https://sputnik.kg/20260728/ekoislamikbankka-salyngan-sanktsiyalar-boyuncha-1102654819.html
Улуттук банк "ЭкоИсламикБанкка" салынган санкциялар боюнча үн катты
Улуттук банк "ЭкоИсламикБанкка" салынган санкциялар боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Улуттук банк Евробиримдиктин "ЭкоИсламикБанкка" каршы киргизген санкцияларынан кийин өлкөнүн банк сектору туруктуу иштеп жатканын... 28.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-28T13:16+0600
2026-07-28T13:16+0600
2026-07-28T13:16+0600
кыргызстан
санкциялар
улуттук банк
экономика жана коммерция министрлиги
экоисламикбанк
евробиримдик
https://sputnik.kg/img/102682/03/1026820344_0:228:2314:1530_1920x0_80_0_0_672c18f310248849e1bf65ea0aedeeb7.jpg
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Улуттук банк Евробиримдиктин "ЭкоИсламикБанкка" каршы киргизген санкцияларынан кийин өлкөнүн банк сектору туруктуу иштеп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, коммерциялык банктар кадимки режимде иштеп, кардарларга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүдө. Улуттук банк кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзөрүн жана зарыл болгон учурда санкциялардын өлкөнүн финансылык системасына тийгизген таасирин азайтуу үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн белгиледи. Ошол эле учурда Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык санкциялык режимдердин талаптарын сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга арналган жумушчу кеңешме өткөнүн маалымдады. Министр Бакыт Сыдыков мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген. Министрликтин маалыматына караганда, эл аралык өнөктөштөр Кыргызстан санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө боюнча көрүп жаткан чараларга оң баа беришкен. Алар санкциялык тобокелдик жогору болгон компанияларды текшерүү жана кошумча көзөмөлдү талап кылган субъектилерди аныктоо багытындагы иштерде жылыш бар экенин белгилешкен. Жумушчу кеңешмеде "ЭкоИсламикБанктын" өкүлдөрү банк мыйзамдардын, эл аралык санкциялардын жана ички көзөмөл эрежелеринин талаптарын сактоо менен иш алып барарын билдиришкен. Банк жакынкы күндөрү колдонулуп жаткан комплаенс-көзөмөл чаралары тууралуу кошумча маалыматты Батыштагы өнөктөштөргө жөнөтүү үчүн мамлекеттик органдарга берүүнү пландап жатат. Өз кезегинде мамлекеттик органдар мыйзамдын алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкен. Министрлик ошондой эле акыркы үч жумада санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча бир катар чаралар көрүлгөнүн маалымдады. Анын алкагында "Шисан", "Рама Групп" жана "Нова Проект" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгү токтотулуп, бир криптокомпаниянын лицензиясы жокко чыгарылган. Мындан тышкары, июнь айынын аягынан бери санкциялык тобокелдиги жогору деп эсептелген 40ка жакын компания аныкталып, аларга карата текшерүү жүрүп жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдарга бул иштерди бир жуманын ичинде жыйынтыктоо тапшырмасы берилген. Буга чейин Евробиримдик санкциялардын 21-пакетин кабыл алып, үчүнчү өлкөлөрдөгү бир катар юридикалык жактарды тизмеге киргизген. Анын ичинде Кыргызстандагы "ЭкоИсламикБанк", ошондой эле Бишкекте катталган "А7-Нигерия", "А7-Африка", "Нова Проект", "Рама Групп" жана "Шисан" компаниялары да бар. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, банк Россиянын финансылык билдирүүлөрдү өткөрүү тутумун колдонгон, ал эми айрым компаниялар РФтин аскердик-өнөр жай комплексине көмөк көрсөткөн деген жүйө менен санкцияга алынган.
https://sputnik.kg/20260604/kyrgyzstan-buuda-sanktsiyalardy-kirgizuu-tartibin-ozgortuunu-sunushtayt-1101713488.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102682/03/1026820344_0:11:2314:1747_1920x0_80_0_0_a4d42003d224e802a3fb797d0506d9ea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, санкциялар, улуттук банк, экономика жана коммерция министрлиги, экоисламикбанк, евробиримдик
кыргызстан, санкциялар, улуттук банк, экономика жана коммерция министрлиги, экоисламикбанк, евробиримдик
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Улуттук банк Евробиримдиктин "ЭкоИсламикБанкка" каршы киргизген санкцияларынан кийин өлкөнүн банк сектору туруктуу иштеп жатканын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, коммерциялык банктар кадимки режимде иштеп, кардарларга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүдө. Улуттук банк кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзөрүн жана зарыл болгон учурда санкциялардын өлкөнүн финансылык системасына тийгизген таасирин азайтуу үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн белгиледи.
Ошол эле учурда Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык санкциялык режимдердин талаптарын сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга арналган жумушчу кеңешме өткөнүн маалымдады.
Министр Бакыт Сыдыков мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.
Министрликтин маалыматына караганда, эл аралык өнөктөштөр Кыргызстан санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө боюнча көрүп жаткан чараларга оң баа беришкен. Алар санкциялык тобокелдик жогору болгон компанияларды текшерүү жана кошумча көзөмөлдү талап кылган субъектилерди аныктоо багытындагы иштерде жылыш бар экенин белгилешкен. Жумушчу кеңешмеде "ЭкоИсламикБанктын" өкүлдөрү банк мыйзамдардын, эл аралык санкциялардын жана ички көзөмөл эрежелеринин талаптарын сактоо менен иш алып барарын билдиришкен.
Банк жакынкы күндөрү колдонулуп жаткан комплаенс-көзөмөл чаралары тууралуу кошумча маалыматты Батыштагы өнөктөштөргө жөнөтүү үчүн мамлекеттик органдарга берүүнү пландап жатат. Өз кезегинде мамлекеттик органдар мыйзамдын алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкен.
Министрлик ошондой эле акыркы үч жумада санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча бир катар чаралар көрүлгөнүн маалымдады. Анын алкагында "Шисан", "Рама Групп" жана "Нова Проект" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгү токтотулуп, бир криптокомпаниянын лицензиясы жокко чыгарылган.
Мындан тышкары, июнь айынын аягынан бери санкциялык тобокелдиги жогору деп эсептелген 40ка жакын компания аныкталып, аларга карата текшерүү жүрүп жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдарга бул иштерди бир жуманын ичинде жыйынтыктоо тапшырмасы берилген.
Буга чейин Евробиримдик санкциялардын 21-пакетин кабыл алып, үчүнчү өлкөлөрдөгү бир катар юридикалык жактарды тизмеге киргизген. Анын ичинде Кыргызстандагы "ЭкоИсламикБанк", ошондой эле Бишкекте катталган "А7-Нигерия", "А7-Африка", "Нова Проект", "Рама Групп" жана "Шисан" компаниялары да бар. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, банк Россиянын финансылык билдирүүлөрдү өткөрүү тутумун колдонгон, ал эми айрым компаниялар РФтин аскердик-өнөр жай комплексине көмөк көрсөткөн деген жүйө менен санкцияга алынган.