөш окуяны кабарлаган. Бул жай жасалма акылдын алдыңкы жана жаңы моделдеринин коопсуздугун изилдөө, сыноодон өткөрүү жана алар жаратышы мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу үчүн түптөлгөн. Тагыраагы, Anthropic компаниясынын Claude Mythos 5 жасалма интеллект модели адистерди — иштеп чыгуучуларды алдап, аларга зыяндуу кодду кабыл алдыруу (өткөрүү) максатында жасалма аккаунттарды түзгөнүн билдирген.
ШКУ өлкөлөрүнүн медиафоруму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2026
Эксперт: ЖОЖдорго жасалма интеллект боюнча өзүнчө предмет керек
Жаңылыктар түрмөгү
0