https://sputnik.kg/20260820/aksh-ormuz-zhashyruun-koridor-1103083842.html
ЖМК: АКШ Ормуз кысыгындагы көмүскө жол менен мунай экспорттоодо
ЖМК: АКШ Ормуз кысыгындагы көмүскө жол менен мунай экспорттоодо
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-авг. – Sputnik. АКШ аскерлери мунай ташуу үчүн Ормуз кысыгы аркылуу жашыруун деңиз коридорун түзүшкөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу Axios порталы АКШ... 20.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-20T10:11+0600
2026-08-20T10:11+0600
2026-08-20T10:11+0600
дүйнөдө
акш
иран
дональд трамп
мунай
ормуз кысыгы
аскердик операция
деңиз
коридор
аскер
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0b/1100168704_0:61:3421:1985_1920x0_80_0_0_6684f16ba749151eced7c94dbd3ebfca.jpg
БИШКЕК, 20-авг. – Sputnik. АКШ аскерлери мунай ташуу үчүн Ормуз кысыгы аркылуу жашыруун деңиз коридорун түзүшкөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу Axios порталы АКШ администрациясындагы булактарына таянып кабарлады. Порталдын маалыматына караганда, бул операция акыркы эки айдан бери Омандын жээгин бойлой кеткен түштүк канал аркылуу ишке ашырылып келет. Схеманын алкагында күн сайын 15тен 20га чейин танкер Перс булуңуна кирип-чыгып, дүйнөлүк базарга орто эсеп менен суткасына 10 миллионго жакын баррель мунай жеткирип жатканы айтылууда. Бул согушка чейинки көлөмдүн дээрлик жарымын түзөт, ал эми айрым күндөрү көрсөткүчтөр 15-20 миллион баррелге чейин жетиши мүмкүн.Маалыматта белгиленгендей, аталган операцияны Перс булуңундагы өнөктөштөр менен макулдашуунун негизинде АКШ армиясынын 82-аба-десанттык дивизиясынын штабынан түзүлгөн атайын топ көзөмөлдөйт. Аскерлер БАЭ, Бахрейн жана Кувейттин портторуна багыт алган жүктөлгөн дагы, бош дагы кемелердин өтүүсүн уюштурушат. Танкерлер түнкү убакта АКШнын истребителдеринин туруктуу коргоосу астында белгиленген колонналар менен жылышат.Буга чейин Wall Street Journal жазгандай, Трамптын көзөмөл тууралуу сөздөрүнө карабай, чабуул коркунучу жана кымбаттаган камсыздандыруудан улам Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшү суткасына 130дан 26га чейин кескин кыскарган.Ошол эле учурда АКШнын Энергетика министрлигинин башчысы Крис Райт августтун башында билдиргендей, Перс булуңунан мунай ташуунун жалпы көлөмү Ормуз кысыгы аркылуу өткөрүү жана жаңыланган куур инфраструктурасынын эсебинен өсүп, суткасына орто эсеп менен 15 миллион баррелди түзгөн.Июнь айынын ортосунда Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине жол ачкан меморандумга кол коюшкан. Бирок үч жумадан кийин абал кайра курчуп, Кошмо Штаттар Иранды Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерди аткылады деп айыптагандан кийин ракеталык соккулар жанданган.Августтун башында Дональд Трамп пландалып жаткан келишимден улам Иранга чабуулду токтотконун жарыялап, кысык жакын арада ачыларын билдирген. Бирок эгер андай болбосо, соккулар уланарын убадалаган.
https://sputnik.kg/20260818/tramp-ormuzdu-akshnyn-ajmagy-dedi-1103058234.html
акш
иран
ормуз кысыгы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0b/1100168704_346:0:3075:2047_1920x0_80_0_0_a6351164fca647fd73a84161267aaab9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, иран, дональд трамп, мунай, ормуз кысыгы, аскердик операция, деңиз, коридор, аскер
дүйнөдө, акш, иран, дональд трамп, мунай, ормуз кысыгы, аскердик операция, деңиз, коридор, аскер
БИШКЕК, 20-авг. – Sputnik. АКШ аскерлери мунай ташуу үчүн Ормуз кысыгы аркылуу жашыруун деңиз коридорун түзүшкөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу
Axios порталы АКШ администрациясындагы булактарына таянып кабарлады.
“АКШнын аскерлери күн сайын миллиондогон баррель мунай ташуу үчүн Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүүчү коридор уюштурушту”, — деп айтылат макалада.
Порталдын маалыматына караганда, бул операция акыркы эки айдан бери Омандын жээгин бойлой кеткен түштүк канал аркылуу ишке ашырылып келет. Схеманын алкагында күн сайын 15тен 20га чейин танкер Перс булуңуна кирип-чыгып, дүйнөлүк базарга орто эсеп менен суткасына 10 миллионго жакын баррель мунай жеткирип жатканы айтылууда. Бул согушка чейинки көлөмдүн дээрлик жарымын түзөт, ал эми айрым күндөрү көрсөткүчтөр 15-20 миллион баррелге чейин жетиши мүмкүн.
Маалыматта белгиленгендей, аталган операцияны Перс булуңундагы өнөктөштөр менен макулдашуунун негизинде АКШ армиясынын 82-аба-десанттык дивизиясынын штабынан түзүлгөн атайын топ көзөмөлдөйт. Аскерлер БАЭ, Бахрейн жана Кувейттин портторуна багыт алган жүктөлгөн дагы, бош дагы кемелердин өтүүсүн уюштурушат. Танкерлер түнкү убакта АКШнын истребителдеринин туруктуу коргоосу астында белгиленген колонналар менен жылышат.
Буга чейин Wall Street Journal жазгандай, Трамптын көзөмөл тууралуу сөздөрүнө карабай, чабуул коркунучу жана кымбаттаган камсыздандыруудан улам Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшү суткасына 130дан 26га чейин кескин кыскарган.
Ошол эле учурда АКШнын Энергетика министрлигинин башчысы Крис Райт августтун башында билдиргендей, Перс булуңунан мунай ташуунун жалпы көлөмү Ормуз кысыгы аркылуу өткөрүү жана жаңыланган куур инфраструктурасынын эсебинен өсүп, суткасына орто эсеп менен 15 миллион баррелди түзгөн.
Июнь айынын ортосунда Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине жол ачкан меморандумга кол коюшкан. Бирок үч жумадан кийин абал кайра курчуп, Кошмо Штаттар Иранды Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерди аткылады деп айыптагандан кийин ракеталык соккулар жанданган.
Августтун башында Дональд Трамп пландалып жаткан келишимден улам Иранга чабуулду токтотконун жарыялап, кысык жакын арада ачыларын билдирген. Бирок эгер андай болбосо, соккулар уланарын убадалаган.