https://sputnik.kg/20260831/kyrgyzstan-komanda-parad-zhyjyntyktady-1103343461.html
“Бишкек Арена” дүңгүрөдү: Кыргызстандын командасы парадды жыйынтыктады
“Бишкек Арена” дүңгүрөдү: Кыргызстандын командасы парадды жыйынтыктады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бишкектеги жаңы “Бишкек Арена” стадионунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын... 31.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-31T21:23+0600
2026-08-31T21:23+0600
2026-08-31T21:39+0600
кыргызстан
vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
команда
парад
садыр жапаров
айгүл жапарова
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103344102_0:120:1280:840_1920x0_80_0_0_da7ac1be9eafeecb4d6dd8114c7b8abd.jpg
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бишкектеги жаңы “Бишкек Арена” стадионунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын улуттук курама командасы параддан өттү.Оюндун кожоюну катары кыргызстандык спортчулар парадга катышкан курамалардын эң акыркысы болуп чыгып, салтанаттуу жүрүштү жыйынтыкташты. Ата мекендик делегация катышуучулардын саны боюнча эң чоң курамды түздү.Кыргыз спортчулары кызыл тууну желбиретип аренага чыккан учурда өлкө башчысы Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова ордунан туруп, курама команданы кол булгап кызуу тосуп алышты.Ошол эле учурда стадиондогу 26 миңден ашуун көрөрман жана коноктор бир добуштан катуу сүрөп, кол чаап кубатташты. “Бишкек Аренаны” дүңгүрөткөн бул колдоо ачылыш салтанатынын эң таасирдүү жана шаңдуу көз ирмемине айланды.Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышып, этноспорттун түрлөрү боюнча күч сынашат.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түз эфирден көрүңүз.
https://sputnik.kg/20260831/800-zhurnalist-dko-1103341759.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103344102_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_84047024b2522ff508bc3b0db807f237.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, команда, парад, садыр жапаров, айгүл жапарова
кыргызстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, команда, парад, садыр жапаров, айгүл жапарова
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бишкектеги жаңы “Бишкек Арена” стадионунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын улуттук курама командасы параддан өттү.
Оюндун кожоюну катары кыргызстандык спортчулар парадга катышкан курамалардын эң акыркысы болуп чыгып, салтанаттуу жүрүштү жыйынтыкташты. Ата мекендик делегация катышуучулардын саны боюнча эң чоң курамды түздү.
Кыргыз спортчулары кызыл тууну желбиретип аренага чыккан учурда өлкө башчысы Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова ордунан туруп, курама команданы кол булгап кызуу тосуп алышты.
Ошол эле учурда стадиондогу 26 миңден ашуун көрөрман жана коноктор бир добуштан катуу сүрөп, кол чаап кубатташты. “Бишкек Аренаны” дүңгүрөткөн бул колдоо ачылыш салтанатынын эң таасирдүү жана шаңдуу көз ирмемине айланды.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышып, этноспорттун түрлөрү боюнча күч сынашат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын
түз эфирден көрүңүз.