https://sputnik.kg/20260825/abaktyn-zhetekchisi-karmaldy-1103192613.html
Өмүр бою кесилгендер отурган абактын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды
Өмүр бою кесилгендер отурган абактын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Чүйдө өмүр бою кесилгендер отурган абактын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик... 25.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-25T17:41+0600
2026-08-25T17:41+0600
2026-08-25T17:41+0600
кыргызстан
чүй облусу
укмк
пара
коррупция
кылмыш
https://sputnik.kg/img/07ea/08/19/1103191845_0:182:810:638_1920x0_80_0_0_28091607a8e04070bfbe45357920fa69.jpg
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Чүйдө өмүр бою кесилгендер отурган абактын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди. Маалыматка караганда, 44 жаштагы Ж.М. 2025-жылдын февраль айынан бери соттолгон адамдын жакындарынан телефон менен сүйлөшүүгө жана жолугушууга уруксат берүү үчүн акча талап кылып келген. Пара электрондук капчыкка которулуп турган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен иш козголгон. Абактын жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда алынган акчанын көлөмүн жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.
https://sputnik.kg/20260817/chek-aradagy-korruptsionerler-karmaldy-1103035356.html
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/19/1103191845_0:178:810:786_1920x0_80_0_0_d5598b0bd7cb69d8a24a8320d2b5b44c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чүй облусу, укмк, пара, коррупция, кылмыш
кыргызстан, чүй облусу, укмк, пара, коррупция, кылмыш
Өмүр бою кесилгендер отурган абактын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Чүйдө өмүр бою кесилгендер отурган абактын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка караганда, 44 жаштагы Ж.М. 2025-жылдын февраль айынан бери соттолгон адамдын жакындарынан телефон менен сүйлөшүүгө жана жолугушууга уруксат берүү үчүн акча талап кылып келген. Пара электрондук капчыкка которулуп турган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен иш козголгон. Абактын жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда алынган акчанын көлөмүн жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.