00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Японская педагогика, правило одной минуты и карта личностного развития — разговор с учителем математики
16:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Өспүрүмдөр арасында электрондук тамекинин жайылышы: вейп эмнеси менен кооптуу?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Чего ждать от юбилейного саммита ШОС в Бишкеке?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Индия жана Пакистан Кыргызстанга эмне бере алат жана ШКУ бул мүмкүнчүлүктөрдү кантип кеңейтет?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Месси Аргентинанын курама командасындагы карьерасын жыйынтыктаганын айтты

© AP Photo / Julia NikhinsonАргентиналык футболчу Лионель Месси
Аргентиналык футболчу Лионель Месси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Футбол боюнча 2022-жылдагы дүйнө чемпиону Лионель Месси Аргентинанын улуттук курама командасындагы карьерасын жыйынтыктаганын билдирди.
2026-жылкы дүйнө чемпионатында Аргентина финалга чейин жетип, бирок кошумча берилген убакытта Испанияга 0:1 эсебинде утулуп калган. Турнирде 39 жашка толгон Месси сегиз беттеште сегиз гол киргизип, төрт жолу мыкты пас кылган. Жыйынтыгында франциялык Килиан Мбаппеден (10 гол) кийинки эле дүйнөлүк биринчиликтин экинчи чабуулчусу аталды. Жалпысынан Месси Аргентинанын командасы үчүн 207 ирет ойноп, 125 гол киргизген.
Улуттук курама командада жүрүп эки ирет Америка кубогун (2021, 2024), 2022-жылы дүйнө чемпионатын жана "Финалиссиманы" (2022) жеңип алган. Андан сырткары, дүйнөлүк биринчиликтин эки жолку күмүш медалынын ээси (2014, 2026) болгон.
"Дүйнө чемпионатынын финалынан бери бир топ убакыт өттү. Көпкө ойлонуп, улуттук курама командадан кетип жатканымды баарыңарга айткым келди. Бул чечимди кабыл алуу мага абдан оор болду, жүрөгүмдү дагы деле өйүп турат. Бирок дал ушул тапта кетүүгө эң ыңгайлуу мезгил келгенин түшүндүм", — деп жазган Месси өзүнүн Instagram* баракчасына.
Буга чейинки учурларын кыскача баяндап да берген.
"Ыймандай сырым, биз бардыгын жеңип баштаган акыркы жылдары эле эмес, ага чейин деле бүт күчүмдү жумшап келдим. Аргентиналык экениңиздерге сыймыктанып, силерге кубаныч тартуулаш үчүн дайыма жан үрөп, колумдан келишинче тер төктүм. Соңку 20 жыл бою мени жакшы көрүп, жылуу сөздөрдү айтып келгениңиздерге ыраазымын. Эми мен дагы силердин катарга кошулуп, командабызды кубанычтуу күндөрү да, өзгөчө кыйын кезеңдеринде да сүрөп, колдоп турам", — деп кошумчалаган футболчу.
Месси бул чечимди 21-июлда, дүйнө чемпионатынын финалынан эки күн өткөндөн кийин кабыл алганын айтып, атасы дүйнөдөн кайткандан кийин чечиминин тууралыгына дагы бир ирет ынанганын белгилеген.
39 жаштагы Месси учурда Испания чемпионатынын, "Барселонанын" жана Аргентина курама командасынын тарыхындагы эң мыкты чабуулчу. Ошондой эле "Алтын топко" сегиз жолу татыган тарыхтагы жалгыз футболчу. Узак жылдар бою уулунун кызыкчылыгын коргоп, карьерасына байланыштуу маселелерди чечип келген атасы Хорхе Месси 7-августта 68 жашында каза болгон.
РИА Новости маалымат агенттиги сурамжылаган фанаттардын айтымында, футбол боюнча дүйнө чемпиону Лионель Мессинин Аргентина курама командасындагы карьерасын жыйынтыктоо чечими күйөрмандарды таң калтырып, көптөрдүн көңүлүн түшүрдү.
"Бул кабар төбөмдөн ылдый муздак суу куюп жибергендей эле таасир этти, муну күткөн эмесмин", — деди футболчунун күйөрманы Лионель.
Ал Месси мындай чечимди эмоцияга берилип турган учурда кабыл алгандай элес калтырып жаткандыгын айткан. Анткени Аргентина Испанияга жеңилип калган дүйнө чемпионатынын финалынан кийин көптөгөн күйөрмандар оюнчуларды чабал ойноду деп сындашкан. Андан сырткары, жакында эле Мессини өмүр бою колдоп, сүрөп келген атасы көз жумган.
"Мессинин артынан башка оюнчулар да командадан кетип калабы деп коркуп турам. Ансыз Аргентина футболу мурдагысындай болбой калат окшойт. Абдан өкүнүчтүү!" — деген Буэнос-Айрес шаарынын тургуну Вивьяна.
Карлос аттуу күйөрман да түйшөлгөндүгүн айткан. Капитан өзүнүн айланасына ишенимдүү достору менен өнөктөштөрүн бириктирип, алар бир муштумдай түйүлүп, көпчүлүк учурда дал ушул Месси үчүн оюн талаасына чыгып келгенин кошумчалады.
"Ансыз командада мурдагыдай дем болбой калат", — деди Карлос.
Месси тууралуу бул кабар Аргентинанын жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарында башкы темага айланды. Эл анын мыкты голдору тартылган видеолор, сүрөттөр жана маектеринен үзүндүлөрдү байма-бай бөлүшүп жатат.
* Meta ишмердүүлүгү (Facebook менен Instagram) Россияда тыюу салынган
Испания Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2026
Испания дүйнө чемпионатынын финалында Аргентинаны жеңди. Голдун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0