https://sputnik.kg/20260905/zhanadil-salymbekov-vayn-kuudul-bloger-1103475068.html
Ата-баланын образы кайдан чыккан? Вайнер Жанадил Салымбековдун маеги
Ата-баланын образы кайдан чыккан? Вайнер Жанадил Салымбековдун маеги
Sputnik Кыргызстан
Вайнер, блогер Жанадил Салымбеков юмордук видеолорду мындан эки жыл мурда, жашоосундагы оор күндөрдүн биринде тарта баштаган. 05.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-05T16:32+0600
2026-09-05T16:32+0600
2026-09-05T16:33+0600
кыргызстан
вайнер
блогер
интервью
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103474892_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_fbeba5d9c33b90c47346a41b78d60a92.jpg
Каараманыбыз алгачкы видеолорунун бири бала кезиндеги тааныш көрүнүштөргө арналган. Атасынын унаа айдаткан учурларын, дээрлик ар бир үйдө кездешкен сары чүпүрөктү тамашага салган видео миллиондогон көрүүчү топтоп, ага жаңы багыт берген.Жанадилдин айтымында, элдин "бизде да так ушундай болчу" деген пикирлери аны дагы видео тартууга шыктандырган. Ошентип, адамдарды күлдүрүү анын сүйүктүү ишине айланып, кирешени башка жактан издеп жүргөн учурда ырыскысы күтпөгөн жерден ушул тармактан келген.Интервьюда блогер балалыгы, китепке болгон кызыгуусу жана достуктун жашоосундагы орду тууралуу да сөз кылды. Былтыр достору менен футбол ойноп жүргөндө жакын досу жүрөгү кармап, көз алдында каза болгонун эскергенде көзүнө жаш алды.Мындан тышкары, Жанадил Салымбеков блогер болуу үчүн эмне керектиги, ойдун күчү, чыгармачылыктагы максаттары жана учурда тартылып жаткан жаңы тасмасы тууралуу айтып берди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/05/1103474892_480:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_5d4e2f2161f6c00fde3dbbfbf34a475f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, вайнер, блогер, интервью, видео
кыргызстан, вайнер, блогер, интервью, видео
Ата-баланын образы кайдан чыккан? Вайнер Жанадил Салымбековдун маеги
16:32 05.09.2026 (Жаңыртылды: 16:33 05.09.2026) Вайнер, блогер Жанадил Салымбеков юмордук видеолорду мындан эки жыл мурда, жашоосундагы оор күндөрдүн биринде тарта баштаган.
Каараманыбыз алгачкы видеолорунун бири бала кезиндеги тааныш көрүнүштөргө арналган. Атасынын унаа айдаткан учурларын, дээрлик ар бир үйдө кездешкен сары чүпүрөктү тамашага салган видео миллиондогон көрүүчү топтоп, ага жаңы багыт берген.
Жанадилдин айтымында, элдин "бизде да так ушундай болчу" деген пикирлери аны дагы видео тартууга шыктандырган. Ошентип, адамдарды күлдүрүү анын сүйүктүү ишине айланып, кирешени башка жактан издеп жүргөн учурда ырыскысы күтпөгөн жерден ушул тармактан келген.
Интервьюда блогер балалыгы, китепке болгон кызыгуусу жана достуктун жашоосундагы орду тууралуу да сөз кылды. Былтыр достору менен футбол ойноп жүргөндө жакын досу жүрөгү кармап, көз алдында каза болгонун эскергенде көзүнө жаш алды.
Мындан тышкары, Жанадил Салымбеков блогер болуу үчүн эмне керектиги, ойдун күчү, чыгармачылыктагы максаттары жана учурда тартылып жаткан жаңы тасмасы тууралуу айтып берди.