https://sputnik.kg/20260730/1102683544.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кытайдын Шанхай шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылыш аземи жана Кыргыз–Шанхай соода-экономикалык форуму өттү... 30.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-30T08:59+0600
2026-07-30T08:59+0600
2026-07-30T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102683378_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2fe0868c8919ea2831eab578368c0ec5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кытайдын Шанхай шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылыш аземи жана Кыргыз–Шанхай соода-экономикалык форуму өттү. Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, Шанхайдагы өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп Байыш Айдаралиев дайындалды. Ал кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин кызматташтыгын өнүктүрүүгө, инвестициялык долбоорлорду коштоого жана ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна чыгарууга көмөк көрсөтөт. Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, эркин экономикалык аймактары, ошондой эле соода, логистика, өнөр жай, энергетика, IT жана туризм тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өтүп, биргелешкен долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Өкүлчүлүктүн ачылышы менен Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, экспортту илгерилетүүгө жана өлкөгө инвестиция тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү белгиленди.
Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, мамлекеттик тизмеден чыгарууга жана алардын коргоо аймактарында жаңы курулуштарды жүргүзүүгө 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Ага ылайык, тарыхый имараттардын баалуулугун жоготту деп танууга, аларды тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, бузууга жана демонтаждоого 10 жылдык мөөнөткө тыюу салынат.Документте министрлер кабинетине мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айдын ичинде тарыхый-маданий мурас объектилерин толук каттап, эсеп-чоттоп чыгуу, мамлекеттик тизмеге кирген объектилердин коргоо аймактарынын так чек араларын аныктоо жана тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды мыйзамга ылайык келтирүү милдети жүктөлөт.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган "Жусуп" аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм фильм августтун аягында элге тартууланат.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кинокартина XX кылымдын I жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине берилгендигин баяндаарын кабарлады."Кинодолбоордо ошол доордун тарыхый атмосферасы кылдат жандантылып, тартуу иштери Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн", — деп маалыматта айтылган.
Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O "Кыргызстандын Гран-приси" эл аралык мелдешин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында пландалган бардык иштер аяктады. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык курулуш планынын алкагында бир катар иштер толугу менен аткарылды. Анда 2 чакырымга жакын аба жана кабелдик чубалгылар тартылды. Жалпы үч даана трансформатордук көмөкчордон орнотулду. Мындан тышкары, чемпионат өтүүчү күндөрү жооптуу объектилерди резервдик электр энергиясы менен камсыздоо үчүн тиешелүү локацияларга генераторлор даярдалып, жайгаштырылат. Ысык-Көл электр тармактар ишканасы чемпионаттын жүрүшүндө электр менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн нөөмөт режиминде иш алып барат.
Кытайдын Шанхай шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылыш аземи жана Кыргыз–Шанхай соода-экономикалык форуму өттү. Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, Шанхайдагы өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп Байыш Айдаралиев дайындалды. Ал кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин кызматташтыгын өнүктүрүүгө, инвестициялык долбоорлорду коштоого жана ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна чыгарууга көмөк көрсөтөт. Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, эркин экономикалык аймактары, ошондой эле соода, логистика, өнөр жай, энергетика, IT жана туризм тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өтүп, биргелешкен долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Өкүлчүлүктүн ачылышы менен Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, экспортту илгерилетүүгө жана өлкөгө инвестиция тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү белгиленди. Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, мамлекеттик тизмеден чыгарууга жана алардын коргоо аймактарында жаңы курулуштарды жүргүзүүгө 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Ага ылайык, тарыхый имараттардын баалуулугун жоготту деп танууга, аларды тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, бузууга жана демонтаждоого 10 жылдык мөөнөткө тыюу салынат.Документте министрлер кабинетине мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айдын ичинде тарыхый-маданий мурас объектилерин толук каттап, эсеп-чоттоп чыгуу, мамлекеттик тизмеге кирген объектилердин коргоо аймактарынын так чек араларын аныктоо жана тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды мыйзамга ылайык келтирүү милдети жүктөлөт.Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган "Жусуп" аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм фильм августтун аягында элге тартууланат.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кинокартина XX кылымдын I жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине берилгендигин баяндаарын кабарлады."Кинодолбоордо ошол доордун тарыхый атмосферасы кылдат жандантылып, тартуу иштери Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн", — деп маалыматта айтылган.Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O "Кыргызстандын Гран-приси" эл аралык мелдешин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында пландалган бардык иштер аяктады. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык курулуш планынын алкагында бир катар иштер толугу менен аткарылды. Анда 2 чакырымга жакын аба жана кабелдик чубалгылар тартылды. Жалпы үч даана трансформатордук көмөкчордон орнотулду. Мындан тышкары, чемпионат өтүүчү күндөрү жооптуу объектилерди резервдик электр энергиясы менен камсыздоо үчүн тиешелүү локацияларга генераторлор даярдалып, жайгаштырылат. Ысык-Көл электр тармактар ишканасы чемпионаттын жүрүшүндө электр менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн нөөмөт режиминде иш алып барат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102683378_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e61b48b1179cafa83d994d21a55e84c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио