00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кабинет психолога как островок безопасности для школьника. Зачем эти специалисты в школе?
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сот системасынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ролу
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Ожидаем изменения западных доктрин», - Шерадил Бактыгулов об итогах саммита ШОС в Бишкеке
10:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары менен жолугуштуЛукашенко БУУнун абалы жана ШКУнун ролу тууралуу билдирүү жасадыКыргызстан БУУну жана Коопсуздук кеңешин реформалоону колдойт
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун, анын ичинде уюмдун Коопсуздук кеңешин реформалоо маселесин колдойт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУ+ жыйынында билдирди. Президент БУУ кемчиликсиз механизм эмес экенин, бирок андагы мүчүлүштүктөр уюмдун ролун начарлатууга же аны аттап өтүүгө шылтоо болбошу керектигин белгиледи. "Тескерисинче, бул кемчиликтер БУУну чогуу чыңдоо, анын натыйжалуулугун арттыруу жана механизмдерин заман талабына ылайык өркүндөтүү канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат. Кыргызстан БУУну жана анын Коопсуздук кеңешин реформалоону колдойт, бирок мындай реформа кеңири макулдашуунун негизинде ишке ашышы зарыл", — деди Жапаров. Мамлекет башчысы ошондой эле жаңыдан калыптанып жаткан көп полярдуу дүйнөнүн өзөгүндө дал ушул БУУ турушу керектигин кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Египеттин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса менен жолугушту. Жогорку конокту тосуп жатып, Адылбек Касымалиев анын сапары кыргыз-египет мамилерин чыңдоо үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин жана соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошорун баса белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Египеттин Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш катары катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев Кыргызстан ШКУнун алкагында Египет менен өз ара аракеттенүүгө чоң маани берерин белгиледи. Бул уюмдун эл аралык деңгээлин кеңейтүүгө жана Борбор Азия, араб дүйнөсү менен Африканын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Саясий кызматташтыктын контекстинде министрлер кабинетинин төрагасы 2025-жылдын ноябрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен эстеди. Ал сапар эки тараптуу мамилелерге күчтүү түрткү берип, аларды сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрдү. Диалогдун активдешүүсүн ачык далили катары Кыргыз Республикасынын Каирдеги Элчилигинин ачылышы болду.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эл аралык мамилелерде күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган саясаттан баш тартып, тең укуктуу көп уюлдуу дүйнөнү курууга чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан "ШКУ плюс" жыйынында билдирди. Кытай лидери бардык мамлекеттердин тең укуктуулугун жана мүмкүнчүлүктөргө бирдей жетүүсүн камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Ошондой эле ал Кытай тең укуктуу көп уюлдуу дүйнөнү калыптандырууну жактай турганын айтты. Анын пикиринде, ири мамлекеттер эл аралык эрежелерди жана мыйзам үстөмдүгүн сактоодо үлгү көрсөтүшү керек. Бул глобалдык көйгөйлөргө биргелешип каршы турууга шарт түзөт. Мындан тышкары, Си Цзиньпин БУУнун аброюн калыбына келтирип, ага жаңы дем берүү маанилүү экенин белгиледи.
Шанхай кызматташтык уюму көп уюлдуулукту калыптандырууда чечкиндүү кадамдарга барбаса убакыттан уттуруп, азыркы БУУнун кейпин кийип калышы мүмкүн. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко Бишкекте өтүп жаткан "ШКУ плюс" саммитинде билдирди. Ал алгач Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктап, Бишкектин төрагалыгы алкагында БУУнун ролун жана көп уюлдуу дүйнөнү талкууга койгон демилгесин жогору баалады. Ошону менен бирге ал эл лидерлерден куру сөз эмес, реалдуу аракеттерди күтүп жатканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0