00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Право особенного ребёнка на поддержку: выплаты, реабилитация и забота
08:05
45 мин
Будь в курсе
Право особенного ребёнка на поддержку: выплаты, реабилитация и забота
08:49
11 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан — геопарктар өлкөсү боло алабы? Мүмкүнчүлүктөр жана көйгөйлөр
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Төрткүл суу сактагычы кантип курулган. Таштан суу, такырдан гүл чыгарган эмгек

© Фото / Из личного архива Калкаша БатыркановаТөрткүл суу сактагычы
Төрткүл суу сактагычы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2026
Жазылуу
Баткендеги Төрткүл суу сактагычы 54 жыл мурун салынып бүткөн. Курулушка 9 жыл жумшалган. Суу сактагычты кургандардын эмгеги менен таштан суу чыгарылып, такырда гүл өстү. Колумнист Алмаз Батилов курулуштун башында турган Калкаш Батырканов менен маектешкен.
Калкаш Батырканов 92 жашта. 1953-жылы Түп районунун Талды-Суу айылындагы мектепти аяктагандан кийин Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун гидромелиорация факультетине өтүп, 1958-жылы аяктап, эмгек жолун Жети-Өгүз районунда колхоздук гидротехник кызматынан баштаган. Чоң-Кызыл-Суу, Полян каналдарынын курулушунда мастер болуп иштеген. Андан кийин Ысык-Көл машина-экскватордук-курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп Отуз-Уул, Үч-Кайнар, Маман, Түп, Темировка, Григорьевка айылдарында таза суу өткөргүчтөрдү жана Арашан ГЭСинин эки деривациялык каналын курдурган.
— Баткен районундагы Төрткүл суу сактагычын курууга кандайча катышып калдыңыз эле?
© Фото / Из личного архива Калкаша БатыркановаТөрткүл суу сактагычынын куруу-монтаждык башкармалыгынын (СМУ) башкы инженери Калкаш Батырканов. Баткен району, 1960-жылдар
Главный инженер Торт-Кульского строительно-монтажного управления Калкаш Батырканов. Баткенский район, 1960-е годы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2026
Төрткүл суу сактагычынын куруу-монтаждык башкармалыгынын (СМУ) башкы инженери Калкаш Батырканов. Баткен району, 1960-жылдар
— 1960-1962-жылдары Балыкчы сугаруу системалары башкармалыгынын башкы инженери болуп дайындалдым. 1962-1963-жылдары Ысык-Көл курулуш-монтаждоо башкармалыгынын башкы инженери болуп Тоңдо Жер-Үй, Көк-Сай, Кургак-Күнгөй, Ала-Көз каналдардын жана Тоң балык заводунун курулуштарын жетектедим. Ошол эле учурда Ак-Өлөң массиви өздөштүрүлдү. 1962-жылдын аягында Кыргыз ССРинин Суу чарба министрлигине чакырылдым. Коллегия министрдин кабинетинде жүрүп жаткан экен. Ошол учурда суу чарба министри Султан Ибраимов эле. Кабылдамада башка облустардан чакырылган адистер Баткен жана Лейлек райондорунда суу сактагыч салынары тууралуу сүйлөшүп жатышыптыр. Байкасам, курулушка тажрыйбалуу жетекчилер керек дегендей кылып жатышат. Бир маалда мени кабинетке чакырышты. Султан Ибраимович орун басарлары: Николай Юдахин, Николай Нефедов, Павел Глушаков, Жакып Молтоев болуп отурушкан экен. Кыргызстандын картасынан Баткен менен Лейлекке жакын Исфара, Кокон, Ленинабад (азыркы Кожент), Шураб шаарларын көрсөтүп, Баткенде Төрткүл суу сактагычын куруу керектигин айтып, мени коллегияга курулуш-монтаждоо башкармалыгынын (СМУ) башкы инженери кылып дайындоону сунуштады. Баары колдоп беришти. 1963-жылы январда Төрткүл суу сактагычын курууга даярдык башталды.
— Суу сактагыч эмне үчүн зарыл эле?
— Кишемиш жана Герафшан дарыялары Ворухта кошулуп Кыргызстандын аймагынан агып чыгып, Исфара дарыясын түзөт. Төрткүл суу сактагычы салынганга чейин Исфара дарыясынын орточо жылдык агымынан Кыргызстандын үлүшү болгону эки пайызды гана түзгөн. 49 пайызын Тажикстан пайдаланган, Өзбекстан да 49 пайызына ээ болчу. Мындан улам Баткен районунда эки миң гектар жер гана суу менен камсыз болгон. Бул бир колхоздун жериндей эле жер. Ушул себептүү Баткен району жоюлуп Лейлекке кошулган. Аны калыбына келтирүүнү көздөп, суу сактагыч курууга өлкө башчылары Исхак Раззаков, Болот Мамбетов, Султан Ибраимовдор 10 жылдан ашык аракет кылышты. Суу сактагычты Тажикстан да өз аймагына курууга умтулуп, өлкө жетекчилиги Москва, Ленинград, Новосибирск шаарларындагы илимий мекемелерден адистерди жалдашкан. Бир топ изилдөө жүрүп, акыры Тажикстанга курууга мүмкүн эместиги аныкталат да, Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк жаралат. Көптөгөн жолугушуулар, талаш-тартыштардан кийин Раззаков, Мамбетов жана Ибраимовдор Төрткүл суу сактагычын Кыргызстанга куруу максатка ылайык экенин далилдеп беришкен.
— Тогуз жылда салынып бүткөн экен?
— 1963-жылы башталып, 1972-жылы бүттү. Адегенде борбордук конушка жана үч участкага жол салынган, электр жарыгы менен байланыш түйүндөрү өткөрүлдү, үйлөр, жатаканалар, бала бакча, ашканалар жана мончо курулду. Андан соң суу сактагычтын өзүн куруп баштадык. Объект курулуп бүткөн соң маселе СССРдин Суу чарба министрлигинде каралып, Исфара дарыясынан Кыргыз ССРи алган суунун үлүшү эки пайыздан 37 пайызга чейин өскөн. Төрткүлгө 90 миллион куб метр суу батат. Суу сактагыч курулуп бүткөндөн кийин жети жылда өзүн актады. Анын аркасы менен Баткен району калыбына келтирилип, 14 миң гектар жерге суу барды. Таштан суу, такырдан гүл чыгарган эмгек болду. Натыйжада төрт совхоз уюшулуп, жаңы айылдар түптөлдү. Ал эми 1990-жылдардын аягында Баткен облусу негизделди. Мезгил ошол кезде мамлекеттин башында турган үч жетекчинин кыраакылыгын далилдеди. Суу сактагыч курулуп жатканда Султан Ибраимов Ош облусунун биринчи катчылыгына келди.
— Курулуштун эмне өзгөчөлүгү бар?
— Төрткүл өңдүү суу сактагычтар сейрек салынган. Адатта плотина менен дарыянын нугу буулат. Төрткүл суу сактагычында плотина курулган эмес. Исфара дарыясынан 20 чакырымдык үч өтмөк курулуп, ал жерден канал тартылган. Өтмөктөрдүн узундугу үч чакырымга чейин созулат. Курулушка чейин канал өтчү трасса менен жөө басып өтүү мүмкүн эмес эле (диаметри 1,5 км аска-таштуу жер). Каналдын трассасын көптөгөн кокту-колот, сайлар кесип өтөт. Канал сайдын астынан дюкер (жердин астын казып), кээ бир жерлерде үстүндө лоток, астынан селди өткөзүп агызуучу чоң (1,5 -2 метр темир бетон) түтүктөр аркылуу өткөн. Биринчи туннель толугу менен аска-таштуу тектер, экинчи туннель бүт тоо теги, ортосунда таш көмүргө окшогон тектер аркылуу өткөн. Туннель казылып жатканда жердин төбөсү үч жолу көчүп түшкөн эле. Каналдын үч чакырымдан ашык жери Г сымал блоктор менен капталган.
© Фото / Из личного архива Калкаша Батырканова

Төрткүл суу сактагычынын түбүнө кара пленка төшөлгөн. Улук прораб (солдо) Пандюрин, курулуш ишкасынын директору Виталий Григорьевич Панкратов иш учурунда. Баткен району, 1969-жыл

Төрткүл суу сактагычынын түбүнө кара пленка төшөлгөн. Улук прораб (солдо) Пандюрин, курулуш ишкасынын директору Виталий Григорьевич Панкратов иш учурунда. Баткен району, 1969-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/3

Төрткүл суу сактагычынын түбүнө кара пленка төшөлгөн. Улук прораб (солдо) Пандюрин, курулуш ишкасынын директору Виталий Григорьевич Панкратов иш учурунда. Баткен району, 1969-жыл

© Фото / Из личного архива Калкаша Батырканова

Төрткүл суу сактагычына сыноо иретинде суу берилген биринчи күн. Бул курулуштун башкы инженери Калкаш Батырканов (1-катарда оң жактан төртүнчү), Баткен району, 1970-жыл 6-ноябрь

Төрткүл суу сактагычына сыноо иретинде суу берилген биринчи күн. Бул курулуштун башкы инженери Калкаш Батырканов (1-катарда оң жактан төртүнчү), Баткен району, 1970-жыл 6-ноябрь - Sputnik Кыргызстан
2/3

Төрткүл суу сактагычына сыноо иретинде суу берилген биринчи күн. Бул курулуштун башкы инженери Калкаш Батырканов (1-катарда оң жактан төртүнчү), Баткен району, 1970-жыл 6-ноябрь

© Фото / Из личного архива Калкаша Батырканова

Биринчи суу 20 км каналды басып, сегиз саатта суу сактагычка түшкөн. Үч өтмөктөн өтүп, эки дюкерди толтурган. Кубанычы койнуна батпаган курушчулар сууга түшүп жаткан учуру. Баткен району, 1970-жыл 6-ноябрь

Биринчи суу 20 км каналды басып, сегиз саатта суу сактагычка түшкөн. Үч өтмөктөн өтүп, эки дюкерди толтурган. Кубанычы койнуна батпаган курушчулар сууга түшүп жаткан учуру. Баткен району, 1970-жыл 6-ноябрь - Sputnik Кыргызстан
3/3

Биринчи суу 20 км каналды басып, сегиз саатта суу сактагычка түшкөн. Үч өтмөктөн өтүп, эки дюкерди толтурган. Кубанычы койнуна батпаган курушчулар сууга түшүп жаткан учуру. Баткен району, 1970-жыл 6-ноябрь

1/3

Төрткүл суу сактагычынын түбүнө кара пленка төшөлгөн. Улук прораб (солдо) Пандюрин, курулуш ишкасынын директору Виталий Григорьевич Панкратов иш учурунда. Баткен району, 1969-жыл

2/3

Төрткүл суу сактагычына сыноо иретинде суу берилген биринчи күн. Бул курулуштун башкы инженери Калкаш Батырканов (1-катарда оң жактан төртүнчү), Баткен району, 1970-жыл 6-ноябрь

3/3

Биринчи суу 20 км каналды басып, сегиз саатта суу сактагычка түшкөн. Үч өтмөктөн өтүп, эки дюкерди толтурган. Кубанычы койнуна батпаган курушчулар сууга түшүп жаткан учуру. Баткен району, 1970-жыл 6-ноябрь

Курулушта 2000ден ашык жумушчу иштеди. Тажикстандан көп адис келген. Аларды автоунаа менен ташычубуз. Жумушчулар жетишпегендиктен камактагы адамдарды да эки жыл иштеттик. Кийин мен Кемин районундагы Новороссийка (азыркы Шабдан) айылынан абактан шарттуу түрдө бошотулган 350 адамды сегиз вагон менен Баткенге көчүрдүм. Алар турган имарат беш кабат тикендүү зым тор менен курчалып, автоматчан аскерлер кайтарып турчу. Курулушта иштегени үчүн жаза мөөнөтү да кыскарчу, айлык да алышчу. Жалпы эле Баткен районунун ишкана-мекемелеринин кызматкерлери, жергиликтүү эл активдүү катышты. Жадагалса мектеп окуучулары да келишкен. Баткендин кулуну Заирбек Султанов суу сактагычтын урматына "Төрткүл элеси" аттуу ыр чыгарып, көпкө ырдалып жүрдү.
— Кадр маселесин кандай чечтиңер?
— Курулушта механизаторлор (экскаваторщик, бульдозерист, автокрановщик, тракторист ж.б.) жетишчү эмес. Кадр даярдоо үчүн Баткенде мурдагы Жаңы-Жол (Аксы) районунун борборундагы Караван (азыркы Кербен) кесиптик окуу жайынын филиалын ачып, өндүрүштөн ажыратпай туруп кечинде окуй турган төрт класс иштей баштады. Иштен кийин балдар үч саат окушчу. СМУ 25 рубль стипендия төлөчү. Сабакты биздин механиктер, алдыңкы механизаторлор өтүп жүрүштү. Анда-санда Каравандан эки-үч мугалим келип калчу. Үч ай окуп, аягында экзамен тапшырып, күбөлүк алышчу. Ушинтип жергиликтүү жаштардын ичинен механизаторлорду даярдап алдык. Ирригатор адистер жок эле. Аларды Фрунзе политехникалык техникуму менен сүйлөшүп, кирүү экзамендерин Баткенде ала турган болдук. Техникумдан эки-үч мугалим келип СМУнун жетекчилиги сунуштаган жергиликтүү жаштардан экзамен алышчу. Техникумга 7-10дон адам жиберилип, 1971-жылы баткендик бүтүрүүчүлөрдүн саны 37ге жеткен. Айрымдары окуусун улантып, жогорку окуу жайды бүтүрүштү. Ошентип Баткен районун жергиликтүү ирригаторлор менен камсыз кылдык. Тилекке каршы, азыр жумуштун жоктугунан көбү ишсиз калды.
— Суу сактагычтын түбүнө пленка төшөлгөн экен. Бул эмне болгон тажрыйба?
— Муну биз СССРде алгачкы болуп колдондук десек болот. Аянты 657 гектар жерге толугу менен полиэтилен пленкасы төшөлдү. Пленка төшөөрдөн мурда үстүңкү 30-40 сантиметр тереңдиктеги өсүмдүктөр өскөн жер кыртышын сыйрып, аны скрепер (жерди казган транспорттук машина) менен 50-70 метр ары алып барып таштаганбыз. Андан соң үймөктөп жыйнап, жерди грейдер менен тегиздеп, артынан чиркештирилген он тонналык каток менен таптап, жылмаланткан. Мунун артынан отоо чөп, камыш өстүрбөй турган гербицидди Т-16 трактор узундугу жазылганда 5 метр болгон жаадыргычтар аркылуу чачып чыкчу. Себеби отоо чөп, камыш полиэтиленди көзөп чыгышы мүмкүн эле. Баары дыкаттык менен жасалгандан кийин пленка төшөлүп, анын үстүнө ошол жерден чыккан 40 сантиметр калыңдыктагы топурак төшөлгөн. Пленка айрылып калган жерлерди геофизикалык жол менен таап алышчу. Пленканы Советтер Союзунун ар тарабындагы үч заводдон алчубуз. Анын калыңдыгы 200 микрон, түсү кара, эки кабаттуу түрмөктүн жазылыгы 1,5 метр, жазып жиберсе туурасы 3 метр эле. Бир түрмөгүндө 96-100 метр болчу. Пленка менен төшөп жатканда мээ кайнаткан ысыктан улам мурдунан кан кетип, эстен танып жыгылган жумушчулар болду. Ал тургай, пленканын үстүнө жөрмөлөп чыккан курт-кумурскалар куйкалаган ысыкка чыдабай өлүшчү. Мындай аптапта жергиликтүү өзбектер, тажиктер чапан кийип иштеп жүргөнүн байкадык. Аларды бул кийим сууктан эле эмес, ысыктан да коргоорун көрүп, биз да жумушчуларга ушундай кийим бердик.
— Жумушчуларга кантип кам көрчү элеңер?
— Маанайын көтөрүп турууга аракет кылчубуз. 1969-жылы күздө белгилүү ырчы Экия Мукамбетов баштаган артисттер келип, чоң концерт беришти. Эл абдан ыраазы болду. Жарым жыл өтпөй улуу төкмө Эстебес Турсуналиев жана атактуу ырчы Жапар Чабалдаев баштаган дагы бир топ өнөрпоздор келди. Алардын да өнөрүнө карк болдук. Ошол эле жылы жазуучулар Токтоболот Абдумомунов, Исраил Сулайманов, акындар Шабданбай Абдраманов, Байдылда Сарногоев, Сооронбай Жусуев, Совет Урманбетов өңдүү чыгармачыл инсандар келишти.
1970-жылы 8-декабрда суу сактагычка суу агыздык. Бир айдан кийин атактуу акын-жазуучулар: Муса Жангазиев, Кубанычбек Маликов, Абдрасул Токтомушев, Насирдин Байтемиров, Мукамбеткалый Турсуналиев, Таш Мияшев, Турар Кожомбердиев, Карымшак Ташбаевдер келишти. Суу алып келүүчү 20 чакырым каналды башынан аягына дейре көрүшүп, курулушчуларга ыраазычылыгын билдиришти. Биринчи туннелди Көк-Таш, экинчисин — Көчө-Карын, үчүнчүсүн — Төрткүл", каналдын атын Кымыз-Дайра деп атоо сунушталды. Аталыштарды темирден жасатып, туннелдерге илдиртип койдум. Унутулган, эң артта калган Баткен районуна белгилүү акын-жазуучулар келип, жакындан таанышып кеткени элге дем-күч берип, чоң жакшылыктан үмүттөнтүп койду. Суу сактагыч курулуп бүткөндөн кийин чоң салтанат менен чоң той өткөрөлү деп абдан даярдык көргөнбүз. Тилекке каршы, ар түрдүү себептерден улам оюбуз ишке ашпай калды.
— Суу сактагычтын келечеги кандай?
— Дагы отуз миллион куб метр суу толтурууга мүмкүнчүлүк бар деп эсептелген. Чыгыш жана батышынан эки плотинаны бийиктетиш абзел. Каналдын тегерегине үйлөр салынып кетиптир. Муну менен канал талкаланып жатат. Ал жерге үйлөрдү салууга тыюу салыш керек. Суунун корун сакташ үчүн түрдүү бассейндерди куруу абзел. Кыргызстан бул стратегиялык маселеге бардык күч-аракетин жумшашы керек.
Интергельпонун негиздөчөсү Рудольф Маречек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2026
Үрккөн кыргыз менен казакты Ата Журтка кайтарган Рудольф Маречек. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0