https://sputnik.kg/20260730/1102701952.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек арадагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын санын 15тен 30га чейин көбөйтүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу... 30.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-30T19:00+0600
2026-07-30T19:00+0600
2026-07-30T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102701786_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_18b13d28b10f29daa20588a542629ad0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек арадагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын санын 15тен 30га чейин көбөйтүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" маданий борборунда өткөн сүйлөшүүлөрдө билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, бул чечим чек арага жакын аймактардын тургундары көптөн бери күткөн кадам болду. "Эми адамдар бири-бирине эркин каттап, соода жүргүзүп, билим алып жана эс ала алышат. Өткөрүү жайларынын натыйжалуу иштеши эки өлкөнүн транзиттик жана транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтет", — деди Жапаров. Ал ошондой эле учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле тарыхтагы эң жакшы мезгилдердин бирин баштан кечирип жатканын белгиледи.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Тажик лидери Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан президентинин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
Мамлекеттик салык кызматы 31-июлда маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктады. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Бишкек, Манас жана Ош шаарларындагы коомдук тамактануу жайларын, мейманканаларды, күйүүчү-майлоочу май саткан жайларды, ошондой эле мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлерди камтыды. Жалпысынан 1,3 миңден ашык ишкердик субъект жана 2 миңден ашык объект жаңы системага кошулду. Пилоттук долбоордун жыйынтыгында катышуучулардын күнүмдүк орточо кирешеси 89,6 миң сомдон 153,4 миң сомго чейин өсүп, 171,3 пайызды түздү. Айрым ишканаларда бул көрсөткүч дээрлик төрт эсеге чейин көбөйгөн. Учурда Салык кызматы Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте фискалдык программалык камсыздоону өлкө боюнча этап-этабы менен киргизүүгө багытталган тиешелүү нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо. 1-августтан тартып система туруктуу режимде иштеп, фискалдык маалыматтарды салык органдарынын маалыматтык базасына үзгүлтүксүз өткөрүп турат.
Балыкчы шаарын айланып өткөн 6,4 чакырымдык жол курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун курулушу апрель айында башталган. Жол төрт тилкелүү болуп, анда үч айланма кесилиш, темир жол аркылуу өтүүчү көпүрө, 12 суу өткөрүүчү түтүк, туурасы 4,5 метрлик велосипед жолу жана унаа токтотуучу жай салынат. Учурда курулушта 34 даана техника жана 60 адис иштеп жатат. Жаңы жол шаардын борборундагы транзиттик унаалардын агымын азайтып, аймактар аралык каттамды жеңилдетет.
Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек арадагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын санын 15тен 30га чейин көбөйтүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" маданий борборунда өткөн сүйлөшүүлөрдө билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, бул чечим чек арага жакын аймактардын тургундары көптөн бери күткөн кадам болду. "Эми адамдар бири-бирине эркин каттап, соода жүргүзүп, билим алып жана эс ала алышат. Өткөрүү жайларынын натыйжалуу иштеши эки өлкөнүн транзиттик жана транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтет", — деди Жапаров. Ал ошондой эле учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле тарыхтагы эң жакшы мезгилдердин бирин баштан кечирип жатканын белгиледи.Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Тажик лидери Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан президентинин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди.Мамлекеттик салык кызматы 31-июлда маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктады. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Бишкек, Манас жана Ош шаарларындагы коомдук тамактануу жайларын, мейманканаларды, күйүүчү-майлоочу май саткан жайларды, ошондой эле мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлерди камтыды. Жалпысынан 1,3 миңден ашык ишкердик субъект жана 2 миңден ашык объект жаңы системага кошулду. Пилоттук долбоордун жыйынтыгында катышуучулардын күнүмдүк орточо кирешеси 89,6 миң сомдон 153,4 миң сомго чейин өсүп, 171,3 пайызды түздү. Айрым ишканаларда бул көрсөткүч дээрлик төрт эсеге чейин көбөйгөн. Учурда Салык кызматы Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте фискалдык программалык камсыздоону өлкө боюнча этап-этабы менен киргизүүгө багытталган тиешелүү нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо. 1-августтан тартып система туруктуу режимде иштеп, фискалдык маалыматтарды салык органдарынын маалыматтык базасына үзгүлтүксүз өткөрүп турат.Балыкчы шаарын айланып өткөн 6,4 чакырымдык жол курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун курулушу апрель айында башталган. Жол төрт тилкелүү болуп, анда үч айланма кесилиш, темир жол аркылуу өтүүчү көпүрө, 12 суу өткөрүүчү түтүк, туурасы 4,5 метрлик велосипед жолу жана унаа токтотуучу жай салынат. Учурда курулушта 34 даана техника жана 60 адис иштеп жатат. Жаңы жол шаардын борборундагы транзиттик унаалардын агымын азайтып, аймактар аралык каттамды жеңилдетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102701786_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_40f7c1508fa08f5378f9b8786d4eb046.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио