https://sputnik.kg/20260731/1102711581.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Азербайжандын алакасы эң жогорку баскычка көтөрүлдү. Өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Илхам Алиев эки мамлекеттин мамилелери эң жогорку ... 31.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-31T11:00+0600
2026-07-31T11:00+0600
2026-07-31T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102711415_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f2780ee717a7b53c7b38dd97eb304b98.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Азербайжандын алакасы эң жогорку баскычка көтөрүлдү. Өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Илхам Алиев эки мамлекеттин мамилелери эң жогорку — союздаштык деңгээлге жеткенин билдирди. Алиев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодогу жана эл аралык аренадагы ордун жогорулатуудагы жетишкендиктерин белгиледи. “Биз дос жана боордош өлкө катары сиздердин ийгиликтерге дайыма кубанабыз. Боордош өлкөнүн жетишкендигин өзүбүздүкү катары кабыл алабыз”, — деди Алиев.
Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында Кыргызстандагы алгачкы эл аралык класстагы гольф-клубдун ачылыш аземи өтүүдө. Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров, өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышууда. Маалымдалгандай, эл аралык класстагы Golf Resort Issyk-Kul гольф-клубу 100 гектардан ашык аянты ээлейт. Бул ири долбоордун 70 гектары “линкс” стилиндеги 18 лункага ылайыкталган. Бул өлкөдө спорттук туризмди өнүктүрүгө чоң салым кошо турган заманбап объект болору айтылууда.
Кыргызстан Россиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү май алат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Аткаминер макулдашуу 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болорун айтты. Буга чейин кыргыз делегациясы күйүүчү май жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Россияга барган. Ал арада РФ өкмөтү күйүүчү майдын экспортуна чектөөнү 31-январга чейин узарткан. Жаңы чектөө быйылкы жылдын 1-августунан 2027-жылдын башына, тагыраагы, 31-январга чейин киргизилген.
Россиянын өкмөтү күйүүчү майдын экспортуна чектөөнү 31-январга чейин узартты. Бул туурасында РФ өкмөтүнүн сайтында маалымдалды. Жаңы чектөө байылкы жылдын 1-августунан 2027-жылдын башына, тагыраагы, 31-январга чейин киргизилди. Ал эми дизель, кеме отунун жана газойлду өндүрүүчүлөргө карата чектөө 1-сентябрга чейин гана колдонулат. Андан кийин бул продукцияларды түздөн-түз өндүргөн ишканалар экспорттой алат. Анткен менен маалыматта бир пункт белгиленген. "Мындан тышкары, өкмөттүн чечиминин негизинде эл аралык өкмөттөр ортосунда макулдашуулардын алкагында жана чет мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн отунду алып чыгууга уруксат берилет", — деп айтылган сайтта. Кыргызстанда соңку күндөрү күйүүчү жана майлоочу майдын бир катар түрлөрүнө баа кескин кымбаттап кетти. Бул кырдаал Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор дрон чабуулдарына кабылганына байланыштуу жаралганын мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришкен. Анткен менен өкмөт жана Монополияга каршы кызмат бензиндин, дизелдик майдын жана суюлтулган газдын чекене баасын бекиткен.
Дүйнөлүк футболдо чоң жаңжал. УЕФАнын 55 мүчөсү ФИФАнын турнирлерине бойкот жарыялады Бул ФИФА дүйнө чемпионаты менен башка турнирлерди башкаруучу компаниянын үлүшүн жеке инвесторлорго сатуу планынан баш тартмайынча уланат. УЕФА бул сунуш жашыруун жана кеңешилбей даярдалганын сынга алып, аны ФИФАнын дүйнөлүк футбол алдындагы милдетинен баш тартуусу деп атады. CONCACAF да долбоорду четке какты, бирок бойкотко кошулганын жарыялаган жок. ФИФАнын планы боюнча 20 млрд долларга бааланган жаңы компаниянын 20 пайызга чейинки үлүшү жеке инвесторлорго сатылышы мүмкүн.
Кыргызстан менен Азербайжандын алакасы эң жогорку баскычка көтөрүлдү. Өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Илхам Алиев эки мамлекеттин мамилелери эң жогорку — союздаштык деңгээлге жеткенин билдирди. Алиев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодогу жана эл аралык аренадагы ордун жогорулатуудагы жетишкендиктерин белгиледи. “Биз дос жана боордош өлкө катары сиздердин ийгиликтерге дайыма кубанабыз. Боордош өлкөнүн жетишкендигин өзүбүздүкү катары кабыл алабыз”, — деди Алиев.Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында Кыргызстандагы алгачкы эл аралык класстагы гольф-клубдун ачылыш аземи өтүүдө. Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров, өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышууда. Маалымдалгандай, эл аралык класстагы Golf Resort Issyk-Kul гольф-клубу 100 гектардан ашык аянты ээлейт. Бул ири долбоордун 70 гектары “линкс” стилиндеги 18 лункага ылайыкталган. Бул өлкөдө спорттук туризмди өнүктүрүгө чоң салым кошо турган заманбап объект болору айтылууда.Кыргызстан Россиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү май алат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Аткаминер макулдашуу 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болорун айтты. Буга чейин кыргыз делегациясы күйүүчү май жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Россияга барган. Ал арада РФ өкмөтү күйүүчү майдын экспортуна чектөөнү 31-январга чейин узарткан. Жаңы чектөө быйылкы жылдын 1-августунан 2027-жылдын башына, тагыраагы, 31-январга чейин киргизилген.Россиянын өкмөтү күйүүчү майдын экспортуна чектөөнү 31-январга чейин узартты. Бул туурасында РФ өкмөтүнүн сайтында маалымдалды. Жаңы чектөө байылкы жылдын 1-августунан 2027-жылдын башына, тагыраагы, 31-январга чейин киргизилди. Ал эми дизель, кеме отунун жана газойлду өндүрүүчүлөргө карата чектөө 1-сентябрга чейин гана колдонулат. Андан кийин бул продукцияларды түздөн-түз өндүргөн ишканалар экспорттой алат. Анткен менен маалыматта бир пункт белгиленген. "Мындан тышкары, өкмөттүн чечиминин негизинде эл аралык өкмөттөр ортосунда макулдашуулардын алкагында жана чет мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн отунду алып чыгууга уруксат берилет", — деп айтылган сайтта. Кыргызстанда соңку күндөрү күйүүчү жана майлоочу майдын бир катар түрлөрүнө баа кескин кымбаттап кетти. Бул кырдаал Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор дрон чабуулдарына кабылганына байланыштуу жаралганын мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришкен. Анткен менен өкмөт жана Монополияга каршы кызмат бензиндин, дизелдик майдын жана суюлтулган газдын чекене баасын бекиткен.Дүйнөлүк футболдо чоң жаңжал. УЕФАнын 55 мүчөсү ФИФАнын турнирлерине бойкот жарыялады Бул ФИФА дүйнө чемпионаты менен башка турнирлерди башкаруучу компаниянын үлүшүн жеке инвесторлорго сатуу планынан баш тартмайынча уланат. УЕФА бул сунуш жашыруун жана кеңешилбей даярдалганын сынга алып, аны ФИФАнын дүйнөлүк футбол алдындагы милдетинен баш тартуусу деп атады. CONCACAF да долбоорду четке какты, бирок бойкотко кошулганын жарыялаган жок. ФИФАнын планы боюнча 20 млрд долларга бааланган жаңы компаниянын 20 пайызга чейинки үлүшү жеке инвесторлорго сатылышы мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102711415_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b89a83b48eae7190493c0b107086e541.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио