https://sputnik.kg/20260730/1102690948.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен келди. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” кабарлады. Коңшу өлкөнүн башчысын Садыр... 30.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-30T13:00+0600
2026-07-30T13:00+0600
2026-07-30T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102690782_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_933c34409013ff88ce4c139c85ff3b45.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен келди. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” кабарлады. Коңшу өлкөнүн башчысын Садыр Жапаров “Тамчы” аэропортунан тосуп алды. Сапардын жүрүшүндө бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда. Анын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу пландалууда.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов "75чилердин каты" боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу адвокат Sputnik агенттигине ырастады. Ал эми бул иш боюнча айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев жогорку инстанцияга даттанбаганын, азырынча андай ою жок экенин айтты. Калган алты адам кийинки инстанцияга арыз берген-бербегени азырынча белгисиз.
Бишкектеги "Мадина" базары 1-августтан тарта жабылбайт, ишкерлерге көчүү үчүн кошумча убакыт берилет. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин базарды жабуу боюнча берилген билдирме кайра чакыртып алынат. Соодагерлерге жаңы базарга этап-этабы менен көчүп жайгашуусу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилмекчи. Калаа башчысы белгилегендей, "Мадина" базары да, жаңы соода жайы да жеке менчикке таандык. Ошондой болсо да мэрия ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоону улантат. Жунушалиев жаңы базар текшерилгенде соода башталганга чейин оңдолушу керек болгон кемчиликтер аныкталганын айтты. Ошондой эле анын ээлерине ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган. Мэр соода орундарын ижарага алуу укугун өткөрүп берүү же сатуу мыйзамда каралбаганын эске салды. Анын айтымында, буга чейин мындай "укуктар" үчүн 1 чарчы метрине 3 миң доллардан баштап, айрым учурларда 240 миң долларга чейин акча талап кылынган. Шаар башчысы бул көрүнүшкө укуктук баа берилип, токтотулушу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал шаар тургундарынан "Мадина" базарынын санитардык абалы, унаалардын башаламан токтотулушу жана коомдук тамактануучу жайлары боюнча көптөгөн даттануулар түшүп жатканын кошумчалады.
Ысык-Көлдө кайыктар жарышы боюнча дүйнө чемпионаты — Формула 1 мелдешин өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, бул масштабдуу иш-чара Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн тарыхый окуя болуп саналат. Мелдештер 31-июлдан 2-августка чейин созулат. Чемпионатты уюштурууга КР министрлер кабинети, Эл аралык суу спорту федерациясы, "Формула-1" долбоору жана Кыргызстандын Суу-мотордук спорт федерациясы биргелешип даярдык көргөн. Уюштуруучулар белгилегендей, гран-приге 30дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, 20 эл аралык команда жана дүйнөнүн эң мыкты 20 пилоту катышат. Жалпысынан 25 миңге жакын конок келери күтүлүүдө. Мелдеш үчүн Ысык-Көлдүн Бает айылында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган эл аралык деңгээлдеги атайын аянтча даярдалды.
Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен келди. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” кабарлады. Коңшу өлкөнүн башчысын Садыр Жапаров “Тамчы” аэропортунан тосуп алды. Сапардын жүрүшүндө бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда. Анын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу пландалууда. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов "75чилердин каты" боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу адвокат Sputnik агенттигине ырастады. Ал эми бул иш боюнча айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев жогорку инстанцияга даттанбаганын, азырынча андай ою жок экенин айтты. Калган алты адам кийинки инстанцияга арыз берген-бербегени азырынча белгисиз. Бишкектеги "Мадина" базары 1-августтан тарта жабылбайт, ишкерлерге көчүү үчүн кошумча убакыт берилет. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин базарды жабуу боюнча берилген билдирме кайра чакыртып алынат. Соодагерлерге жаңы базарга этап-этабы менен көчүп жайгашуусу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилмекчи. Калаа башчысы белгилегендей, "Мадина" базары да, жаңы соода жайы да жеке менчикке таандык. Ошондой болсо да мэрия ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоону улантат. Жунушалиев жаңы базар текшерилгенде соода башталганга чейин оңдолушу керек болгон кемчиликтер аныкталганын айтты. Ошондой эле анын ээлерине ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган. Мэр соода орундарын ижарага алуу укугун өткөрүп берүү же сатуу мыйзамда каралбаганын эске салды. Анын айтымында, буга чейин мындай "укуктар" үчүн 1 чарчы метрине 3 миң доллардан баштап, айрым учурларда 240 миң долларга чейин акча талап кылынган. Шаар башчысы бул көрүнүшкө укуктук баа берилип, токтотулушу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал шаар тургундарынан "Мадина" базарынын санитардык абалы, унаалардын башаламан токтотулушу жана коомдук тамактануучу жайлары боюнча көптөгөн даттануулар түшүп жатканын кошумчалады.Ысык-Көлдө кайыктар жарышы боюнча дүйнө чемпионаты — Формула 1 мелдешин өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, бул масштабдуу иш-чара Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн тарыхый окуя болуп саналат. Мелдештер 31-июлдан 2-августка чейин созулат. Чемпионатты уюштурууга КР министрлер кабинети, Эл аралык суу спорту федерациясы, "Формула-1" долбоору жана Кыргызстандын Суу-мотордук спорт федерациясы биргелешип даярдык көргөн. Уюштуруучулар белгилегендей, гран-приге 30дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, 20 эл аралык команда жана дүйнөнүн эң мыкты 20 пилоту катышат. Жалпысынан 25 миңге жакын конок келери күтүлүүдө. Мелдеш үчүн Ысык-Көлдүн Бает айылында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган эл аралык деңгээлдеги атайын аянтча даярдалды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102690782_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6de2fe514784ea33c7183a7b57461c21.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио