00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Айып пулуңуз бар, тез төлөңүз". Алдамчылардын жаңы кылтагы

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКибералдамчылык
Кибералдамчылык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2026
Жазылуу
Башкы прокуратура жарандарды жасалма "tolom.kg" сайттарынан сак болууга чакырды.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда tolom.kg мамлекеттик сервисине окшоштурулган фишинг-сайттар аркылуу жарандардын банктык карталарынын маалыматтарын уурдоо аракеттери көбөйдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура эскертти.
Маалыматка ылайык, жарандарга SMS аркылуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик электрондук порталынын" атынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул боюнча карызы бар экени тууралуу жасалма билдирүүлөр жөнөтүлүүдө. Анда жарандарды жасалма сайттарга алып барган шилтемелер камтылган. Алардын арасында tolom.p4zr.top, tolom.a7km.top жана tolom.pw өңдүү сайттар бар.
Расмий tolom.kg сервисинен айып пулдардын бар-жогун гана текшерүүгө болот. Ал төлөмдөрдү кабыл албайт жана банк картасынын реквизиттерин талап кылбайт.
Ал эми жасалма сайттар сырткы көрүнүшү боюнча мамлекеттик платформаларга окшоштурулуп, банк картасынын номерин, CVC/CVV кодун жана SMS аркылуу келген сыр сөздөрдү киргизүүнү талап кылат. Мындай маалыматтардын берилиши жарандардын акчасын уруксатсыз чыгарып кетиши мүмкүн.
Башкы прокуратура мамлекеттик органдар жана расмий төлөм сервистери айып пул төлөө үчүн жарандарга жеке билдирүү жөнөтүп, шилтеме жиберип, ага шашылыш өтүүнү талап кылбай турганын белгиледи.
Жарандарга белгисиз шилтемелерге кирбөө жана банк картасынын маалыматтарын үчүнчү тараптын сайттарына киргизбөө сунушталат. Айып пулдарды текшерүү үчүн расмий сайттын дарегин браузерге өз алдынча киргизүү, мамлекеттик порталдарды же Кыргызстандагы банктардын расмий мобилдик тиркемелерин колдонуу керек.
Алдамчылыкка туш болгон жарандарга укук коргоо органдарына дароо кайрылуу сунушталды.
Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2026
Кыргызстанда алдамчылыкка каршы атайын борбор түзүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0