https://sputnik.kg/20260731/1102718575.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди Ал Чолпон-Атадагы Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин бейформал... 31.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-31T13:00+0600
2026-07-31T13:00+0600
2026-07-31T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102718408_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f15a44a9ffc2d4dcd9571681c4c5228f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди Ал Чолпон-Атадагы Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышат.
Азербайжандын президенти бүгүн Ысык-Көлдө беш жылдыздуу “Баку” мейманканасы ачыларын айтты. “Бул — достук жана боордоштук мамилелерибиздин көрүнүшү, ошондой эле Азербайжандын Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон чакан салымы”, — деди Илхам Алиев.Ал эми Жапаров Илхам Алиевди дагы I даражадагы Манас ордени менен сыйлады. Буга чейин ушундай эле сыйлык Шавкат Мирзиеёвге да тапшырылган. Илхам Алиев Садыр Жапаровго Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Гейдар Алиев орденин ыйгарды Ал азербайжан лидеринин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Чолпон-Атада тапшырылды.
Азербайжан Кыргызстанга мунай продукцияларын сатууга даяр Энергетика министри Алтынбек Рысбеков сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында макулдук алынганын билдирди. Анын айтымында, учурда мунай заттарын жеткирүүнүн механизмдери иштелип жатат.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна курулуп жаткан Ala Tower мунарасынын курулушун жандандырууну талап кылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Аталган объектинин курулушу 2024-жылы башталган. Калаа башчысы "Шаако Строй" компаниясына бир айдын ичинде курулуш иштерин активдештирүүнү тапшырды. Болбосо компания менен түзүлгөн келишим бузулат. Ошондой эле мэр Байтик баатыр көчөсүндөгү №60, 62 жана 64 даректеринде жайгашкан курулуштарга барды. "Мастер Групп" компаниясы көп кабаттуу үйлөрдү 12 жылдан бери бүтүрө албай келет. Жунушалиев булардан да курулушту улантууну талап кылып, болбосо объектилерди мамлекеттин менчигине өткөрүүгө чейинки чаралар көрүлөрүн эскертти.
Бишкек мэриясы жеке унааларды колдонууга тыюу салууну көздөбөй турганын билдирди Алар президенттин жарлыгынын долбоорунда мындай чектөө киргизүү же тыюу салуу каралбаганы айтты. “Документтин негизги максаты — 2026–2030-жылдары жол инфраструктурасын жана коомдук транспортту жакшыртып, жол кыймылын башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү. Ал эми негиздеме-маалымкатта жазылган көйгөйлөр менен мүмкүн болуучу тобокелдиктер аналитикалык гана мүнөзгө ээ”, — деп жазылган муниципалитеттин маалыматында.
Окуу жылы 15-сентябрда башталганына карабастан, мугалимдер сентябрдын маянасын толук алышат. Маалыматты Sputnik агенттигине Агартуу министрлиги тастыктады. Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган. Кийин агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүндүгүн, азыр демилге талданып жатканын айткан.
Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров* Росфинмониторингдин террорчу жана экстремист делген тизмесине киргизилди. Бул туурасында аталган мекеменин сайтында кабарланган. Росфинмониторингдин тиешелүү реестрине кирген адамдарга жана уюмдарга ЖМКлар менен өз ара иштешүүгө, интернетке маалымат жайгаштырууга, коомдук иш-чараларды уюштурууга, шайлоого катышууга жана салыктарды төлөөгө тыюу салынат. Андан сырткары, айлык алуу жана зыяндын ордун толтуруу үчүн гана акча которгон кызматтарды пайдаланбаса, башкасынын бардыгына чектөө коюлат.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди Ал Чолпон-Атадагы Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышат.Азербайжандын президенти бүгүн Ысык-Көлдө беш жылдыздуу “Баку” мейманканасы ачыларын айтты. “Бул — достук жана боордоштук мамилелерибиздин көрүнүшү, ошондой эле Азербайжандын Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон чакан салымы”, — деди Илхам Алиев.Ал эми Жапаров Илхам Алиевди дагы I даражадагы Манас ордени менен сыйлады. Буга чейин ушундай эле сыйлык Шавкат Мирзиеёвге да тапшырылган. Илхам Алиев Садыр Жапаровго Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Гейдар Алиев орденин ыйгарды Ал азербайжан лидеринин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Чолпон-Атада тапшырылды. Азербайжан Кыргызстанга мунай продукцияларын сатууга даяр Энергетика министри Алтынбек Рысбеков сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында макулдук алынганын билдирди. Анын айтымында, учурда мунай заттарын жеткирүүнүн механизмдери иштелип жатат. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна курулуп жаткан Ala Tower мунарасынын курулушун жандандырууну талап кылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Аталган объектинин курулушу 2024-жылы башталган. Калаа башчысы "Шаако Строй" компаниясына бир айдын ичинде курулуш иштерин активдештирүүнү тапшырды. Болбосо компания менен түзүлгөн келишим бузулат. Ошондой эле мэр Байтик баатыр көчөсүндөгү №60, 62 жана 64 даректеринде жайгашкан курулуштарга барды. "Мастер Групп" компаниясы көп кабаттуу үйлөрдү 12 жылдан бери бүтүрө албай келет. Жунушалиев булардан да курулушту улантууну талап кылып, болбосо объектилерди мамлекеттин менчигине өткөрүүгө чейинки чаралар көрүлөрүн эскертти.Бишкек мэриясы жеке унааларды колдонууга тыюу салууну көздөбөй турганын билдирди Алар президенттин жарлыгынын долбоорунда мындай чектөө киргизүү же тыюу салуу каралбаганы айтты. “Документтин негизги максаты — 2026–2030-жылдары жол инфраструктурасын жана коомдук транспортту жакшыртып, жол кыймылын башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү. Ал эми негиздеме-маалымкатта жазылган көйгөйлөр менен мүмкүн болуучу тобокелдиктер аналитикалык гана мүнөзгө ээ”, — деп жазылган муниципалитеттин маалыматында. Окуу жылы 15-сентябрда башталганына карабастан, мугалимдер сентябрдын маянасын толук алышат. Маалыматты Sputnik агенттигине Агартуу министрлиги тастыктады. Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган. Кийин агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүндүгүн, азыр демилге талданып жатканын айткан.Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров* Росфинмониторингдин террорчу жана экстремист делген тизмесине киргизилди. Бул туурасында аталган мекеменин сайтында кабарланган. Росфинмониторингдин тиешелүү реестрине кирген адамдарга жана уюмдарга ЖМКлар менен өз ара иштешүүгө, интернетке маалымат жайгаштырууга, коомдук иш-чараларды уюштурууга, шайлоого катышууга жана салыктарды төлөөгө тыюу салынат. Андан сырткары, айлык алуу жана зыяндын ордун толтуруу үчүн гана акча которгон кызматтарды пайдаланбаса, башкасынын бардыгына чектөө коюлат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102718408_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b9a9bd8c5b798bffcb4761ecb3309342.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио