https://sputnik.kg/20260730/1102695260.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
“Рух-Ордодо” Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуусу болду. Өзбек президентинин мамлекеттик сапарынын урматына Улуттук Гвардиянын ардак... 30.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-30T15:00+0600
2026-07-30T15:00+0600
2026-07-30T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102695094_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f53c649a4a8458d46bf11cc35aff4af5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
“Рух-Ордодо” Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуусу болду. Өзбек президентинин мамлекеттик сапарынын урматына Улуттук Гвардиянын ардак кароолу тизилип, кызыл килем төшөлгөн. Эки өлкөнүн гимни жаңырып, Шавкат Мирзиёев аскерлерге салам берди. Андан соң президенттер делегация мүчөлөрүн тааныштырган. Протоколдук жөрөлгөлөрдөн кийин лидерлер сүйлөшүүгө кирип кетишкен.
Лейлекте мыйзамсыз көмүр казуудан мамлекетке 201,5 млн сом зыян келтирилген. Башкы прокуратура билдиргендей, текшерүүдө “К-А” жана “К-А П” ишканалары бөлүнгөн тилкелерден тышкары 100 миң 519 чарчы метр токой жеринин кыртышын бузуп, 739,5 куб калдык төккөнү аныкталган. Мындан улам токойго 66,3 млн сом зыян келтирилип, жаратылышты пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн төлөнбөгөнүнөн бюджетке 135,2 млн сом түшпөй калган. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары мыйзамсыз иштерди өз убагында токтотпой, ишканалардын ишмердигине шарт түзгөн деп шектелүүдө.
Кыргызстанда 1-августтан баштап Ош менен Манаска учак билеттери кымбаттайт. Asman Airlines авиакомпаниясы күйүүчү майдын баасы 32 пайызга жогорулаганына байланыштуу билет бааларын көтөрүүдө. Бир тарапка билеттердин жаңы баасы: Бишкек — Ош — Бишкек: 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин; Бишкек — Манас — Бишкек: 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин. Мурда билеттер 3 600 сомдон 5 500 сомго чейин болчу. Билеттин акыркы баасы аны кайсы күнү сатып алганыңызга, учактагы орундардын толуктугуна жана тандаган тарифке жараша өзгөрөт.
Үстүбүздөгү жылдын январь–май айларында Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалымдалгандай, бул көрсөткүч менен өлкө Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) Беларустан кийинки экинчи орунду ээледи. Беларуста өсүш 4,3 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда Кыргызстан эт жана жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунга чыкты. Өлкөдө эт өндүрүү 3,8 пайызга, ал эми жумуртка өндүрүү 24,4 пайызга жогорулаган.
Ысык-Көлдө өтө турган суу-мотордук спорт боюнча дүйнө чемпионаты — UIM F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan мелдешине белгилүү актёр Жан-Клод Ван Дамм ардактуу конок катары келиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу-мотордук спорт федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов билдирди. Анын айтымында, уюштуруучулар дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чанга жана футболчу Криштиану Роналдуга да чакыруу жөнөтүшкөн. "Жеки Чанга бир нече жолу чакыруу жөнөттүк. Бирок анын иш графиги абдан тыгыз болгондуктан жооп күтүп жатабыз. Анын келерин азырынча так айта албайбыз", — деди Абылкасымов. Федерация башчысы кошумчалагандай, учурда Жан-Клод Ван Даммдын келиши күтүлүүдө. Актёрду алып келе турган учак азыр Мадридде турат. Айбек Абылкасымов дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү инсандарды чакыруу мелдешти даярдоодогу эң татаал иштердин бири экенин белгиледи. "Келечекте бул спорт түрүнө көптөгөн белгилүү инсандар кызыгат деп үмүттөнөбүз", — деди ал. Белгилей кетсек, UIM F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan суу-мотордук спорт боюнча дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.
“Рух-Ордодо” Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуусу болду. Өзбек президентинин мамлекеттик сапарынын урматына Улуттук Гвардиянын ардак кароолу тизилип, кызыл килем төшөлгөн. Эки өлкөнүн гимни жаңырып, Шавкат Мирзиёев аскерлерге салам берди. Андан соң президенттер делегация мүчөлөрүн тааныштырган. Протоколдук жөрөлгөлөрдөн кийин лидерлер сүйлөшүүгө кирип кетишкен.Лейлекте мыйзамсыз көмүр казуудан мамлекетке 201,5 млн сом зыян келтирилген. Башкы прокуратура билдиргендей, текшерүүдө “К-А” жана “К-А П” ишканалары бөлүнгөн тилкелерден тышкары 100 миң 519 чарчы метр токой жеринин кыртышын бузуп, 739,5 куб калдык төккөнү аныкталган. Мындан улам токойго 66,3 млн сом зыян келтирилип, жаратылышты пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн төлөнбөгөнүнөн бюджетке 135,2 млн сом түшпөй калган. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары мыйзамсыз иштерди өз убагында токтотпой, ишканалардын ишмердигине шарт түзгөн деп шектелүүдө. Кыргызстанда 1-августтан баштап Ош менен Манаска учак билеттери кымбаттайт. Asman Airlines авиакомпаниясы күйүүчү майдын баасы 32 пайызга жогорулаганына байланыштуу билет бааларын көтөрүүдө. Бир тарапка билеттердин жаңы баасы: Бишкек — Ош — Бишкек: 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин; Бишкек — Манас — Бишкек: 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин. Мурда билеттер 3 600 сомдон 5 500 сомго чейин болчу. Билеттин акыркы баасы аны кайсы күнү сатып алганыңызга, учактагы орундардын толуктугуна жана тандаган тарифке жараша өзгөрөт.Үстүбүздөгү жылдын январь–май айларында Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалымдалгандай, бул көрсөткүч менен өлкө Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) Беларустан кийинки экинчи орунду ээледи. Беларуста өсүш 4,3 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда Кыргызстан эт жана жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунга чыкты. Өлкөдө эт өндүрүү 3,8 пайызга, ал эми жумуртка өндүрүү 24,4 пайызга жогорулаган.Ысык-Көлдө өтө турган суу-мотордук спорт боюнча дүйнө чемпионаты — UIM F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan мелдешине белгилүү актёр Жан-Клод Ван Дамм ардактуу конок катары келиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу-мотордук спорт федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов билдирди. Анын айтымында, уюштуруучулар дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чанга жана футболчу Криштиану Роналдуга да чакыруу жөнөтүшкөн. "Жеки Чанга бир нече жолу чакыруу жөнөттүк. Бирок анын иш графиги абдан тыгыз болгондуктан жооп күтүп жатабыз. Анын келерин азырынча так айта албайбыз", — деди Абылкасымов. Федерация башчысы кошумчалагандай, учурда Жан-Клод Ван Даммдын келиши күтүлүүдө. Актёрду алып келе турган учак азыр Мадридде турат. Айбек Абылкасымов дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү инсандарды чакыруу мелдешти даярдоодогу эң татаал иштердин бири экенин белгиледи. "Келечекте бул спорт түрүнө көптөгөн белгилүү инсандар кызыгат деп үмүттөнөбүз", — деди ал. Белгилей кетсек, UIM F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan суу-мотордук спорт боюнча дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102695094_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_159ce02561d3aeeb6c7a7ae94ca05d23.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио