Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 32 документке кол коюлду. Тизме
12:35 31.08.2026 (Жаңыртылды: 12:46 31.08.2026)

© Фото / пресс-служба президента КР
Жазылуу
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында эки чоң документке кол коюлуп, 30 макулдашуу менен алмашуу жүрдү. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады.
Маалыматта өлкө башчылары Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшканы айтылат.
Төмөнкү документтер алмашылды:
КР министрлер кабинети менен КЭР өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту аркылуу чек ара аймагынан өтүүчү Үзөңгү-Кууш (Чоң-Узун-Гуш) суусу аркылуу чек аралык автоунаа көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу;
КР министрлер кабинети менен КЭР өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуу;
КР министрлер кабинети менен КЭР өкмөтүнүн ортосунда Кытай – Борбордук Азия – Европа багытындагы темир жол экспресс ташуулары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
КР Экономика жана коммерция министрлиги менен КЭР Соода министрлигинин ортосунда электрондук соода жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
“Бедел” өткөрмө пунктун куруу жана аны техникалык жактан жабдуу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө каттарды алмашуу;
КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен КЭР Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда илим, технологиялар, инновациялар жана технологияларды өткөрүп берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
КР Мамлекеттик бажы кызматы менен КЭР Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пунктуларын башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Ысык-Көл облусу менен Сицзан автономиялуу районунун ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;
Ош облусу менен Сычуань провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;
КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытайдын "Медиа" корпорациясынын (China Media Group) ортосунда медиаконтент жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө меморандум;
“Кыргыз Республикасына медициналык жабдууларды жеткирүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө каттарды алмашуу;
КР Экономика жана коммерция министрлиги менен КЭР Соода министрлигинин ортосунда кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар боюнча макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө биргелешкен билдирүү;
КР Экономика жана коммерция министрлиги менен КЭР Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
КР Экономика жана коммерция министрлиги менен КЭР Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Сертификациялоо жана аккредитациялоо боюнча улуттук башкармалыгынын) ортосунда шайкештикти баалоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен КЭР Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Кытайдын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик администрациясы, SAMR/SAC) ортосунда стандартташтыруу жаатындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026-2028-жылдарга карата иш-аракеттер планы;
КРдин КЭРге жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоодо карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу термикалык иштетүүдөн өткөн кой жана эчки этинен жасалган продукцияга коюлуучу талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;
КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин ортосунда айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча 2027-2030-жылдарга карата иш-аракеттер планы;
КР Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен КЭР Дене тарбия жана спорт иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;
КР президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук комиссия менен КЭР Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда этностук маселелер жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда 2026-2029-жылдарга маданият жаатындагы кызматташтык программасы;
КР Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен КЭР Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда 2026-жылга адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык программасын биргелешип ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен КЭР Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда биргелешкен илим-изилдөө долбоорлорун колдоо жөнүндө протокол;
КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Радиоберүү жана телеберүү иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда радиоберүү, телеберүү жана онлайн-аудиовизуалдык каражаттар жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
“Кыргыз туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен Кытайдын "Медиа" корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
Бишкек мамлекеттик университети менен Пекин чет тилдер университетинин биргелешкен институту жөнүндө макулдашуу;
трансчек аралык банктар аралык төлөм системасынын катышуучуларын тейлөө жөнүндө макулдашуу.

